«Мюнхен 2025» коопсуздук конференциясы жана Батыштын эки ажырымы

64
0

«Мюнхен 2025» коопсуздук конференциясы жана Батыштын эки ажырымы

Германиянын Мюнхен шаарында 2025-жылдын 14–16-февралында 61-Мюнхен коопсуздук конференциясы өттү. Бул иш-чарада Батыштын эки канаты болгон АКШ жана Европа арасындагы ажырым айкын көрүндү. Бул конференция эмне үчүн өткөрүлдү жана эмнеге мындай ажырым пайда болду?

Мюнхен коопсуздук конференциясынын тарыхына көз чаптыруу

Бул конференция 1963-жылы немис флейдмаршалы жана экинчи дүйнөлүк согуштун офицери Эвальд фон Кляйст тарабынан «Диалог аркылуу тынчтык» урааны менен негизделген. Ал жана анын үй-бүлөсү Гитлерге жана согушка каршы болгон жана 1944-жылы Гитлерге каршы төңкөрүш аракетине катышууда айыпталган.

Германия бул идеяны колдоду, анткени согуштан кийин анын башкаруу системасы өзгөрүп, согуштук амбицияларын токтотуп, ири мамлекет катары кайрадан калыптануунун башка жолдорун издей баштады. Аскердик күчүн жогорку деңгээлде өнүктүрүүгө тыюу салынган. 1949-жылы биринчи өкмөттү түзгөн канцлер Конрад Аденауэр баштаган немис жетекчилери Гитлердин саясатына жана согуштарга каршы чыккан адамдардан болгон.

1963-жылдан бери бул конференция жыл сайын февраль айында өткөрүлүп келет. 1991-жылы (Биринчи Перс булуңу согушу) жана 1997-жылы (негиздөөчүсүнүн пенсияга чыгышы) себептүү гана үзгүлтүккө учураган. Конференция учурдагы жана келечектеги коопсуздук көйгөйлөрүн талкуулоого арналган эл аралык иш-чарага айланды. Ага 60тан ашуун мамлекеттин лидерлери, расмий өкүлдөрү жана дипломаттары катышат. Ири державалар бул платформаны өз саясатын коргоо жана глобалдык коомдук пикирди өз пайдасына буруу үчүн колдонушат.

1992-жылдагы конференцияда, Советтер Союзу кулагандан кийин, Батыш мамлекеттери бул «коркунучтун» жоголушуна канааттанганын билдиришкен. Бирок АКШ ошол жылы жаңы душман катары «саясий исламды» белгилеп, Батыш мамлекеттери бул идеяга дароо колдоо көрсөтүшкөн. Бул көз карашты ошол кездеги АКШнын коргоо министри Дик Чейни билдирген. Кийин ал Кичүү Буш доорунда вице-президент болуп, «Чоң Жакынкы Чыгыш» долбоорун ишке ашыруу үчүн 2001-жылы Ооганстанга, 2003-жылы Иракка бастырып кирүүнү пландагандардын бири болгон.

2003-жылдагы конференцияда Батыш мамлекеттери ортосунда тирешүү башталган. Анткени Франция менен Германия АКШнын Иракка согуш ачуу планына каршы чыккан. Бул эки өлкө кийинчерээк Россия менен биргеликте Вашингтондун саясатына каршы блок түзүшкөн. 2015-жылкы конференцияда дагы бир ажырым жаралган. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Украинаны курал-жарак менен камсыздап, Россияга каршы согушту даярдоону сунуш кылган. Бирок Франция менен Германия муну четке кагып, Россия, Украина жана Европа ортосунда Минск келишимине кол коюлган.

2025-жылкы конференциядагы АКШ менен Европанын тирешүүсү

2025-жылдагы жыйында АКШ менен Европа мамлекеттеринин ортосунда кайрадан келишпестиктер байкалды. Германия өзүн Европанын лидер мамлекетинин ролунда көрсөтүүгө аракет кылды. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер ачылыш сөзүндө мындай деди: «Сиздер Германияга ишенсеңиздер болот. Өнөктөштөрүбүзгө жана досторубузга айтаарым, Германиянын тышкы жана коопсуздук саясаты Европа менен атлантикалык өнөктөштүктө, көп тараптуу кызматташтык боюнча калат. Биз өз кызыкчылыктарыбызды коргойбуз, биргелешкен чечимдерди издейбиз жана эл аралык шериктештигибизди кеңейтүүгө аракет кылабыз. Европа – Германия саясатынын негизги тиреги болуп кала берет».

Ошондо АКШнын вице-президенти Вэнс ага жооп кайтарып, европалыктарды кескин сынга алып мындай деди: «Европада сөз эркиндиги артка кетип жатат жана президент Трамптын администрациясы бул укукту коргоо үчүн күрөшөт… Вашингтондо эми жаңы шериф бар, шаардагы полициянын жаңы жетекчиси Америка».

Бул билдирүү аркылуу ал АКШнын дүйнөлүк «полиция башчысы» экенин жарыялап, Европаны эгер АКШнын көзөмөлүнөн чыгып, баш ийбей койсо, жазалай турганын эскертти. Ал Европаны басынтып, Американын үстөмдүгүн кабыл алууга аргасыз кылуу аракетинде болду. Вэнс мындай деди: «Мен үчүн Европадагы эң чоң коркунуч Россия да, Кытай да, башка сырткы күчтөр да эмес. Мени эң кооптонткон коркунуч бул Европанын өз ичиндеги көйгөй. Анын айрым негизги баалуулуктарынан артка чегиниши. Мен Британияда жана Европанын башка аймактарында сөз эркиндиги солгундап жатканынан чочулайм».

Ал Германиянын улутчул партиясы “Германияга Альтернатива” (AfD) партиясы менен тилектештигин билдирип, анын лидери Алис Вайдел менен жолугушту. Башка партиялар бул кыймыл менен кызматташпагандыктан, ал бул “тоскоолдуктарга” каршы чыкты. Бирок ошол эле учурда, Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушуудан баш тартып, аны мазактагандай болду. Бул кадам АКШнын Германиянын нацизмден алыстоо саясатына каршы экенин жана Европа биримдигин алсыратуу максатын көздөгөнүн билдирди.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус ага жооп берип, “Европадагы сөз эркиндигине байланыштуу мындай сындар кабыл алынгыс” деп билдирди. Конференциянын башчысы Кристоф Хойсген конференциянын жыйынтыгын жыйынтыктап жатып, кейиген абалда мындай деди: “Бул жылдагы жыйын Европанын коркунучтуу түшү болду. Америка, Трамптын жетекчилиги астында, таптакыр башка дүйнөдө жашап жатат. Бизге жалпы принциптерден ажыроо коркунучу жаралууда”. Ал Батыштын биримдиги кыйроосуна өкүнүп, “алар бир үй-бүлө эмес, ар ким өз кызыкчылыгын көздөп, башкаларга үстөмдүк кылууга аракет кылууда” деп белгиледи. Мурдагыдай жалпы капиталисттик идеялар аларды бириктирбей калды, анткени капитализмдин негизи материалдык кызыкчылыкка негизделген жана анын жактоочуларынын ортосундагы күрөштү күчөттү.

АКШнын “сөз эркиндигин коргоо” саясаты чынында улутчул-экстремисттик, нацисттик топтордун эркиндигин колдойт. Ал эми мусулмандар үчүн тескерисинче, алардын үнүн басып, исламий идеяларды айтуусуна тоскоол болот. Батыштын каалоосу боюнча гана сүйлөшүүгө уруксат берилет, бирок анын саясаттарын, идеяларын жана “Израилди” колдоосун сындоого болбойт.

Америка Европаны өз көзөмөлүндө кармап турууну каалайт жана анын көз карандысыздыкка умтулушун басуу үчүн ичинен ыдыратууну көздөйт. Бул үчүн ал улутчул, Европа Биримдигине каршы партияларды колдоп, аларды бийликке алып келип, өлкөлөрдүн биримдиктен чыгуусуна көмөктөшүүдө. Британиянын Европадан чыгышы (Brexit) – ушул саясаттын бир мисалы. Европа Биримдигин жана анын долларга атаандаш болгон валютасын алсыздандыруу АКШнын башкы максаты болуп саналат.

Мурда АКШ Европадагы, айрыкча Германиядагы нацисттик кыймылдарды колдойт деген божомолдор айтылып келген. Ошондой эле анын Европа Биримдигине каршы экени жөнүндө күмөн саноолор бар болчу. Бирок азыр Трамптын саясаты бул ойлордун баарын тастыктап, АКШнын позициясын ачык көрсөттү.

АКШ менен Европа дүйнөдөгү башкы оор кырдаалдардын негизги себепкерлери. Алар тарыхта бир нече ири согуштарды тутантып, геноциддерди уюштуруп, элдерди эзип, өзгөчө мусулман өлкөлөрүн бөлүп-жарып, байлыктарын талап-тоноп, аларга каршы согушуп келишкен. Бүгүнкү күндө дагы үстөмдүгүн улантып жатышат. Демек, бул конференция “тынчтыкты диалог аркылуу камсыз кылуу” максатын көздөгөн жыйын эмес. Бул жерде ири державалар, өзгөчө АКШ менен Европа, бири-бири менен үстөмдүк үчүн күрөш жүргүзүүдө.

Мусулмандар Батыштагы бул тирешүүлөрдү кылдаттык менен байкап, аларды өз пайдаларына колдонушу керек. Батыштын үстөмдүгүнөн кутулуп, исламий халифалык мамлекетин куруу үчүн аракет кылышы зарыл. Халифалык дүйнөнү алардын зулумунан куткарат, иншаАллах.

Роя гезити Асад Мансур

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here