Басма сөз баянаты
«Халифа үммөтткө таандык» аттуу саясий баяндаманын Судандын борбордук базарында кеңири колдоо табышы
2025-жылдын 17-февралында, хижрий 1446-жылдын 18-Шаабан күнү, «Хизб ут-Тахрир» партиясынын Судан вилаяты Судандын чоң базарында «Халифа үммөткө таандык» деген темада саясий баяндама өткөрдү. Анда партиянын Судан вилаятындагы расмий өкүлүнүн жардамчысы Мухаммад Жами (Абу Айман) сөз сүйлөдү. Ал баяндамасында «Халифа үммөткө таандык» деген түшүнүк Исламдагы башкаруунун негизги принциптеринин бири экенин баса белгиледи. Башкаруучу элдин ыраазычылыгы жана тандоосу менен баят аркылуу гана бийликке келиши керектигин айтты.
Абу Айман байат – бул мусулмандардын халифасы менен үммөттүн ортосундагы макулдашуу экенин жана анын максаты динди орнотуу жана шариятты колдонуу экенин түшүндүрдү. Ал эми үммөт халифага бул максатты аткарууда моюн сунууга милдеттүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле, ал Убада ибн Самиттин хадисин мисал келтирип, мындай деди: «Биз Аллахтын Элчисине ﷺ жеңилдикте да, кыйынчылыкта да, жактырганда да, жактырбаганда да угуп, моюн сунууга байат бердик».
Халифанын жоктугу чоң күнөө жана жоопкерчилик
Абу Айман эгерде мусулмандар халифага байат бербесе, анда олуттуу күнөө жана жоопкерчилик жүктөлөрүн эскертти. Ал Имам Муслимдин риваятына таянган хадисти мисал келтирди. Расулулла (с.а.в) айтты: «Кимде-ким байатсыз өлсө, жахилият доорунун өлүмү менен өлүптүр».
Ошондой эле, ал үммөттүн бийлигин күч менен тартып алуу Исламда арам экенин баса белгилеп, бул кутумчулардын мусулмандарды башкаруу үчүн койгон амалкөй планы экенин айтты. Исламда башкаруу түзүмү халифалык. Ал эми бүгүнкү күндө мусулмандар туш болгон кризистердин жана көйгөйлөрдүн түпкү себеби светтик демократиялык түзүм.
Баяндаманын кызуу колдоо табышы
Абу Айман жыйынтыктоочу сөзүндө халифалыкты тикелөө жана шариатка ылайык халифага байат үчүн аракет кылууга чакырды. Анткени бул жахилият өлүмүнөн кутулуунун жалгыз жолу. Иш-чаранын катышуучулары баяндаманы зор колдоого алышып, ар бир хадис келтирилген сайын такбир айтып, Аллахтын Элчисине ﷺ салават айтышты. Ошондой эле, алар күчтүү суроолор берип, активдүү талкуу жүргүзүп, халифалыкты тикелөөнүн зарылдыгын баса белгилешти. Катышуучулар демократияны четке кагып, Ислам өкүмдөрүн түшүндүрүүчү ушундай баяндамалардын үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн талап кылышты.
Ибрахим Усман (Абу Халил)
Хизб ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү