Энергетика министрлиги светтин баасын кымбаттатууну сунуштады

102
0

Энергетика министрлиги светтин баасын кымбаттатууну сунуштады

Энергетика министрлиги Кыргызстандын 2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, калк үчүн 700 кВт саатка чейин 1 кВт саат электр энергиясынын тарифин 1,11 сомдон 1,37 сомго башкача айтканда, 23,8% көтөрүлөт. Андан тышкары, тарифти жыл сайын 20%га чейин жогорулатып туруу сунушталууда. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин 2,39 сомдон 2,60 сомго чейин жогорулатуу (8,5 %) сунушу каралган. Ошондой эле электромобилдерди кубаттоо станцияларына, бюджеттик керектөөчүлөргө жана электр жарыгын көп колдонгон абоненттерге инфляциянын деңгээлине жараша орточо 3,5% жогорулатып туруу сунушталды.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата Кыргызстанда 1 млн 585 миң абонент бар. Анын ичинде 1 млн 472 миң 837 катардагы абонент 7,79 млрд кВт саат электр жарыгын колдонот. 6,47 млрд кВт саат электр энергиясын өнөр жай ишканалары пайдаланат. Министрлик тариф кымбаттаса кошумча 6,5 млрд сом киреше түшөт деп эсептеп чыккан. Учурда энергосистемадагы каражаттын тартыштыгы 8,1 млрд сом деп айтылууда. Быйыл 1-майдан тартып электр жарыгынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыгаары эскертилген.

Комментарий:

Буга чейин энергетика министри Ибраев электр энергиянын баасы инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турарын билдирген. А бирок, иш жүзүндө тариф инфляцияга эмес, өкмөттүн токтомуна ылайык көтөрүлүп жатат. Маселен, Улуттук статистика комитети 2024-жылы инфляциянын көрсөткүчү 6,3%ды түзгөнүн билдирген. Ал эми, электр энергиясынын тарифи 7 тыйын эмес, 26 тыйынга кымбаттады.

Мындан белгилүү болгондой, расмий бийлик калктын жонунан кайыш тилүүнү көздөп жатат. Бул үчүн өздөрү айткан сөздөрүнө да каршы иш тутушууда. Өлкөдө электр энергиянын тарифи байма-бай кымбаттаган менен калкка электр энергиясы күн суук мезгилдерде жетиштүү деңгээлде берилбей келет. Маселен, электр энергиясы калкка 220 кВт кубаттуулукта эмес, 160-180 кВт менен берилүүдө. А түгүл, калк утур-утуру менен светтин өчүрүлүүсүнө дуушар болууда. Мунун каршысында өлкөдөгү капиталисттер электр энергиясын майнинг фермаларды иштетүү үчүн текейден арзан алышууда. Маселен, “МБТ Строй” компаниясы “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алууда. Компания “Камбар-Атага” салган акчасын акташ үчүн ГЭСтен 50-60 тыйындан 5-10 жыл энергия алмакчы. Белгилүү болгондой, расмий бийлик электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйынга жетерин айтып келет. А бирок, капиталисттердин кызыкчылыгына келгенде бул өздүк нарк 60 тыйындан да арзандап калууда.

Түпкүлүгүндө, Кыргызстандын энергетикалык кризистен чыга албай жатышынын себеби тарифтин арзандыгы эмес, балким тармактагы жемкорлук жана капиталисттердин ар кандай алдоолору болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, проблеманын негизги себеби башыбызда кара булут болуп айланган капиталисттик түзүм. Ошондой эле, тармактагы коррупциялык схемалар. Алар калктын негизги муктаждыгы болгон энергияны менчиктештирүү жана коррупциялык аракеттер менен үлкөн пайда табышууда. Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилер аркылуу гана мындай кор абалдан чыга алат. Кайрадан элди алдаган жетекчилерге үмүт артуу болсо бир ийинден чаянга эки жолу чактыруу болуп эсептелет. Бул болсо мусулмандарга жайиз эмес!

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here