Вена конференциясы жана демократиялык өзгөрүүнүн иллюзиясы: Жападан жалгыз кутулуу жолу – туура жолдогу халифалыкты куруу!

39
0

Басма сөз баянаты

Вена конференциясы жана демократиялык өзгөрүүнүн иллюзиясы: Жападан жалгыз кутулуу жолу – туура жолдогу халифалыкты куруу!

Австриянын борбору Венада “Вена процесси” аттуу жыйналыштын бешинчи отуруму өттү. Бул иш-чарага бир катар саясий лидерлер, жарандык коомдун активисттери жана мурунку аскер жетекчилери катышты. Бул жыйын ислам дүйнөсү эң оор учурду башынан кечирип жаткан мезгилде уюштурулду. Азыр мусулмандар колонизаторлор тарабынан жасалма түрдө бөлүнгөн улуттук мамлекеттерде жашап жатышат. Бирок, демократиялык же улуттук негизиндеги башкаруу ислам шариятын одоно бузат жана мусулмандардын арасында гана фитна (араздашуу) жаратууга өбөлгө түзөт.

Ислам – өзүнүн башкаруу тутумун акыйдасынын негизинде түзөт. Бардык саясий, укуктук жана аскердик аракеттер ушул негизден келип чыгууга тийиш. Бирок, Вена процесси исламга карама-каршы келген светтик жана улутчулдук принциптерине негизделген жана бул идеялардын ийгиликсиз экени далилденген.

Демократия жана республика – бул исламга тескери түшүнүктөр. Алар афган коомуна жат жана ишке ашпай турган моделдер. Афган эли ислам баалуулуктарын орнотуу үчүн чоң курмандыктарга барды. Батыш саясий моделдерин таңуулоо исламга каршы гана келбестен, афган элинин умтулуусуна да каршы келет.

Вена конференциясынын катышуучулары ислам үммөтүнүн биримдиги жана улуулугу үчүн күрөшүүнүн ордуна, батыштык системалардын негизинде башкарууну көздөп жатышат. Ал эми бул системалар акыркы 20 жылда Афганистанда коррупцияга, согушка жана бөлүнүүгө гана алып келди.

Ислам үммөтү кантип кайрадан күч-кубатка ээ боло алат?

Үммөт батыштын интеллектуалдык, саясий жана аскердик көз карандылыгынан толук бошонмоюнча, ал өзүнүн ар-намысын жана улуулугун кайрадан калыбына келтире албайт. Батыштын жардамына муктаж болгон адамдар үммөттү кантип азат кылышы мүмкүн?! Бул конференциянын катышуучулары өлкөнү кризистен чыгара алышабы, эгер алар өздөрү Афганистандагы азыркы көйгөйлөрдү жаратууда активдүү рол ойногон болсо?!

Ислам дүйнөсүнүн азыркы трагедиялуу абалы көрсөткөндөй, үммөт чыгыштык жана батыштык саясий моделдердин бардык варианттарын сынап көрдү. Бирок маселелери дагы деле чечилбей, бир кризистен экинчисине өтүүдө.

Чыныгы кутулуу жолу кайда?

Чындыгында, Афганистан жана бүтүндөй ислам дүйнөсү жасалма улуттук мамлекеттерди же секулярдык коалицияларды түзүү менен кутула албайт. Тескерисинче, жалгыз чечим – исламга кайтуу, рошид Халифалыкты орнотуу жана Аллахтын динин жайылтуу. Үммөттүн Аллахка болгон бекем убадасы жана рошид Халифалыкты куруу жападан-жалгыз реалдуу саясий чечим!

Мындан башка ар кандай жолдор мурдагы ийгиликсиз тажрыйбалардын кайталанышы жана саясий иллюзиянын артынан куру убаракерчилик кылуу. Мындай аракеттер бул дүйнөдө кордукка, ал эми акыретте түбөлүк зыянга алып келет. Аллах Таала мындай дейт:

﴿الَّذِينَ يَتَّخِذُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَيَبْتَغُونَ عِنْدَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً﴾

«Момундарды таштап, капырларды дос туткандар, алардан улуулук издешеби? Чындыгында, бардык улуулук Аллахка таандык!» (Ниса:139).

Хизб ут-Тахрирдин  Афганистандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here