Салттуу ислам кимдин кызыкчылыгы?

130
0

Салттуу ислам кимдин кызыкчылыгы?

Кыргызстанда акыркы апта ичинде Дин комиссиясы менен муфтият тарабынан салттуу Исламды кармануу багытында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Муну менен катар аймактарда “Дин туттуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” кабыл алынган мыйзамды түшүндүрүү үчүн жыйындар өткөрүлүп жатат. Жыйындарда негизги тема катары экстремизм жана терроризмге каршы туруу үчүн Ханафий мазхабы менен Матрудий акыйдасын кармануу керектиги айтылууда. Мындан улам, салттуу Ислам терминине жана өлкө бийлиги алга сүрөп жаткан мазхабчылык маселесине токтолуп өтүү зарылдыгы туулду.

Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда “Салттуу ислам” термини СССР кулап, динди турмуштан ажыраткан капиталисттик идеология менен катар колдонула баштаган. Мындан максат, шаръий өкүмдөр менен исламий баалуулуктарды айрым салттар менен катар коюу болгон. Ошентсе да “Салттуу ислам”дын вакыйын СССР доорунда дагы байкоого болот. Маселен,  бул учурда Исламдын нике, жаназа сыяктуу айрым өкүмдөрү гана колдонулган. Алар “кыз ала качуу”, “кырктык”, “шыпыргыны жаткырып кой” сыяктуу салт жана адаттар менен бир катарда үйрөтүлгөн. А түгүл, атайын китепчелер чыгарылып, кийинки муундарга жаттатылган.

Ал эми, капитализм келгенден кийин Ислам шариятын колдонууну “светтик мамлекет” менен чектеп койду. Бул светтик мамлекетте дин саясатка аралашпай, жашоо мыйзамдарын шарият эмес, парламент депутаттары чыгара турган болду. Динди болсо жекече абалда гана колдонууга уруксат берилди. Мисалы, нике жана жаназаларга кошумча, намаздар окулуп, орозолор эркин кармала турган болду. Диндин мына ушул бөлүктөрүнө гана амал кылынышына ыраазы болуп, саясатка аралашпастан, парламент мыйзамдары колдонулушун колдоп жашоо – “Салттуу ислам” деп аталды. “Депутаттар чыгарган мыйзамдар менен эмес, шарият мыйзамдары менен жашашыбыз керек” деген мусулмандар “диний экстремисттер” аталды. Мындан белгилүү болгондой, “Салттуу ислам” дегени Исламды жекече абалда гана колдонууга, бийликтин сызып берген чийини менен жүрүүгө ылайыктаган долбоор.

Ал эми “Салттуу ислам”ды Ханафий мазхабына байлоо чоң ката. Абу Ханифа рахимахуллах мужтахид болгон жана шарий өкүмдү чыгарууда Куран, хадис, ижма жана кыяска кошумча исламга дал келген салттар да булак болот деген көз карашты карманган. Бул мужтахид аалымдардын темасы жана Абу Ханифанын көз карашы салт шарияттан өйдө турат дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче шариятка ылайык келсе колдонулат дегенди билдирет.

Ушул орунда Ханафий мазхабын туу тутуп жаткан аалымдарга жана бийлик өкүлдөрүнө суроо туулат. Силер Ханафий мазхабы боюнча намазды үйрөтүп жаткандай эле бул мазхаб чыгарган экономикалык маселелерди эмнеге үйрөтпөй, колдонбой жатасыңар? Мисалы, Ханафий мазхабынын алдыңкыларынан болгон улуу аалым Абу Юсуф рахимахуллахтын “Хирож” китебинде Исламдагы экономикалык маселелер кеңири баяндалган. А бирок, силер анын ордуна капиталисттик экономикалык түзүмдү, депутаттар сүткордукка негиздеп чыгарган мыйзамдарды, калктын жонунан кайыш тилген салык системасын колдонуудасыңар го?! Ханафий мазхабында уурулук, зынакорлук сыяктуу оор кылмыштардын жаза-чарасы кандай? Же болбосо Ханафий мазхабында таалим саясаты Батыш сакофатына негизделип, кыз-балдар аралаш окутулабы? Акыры бул мазхабда мамлекеттин башкаруу түзүмү Исламга негизделиши керекпи же демократияга негизделген республикалык башкаруубу?

Демек, “салттуу Ислам” термини дүйнөлүк куфр системасынын мабдаъий Исламга каршы түзгөн кезектеги долбоору. Ислам – бул өзүнөн фикрат жана тарыйкат келип чыга турган аклий акыйда. Исламий фикрат – жашообузда учурай турган бардык проблемалар үчүн Аллах тарабынан берилген чечимдер (шаръий өкүмдөр баяны). Исламий тарыйкат – фикраттын жашообузда бар болуп турушун кепилдөөчү шаръий өкүмдөр баяны. Тагыраагы, коомдогу бардык шариатка каршы келген кылмыштарды шаръий өкүмдөр негизинде жоюу үчүн Аллах тарабынан белгилеп берилген өкүмдөр. О.э Исламды турмушка кайтаруу жолун белгилеп берүү үчүн баян кылынган шаръий өкүмдөр. Исламдын фикратын же тарыйкатын өзүнчө көтөрүп чыгуу мүмкүн эмес. Анткени ар бир фикрат өкүмүн сөзсүз тарыйкатка байлоо керек. Маселен, адамдар ортосунда уурулук сыяктуу кылмыш жүзөгө чыкса, Ислам тарыйкатына ылайык, анын кылмышы аныкталгандан кийин колу кесилет. Бул адамдардын уурулук менен эмес, адал жол менен тиричилик кылып жашоосун кепилдейт. Ал эми, учурда алга сүрөлүп жаткан “салттуу Исламда” ууруга карата жаза-чара баяндалбаган. Балким, бул кылмышка карата жаза берүү үчүн куфр тарыйкатына кайрылууга үндөйт. “Салттуу Ислам” куфр тарабынан дал ушул максатта иштеп чыгылды. Бул долбоор куфр колу астында даярдалып, салтка айланып калган Ислам үммөтүнүн куфрга итааткөй абалын сактап калуу, аны менен исламий мабдаъий ыңкылаптык өзгөрүүнүн алдын алуу максатын көздөйт. Анын милдети, үммөттүн куфрга итаат кылуусун сабыр деп баяндап, куфр бузукулуктарына маани бербей турган алсыз, кайратсыз мусулмандар чөйрөсүн сактап аны күчөтүп баруудан турат. Ошондуктан, биз мусулмандар мындай долбоорго каршы унчукпай турушубуз мүмкүн эмес. Демек, даъват жана күрөштөрүбүздү Исламга толук түрдө чакырууга каратышыбыз зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here