Чыныгы жакшылык – Аллахтын мыйзамында гана

108
0

Чыныгы жакшылык – Аллахтын мыйзамында гана

Адам канчалык такыба же илимдүү болбосун, ага мыйзам чыгарууга укук берилген эмес. Себеби, ал алсыз, кемчиликтүү жана муктаж. Ошондуктан, адам ойлоп тапкан бардык мыйзамдар ар дайым келишпестикке, кайчы пикирге жана карама-каршылыкка алып келет. Эгер мыйзам чыгаруучулар наадан жана бузулган адамдар болсо, абал мындан да оор болбойбу?!

Эй мусулмандар!

Чыныгы жана жападан жалгыз жакшылык – Жараткандын мыйзамында. Себеби, жаратуу жана мыйзам чыгаруу укугу – Ага гана таандык. Аллах – адамды жараткан жана ага эмне пайдалуу экенин эң жакшы билген Зат. Анын ысымдарынын бири – Аалым (Бардык нерсени Билүүчү), Хаким (Даанышман), Хабир (Бардык нерседен кабары бар). Ошондуктан, эгерде биз Аллахтын мыйзамын жашообузда колдонсок, жасалма жана көйгөйдү күчөткөн мыйзамдарга муктаж болбойбуз.

Ушул себептен, өз элине калп айтпаган Хизб-ут-Тахрир сиздерди Аллахтын мыйзамын жашоого кайтарып келүү үчүн аны менен чын жүрөктөн иштешүүгө чакырат. Себеби, Аллахтын мыйзамы гана:

✅ Зулум көргөн адамдын укугун коргойт;

✅ Элдин мүлкү жана байлыгы сакталат;

✅ Аялдардын ар-намысы жана абийири корголот;

✅ Адилеттик жана чыныгы бакыт орнойт.

Аллах Таала айтат:

لَقَدۡ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ كِتَـٰبًا فِيهِ ذِكۡرُكُمۡۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ

– (О, пайгамбар менен мусулмандар!) Биз силерге Китеп (Куран) түшүрдүк. Анын ичинде силердин даңкыңар бар. Акылыңарды иштетпейсиңерби?  (Анбия сүрөсү: 10).

Эй Ислам жаштары! Биз силерди дүйнө жана акырет жакшылыгына чакырабыз! Ушул чакырыкка жооп берүүчүлөр барбы?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here