Америка тышкы жардамды өлкөлөрдү көзөмөлдөө үчүн кантип колдонууда?
Доктор Диван Чоудри
Америка президенти Дональд Трамп Америкадан сыртка берилүүчү каржылык жардамдарды (яхудийлер мамлекетине жана Египетке арналгандарынан тышкары) токтотуу тууралуу жарлык чыгарды. Бул маалымат Американын мамлекеттик департаменти чыгарган расмий катта тастыкталды. Мындай кадам жардамдар дүйнөлүк гуманитардык муктаждыктарды чечүү үчүн эмес, тескерисинче, көзөмөл жүргүзүүчү курал катары колдонууга багытталган тереңирээк саясат экенин чагылдырат.
Тышкы жардам Америкага дүйнөлүк саясатка таасир этүүгө ар дайым мүмкүнчүлүк берип келген. Американын лидерлери “Маршалл планы” жана “Төртүнчү пункт программасы” сыяктуу демилгелерди өнүгүүгө колдоо катары көрсөткөнү менен, түпкүлүгүндө бул долбоорлор Американын башка өлкөлөрдүн саясий жана экономикалык иштерине үстөмдүк кылуусуна жол ачкан. Белгилүү саясат таануучу Ханс Моргентау тышкы жардамды аскердик жана дипломатиялык күч менен катар колдонулуучу курал катары мүнөздөгөн. Бул саясат муздак согуш учурунда негизги куралга айланган. Бүгүнкү күндө да Америка таасиринин борбордук элементи бойдон калууда.
Жардамды Америка гегемониясын сактоо үчүн колдонуу
Америка тышкы жардамды ар дайым дүйнөлүк таасирин күчөтүүчү курал катары колдонуп келген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Американын жардам программалары Европада жана башка дүйнө аймактарында анын таасирин камсыздады. Ал эми муздак согуш учурунда бул жардамдар коммунизмдин жайылышын токтотуу максатында, Американы колдогон өкмөттөрдү каржылоо үчүн колдонулган. Мындай жардамдар көбүнчө Америка кызыкчылыгына ылайык, өлкөлөрдүн экономикасын жана саясий түзүмүн өзгөртүү үчүн шарттар менен коштолгон. Моргентау муну дипломатиялык жана аскердик стратегияларга окшош ыкма катары баалаган. Америка жардамды Латын Америкасында жана Африкада диктатордук режимдерди колдоо үчүн колдонгон учурлар көп болгон.
Трамптын “Америка биринчи” саясаты жана жардам маселеси
Трамп Американын сыртка жардам берүү программасын 90 күнгө токтотуу тууралуу буйрук чыгарды. Бирок яхудийлер мамлекети менен Египетке жардам берүүнү улантуу чечимин кабыл алган. Бул кадам анын “Америка биринчи” саясатынын уландысы болуп саналат. Ага ылайык, Америка өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктарын артыкчылыктуу орунга коёт. Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио гуманитардык жардамга айрым жеңилдиктер берилгенин белгилеп, бирок жардамды кыскартуунун негизги максаты – аны Американын тышкы саясатына ылайыкташтыруу экенин айткан. Жөөт вужуду менен Египетке өзгөчө маани берилгенинин себеби – алардын Американын стратегиялык максаттарын колдогон ролуна байланыштуу. Бирок, кыскартуулар гуманитардык уюмдарга жана жардам көрсөтүү кызматкерлерине терс таасирин тийгизип, зарыл кызматтарды көрсөтүүдө олуттуу тоскоолдуктарды пайда кылды. Бул тандалма мамиле Американын жардам саясатынын чыныгы жүзүн ачып койду. Мындай жардамдар гуманитардык мүнөздө көрсөтүлгөнү менен, көбүнчө аскердик жана саясий максаттарды көздөйт. Марко Рубионун меморандуму бул концепцияны бекемдеп, Американын союздаштары үчүн пайдалуу деп эсептелген программаларга өзгөчө көңүл бурулмакчы. Бул кадам чукул муктаждыктарды канааттандыруунун ордуна, стратегиялык көзөмөлдү сактоо ниетин дагы бир жолу тастыктайт.
Америка жардамындагы неоколониалдык максаттар
Америка жардамдары көпчүлүк учурда кабыл алуучу өлкөлөрдүн эгемендигин чектеген шарттар менен коштолот. Бул шарттарга менчиктештирүүнү колдоо жана экономикалык эрежелерди алып салуу сыяктуу түзүмдүк реформалар кирет. Алар Американын ири корпорацияларынын кызыкчылыгына дал келет. Мындай чаралар жергиликтүү экономикаларды алсыздатып, Американын каржылык жана саясий колдоосуна көз карандылыкты күчөтөт. Египеттин Американын жардамына узак мөөнөттүү көз карандылыгы мунун ачык мисалы болуп саналат. Кэмп-Дэвид келишимдери аркылуу түзүлгөн жардам программалары Египетти Америка жана яхудий вужуду менен тыгыз байланышта кармоого багытталган.
Табигый ресурстарга бай өлкөлөр Америка компанияларына бул байлыктарга жетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн жардам программаларына туш болушат. 2010-жылы Гаитидеги жер титирөөдөн кийин берилген жардамдын көпчүлүк бөлүгү эл аралык курулуш компанияларына бөлүнүп, жергиликтүү коомчулук убадаланган колдоону дээрлик ала алган эмес. Каржылоонун басымдуу бөлүгү Америкалык компанияларга ашыкча бааланган келишим аркылуу кайтарылып, жакырчылыкты жана саясий туруксуздукту ого бетер күчөткөн.
Жардам – саясий манипуляциянын куралы
Египетке берилген жардам өлкөнүн Америка коопсуздук демилгелерине кызмат кылуусун камсыздайт. Кэмп-Дэвид келишимдеринен кийин Египет Вашингтондун кызыкчылыгына ылайык, аймактагы туруктуулукту сактоодо негизги өнөктөшкө айланды. Рубионун жардам боюнча өзгөчө учурларды жактаганы Америка менен яхудий мамлекети Египетти стратегиялык көзөмөл базасы катары колдоноорун айгинелейт. Бул көрүнүш Американын жардам саясатынын тандалма мүнөзүн чагылдырат. Анын негизги максаты гуманитардык жардам көрсөтүү эмес, саясий үстөмдүк жүргүзүү.
Трамптын администрациясынын тышкы жардамды токтотуп, бирок яхудий мамлекети менен Египетти бул чечимден чыгарганы Американын жардам программаларынын түпкү максатын даана көрсөтүп турат. Бул программалар дүйнөлүк өнүгүүнү колдоодон мурда, башка өлкөлөрдүн саясаты менен ресурстарын көзөмөлдөөгө багытталган. Тарыхый жана заманбап мисалдар Американын жардам саясаты өз стратегиялык амбицияларын ишке ашыруу үчүн колдонулган курал экенин далилдейт. Бул көрүнүш дүйнөлүк коомчулук тарабынан кеңири көлөмдө таанылмайынча, Американын жардам программалары мээримдүүлүккө жамынган неоколонизатордук башкаруу куралы бойдон кала берет.
Роя гезити