Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

290
0

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз жумгандан кийин адамдын органдарын алууга уруксат берүү маселеси каралып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, бул маселеде диний жактан карама-каршылык жоктугун молдолор менен талкуулап, макулдугу алынган. Мындан улам, мусулман коомчулугунда орган алмаштыруу маселесинин өкүмү тууралуу талаш-талкуулар уланууда.

Биз бул маселеге тишелүү мужтахид аалым, хизбдин экинчи амири шейх Абдулкадим Заллумдун “Клондоштуруу, органдарды трансплантациялоо, жасалма уруктандыруу, аборт жана ажал боюнча шарий чечимдер” аттуу эмгегине таянып, орган алмаштыруунун өкүмүн ачыктап беребиз.

Киши өлгөндөн кийин анын мүчөлөрүн башка адамга көчүрүү жаатындагы өкүм анын тирүү кезинде мүчөлөрүн берүү өкүмүнөн айырмаланат. Шариятта өлүккө азар берүү мүмкүн эмес жана аны кескилеп кордоо да мүмкүн эмес. Буга байланыштуу сахих хадистер келген. Момундардын энеси Айша энебизден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Өлүктүн сөөгүн сындыруу тирүүнүн сөөгүн сындырган сыяктуу”. (Ахмад, Абу Дауд, Ибн Мажа риваяты).

О.э өлүктүн көзүн оюп алуу же жүрөгүн же бөйрөгүн же өпкөсүн же боорун алуу үчүн ичин жарып башка адамга алмаштыруу ал адам ага муктаж болуп турса да бул нерсе өлүктү кордоо болуп саналат. Ислам өлүктү кордоону арам кылган. Сафваан бин Асаал (р.а)дан риваят кылынат: “Пайгамбар (с.а.в)

бизди жүрүшкө чыгарганда мындай дечү: “Аллахтын аты менен жүрүшкө чыккыла Аллахтын жолунда ким Аллахка куфрлук кылса аны менен согушкула. Өлүктү кордобогула кара өзгөйлүк кылбагыла. Жаш баланы өлтүрбөгүлө”. (Ахмад, Ибн Мажа, Аннасааи риваяты).

Жогоруда айтылып өтүлгөн далилдерде ачык баяндалып тургандай өлгөн адамдын дене мүчөсүн кесип алып башка адамга алмаштыруу шарий түрдө арам.

Буга кошумча, киши өлгөндөн кийин эч кимдин ага ээлик кылууга укугу жок. О.э. киши өлүшү менен ал ээлик кылып турган малы, денеси жана аялы сыяктуу бардык нерселер анын ээлиги астынан чыгып кетет. Ошондуктан, өлгөн адам дене мүчөсүн башкага белек кылышы жана осуят кылышы мүмкүн эмес.

Ал эми, шариат инсанга мураскорлордун уруксатысыз үчтөн бирин осуят кылышы анын байлыгына гана тиешелүү болуп, андан башкасына алакасы жок. Ошондуктан, киши өлгөндөн кийин бирер мүчөсүн белек кылуу үчүн осуят кылышы жайиз эмес. Мураскорлорго келсек, Аллах Таала аларга мурас калтыруучунун денесин эмес, малын мураска калтырды. Ошон үчүн, алар өлүктүн денесине жана аны бөлүштүрүү укугуна ээ эмес.

Мажбурий абал.

Муну менен катар адамдын органдары табияты жагынан эки түрдүү болот. Биринчиси, жүрөк, боор, бөйрөк жана өпкө сыяктуу өмүрдү сактап кала турган мүчөлөр. Экинчиси, көз, экинчи бөйрөк, кол, бут сыяктуу өмүрдү сактап калууга тиешеси болбогон мүчөлөр. Бул экинчи абалдагы органдарга мажбурийлик өкүмү түшпөйт. Анткени, мында өмүрдү сактап калуу иллети табылбайт. Ошондуктан, өлгөн адамдын экинчи абалдагы органдарын алмаштырууга шарият тыюу салат.

Ал эми, адамдын өмүрүн сактап калууга байланышы бар мүчөлөргө келсек, аларда эки абал бар:

Биринчиси, бул органдарда адам өмүрүн сактап калууда мажбурий абалдагыдай аныктык жок. Себеби, мажбурий абалда адам Аллах арам кылган нерсени жесе анык өмүрү сакталып калат. Бирок, жүрөк же өпкөнү алмаштырса, адамдын өмүрү анык сакталып калбайт. Себеби, мындай абалда адамдын өмүрү кээде сакталып, кээде сакталбайт. Ошондуктан, бул жердеги иллет толук эмес болуп эсептелет.

Экинчиси, кыясталып жаткан нерсе иллет өкүмүнө каршы келбеши керек. Трансплатациялоо маселесинде, өлгөн адамды кордоого, кескилөөгө каршы анык өкүмдөр келген. Мына ушулардан улам, өлүктүн органдарын ага муктаж адамга көчүрүү жайиз эмес. Бул жерде өлүктүн мусулман, зиммий, муахид (ислам мамлекетинде келишим негизинде жашаган тургун) же мустаъмин (коргоо сурап келген адам) болушунун айырмасы жок.

          Ал эми, тирүү адам өз ыктыяры менен кол, бут, көз сыяктуу өлүмгө алып барбай турган мүчөсүн башка адамга бериши жайиз. Мунун вакиъси мындай, эгер бир адам башка бир адам тарабынан колу кесилсе же көзү оюп алынса, ал ошол адамдан кун алышы жана анын колун кеспеши же көзүн ойбошу мүмкүн. Тагыраагы, аны кечирип жибериши мүмкүн. Кесиш жана оюп алууну кечириш – анын ордуна кунга ээлик кылуу дегени. Кунга ээлик кылуу болсо белек кылып жиберген мүчөгө ээлик кылуу болот. Мүчөгө ээлик кылган адам аны берүүгө да укугу бар. Аллах Таала касас жана кунду кечип жиберүү жайиздиги тууралуу мындай дейт: “Кимге өз бурадарынан бир нерсе кечирилсе, анда жакшылык менен сүрөлсүн жана өтөө дагы жакшылыкча болсун. Бул Роббиңден жеңилдик жана рахмат”.

Бирок, адам тирүү кезинде кайсы бир мүчөсүн бериши үчүн берилип жаткан мүчө ал адамдын өмүрүн токтотуп койбошу лаазым. Тагыраагы, бул мүчө жүрөк сыяктуу болбошу керек.  Анткени, бул сыяктуу органды берүү адамдын өлүмүнө алып барат. Бул болсо өз жанын кыюу болуп, инсандын өз жанын кыюусу же анын ыраазылыгы менен башкасы аны өлтүрүшү жайиз эмес. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт: “Өзүңдү-өзүң өлтүрбө” (4:29). “Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбө (17:33).

Бул өкүм умумий болуп, ал өзүн өлтүрүүнү да, башканы өлтүрүүнү да өз ичине алат.

Имам Муслим Сабит ибн Заххактан риваят кылган хадисте Расулуллох (с.а.в.) мындай дейт: “Ким өз жанын кыйса, Аллах аны тозок оту менен азаптайт”. Имам Бухарий жана Муслим Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте Расулуллох (с.а.в.) айтат: “Ким тоо үстүнөн боюн таштап, өз жанын кыйса, ал тозок отунда…”.

Ал эми, жумуртканын бирөөсүн – мейли, тукумсуздукка алып барбаса да – алмаштыруу арам. Себеби, жыныстык клеткалардан, тагыраагы, эркек менен аялдын жумурткасынан бала пайда болот. Демек, инсан насили жыныстык клеткаларынан пайда болот. Эркектин жумурткасында маний иштеп чыгуучу клеткалар болуп, жумуртка манийди сактоочу кампа болуп саналат. Ал башкасына көчүрүлсө ага да клеткадан маний иштеп чыгара берет. Ошондуктан, жумуртка башкасына көчүрүлгөндөн кийин туулган балдардагы хромосомалар жумуртка ээсинин хромосомалары болот. Себеби, жумуртка кимдики болсо, балдар пайда болуп жаткан манийди ошо жумуртка иштеп чыгат. Ошондуктан, балдар жумуртка ээсинин касиеттерин алат, кийин көчүрүлгөн кишинин бирер касиетин албайт. О.э. бул балдардын биологиялык атасы ошол жумурткасын берген киши болот. Ошон үчүн эки жумурткасын да, бир жумурткасын да бериш жайиз эмес. Ислам мындай амалды арам кылат жана насилди сактоого буюрат о.э. өз атасынан башкасын атам деп дааба кылуудан кайтарат. Ибн Маажа Ибн Аббастан риваят кылган хадисте Расулуллох (с.а.в) мындай дейт: “Ким өз атасынан башкасын ата деп дааба кылса жана өз кожосунан жүз үйрүсө, ага Аллахтын, периштелердин жана бардык инсандардын лаънаты болсун”.

Жыйынтыктап айтканда, өлгөн адамдын органын алмаштыруу кандай абал болбосун арам болуп эсептелет. Ал эми, тирүү адамдын органдарын алмаштырууда каралат. Эгер берип жаткан мүчө адамды өлүмгө алып келбеген жана жумуртка сыяктуу аны берүүгө шарият тыюу салбаган болушу шарт.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here