Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү
Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32 % же 4 212 окуяга көп. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргоо ордери берилген. Анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге берилген.
Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 555 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 276 иш сотко жөнөтүлүп, 133ү кыскартылган. Дагы 38 иш тергелип жатат.
Катталган үй-бүлөлүк зомбулуктар айрым учурда адам өлтүрүү менен коштолгондуктан, коомчулукта бул көйгөй мезгил-мезгили менен талкууланып келет. Ал эми, мамлекет бул көйгөйдү жоюуга милдеттүү болсо да, бирок, жыл сайын зомбулук күчөп жатканын расмий маалыматтар тастыктап турат. Мындай кылмыштардын алдын алуу боюнча бир катар сунуштар айтылып, аялдардын укугу корголбой жатканы тууралуу пикирлер да арбын айтылууда. Маселен, бейөкмөт уюмдар аялдардын укугу жетиштүү корголбогонун кине келтиришип, Батышта тажрыйбадан өткөн мыйзамдарды сунуштап келишет. А бирок, Батыштын өзү бул көйгөйдүн чордонунда жана андан кутулуунун аргасын таппай келет. Анткени, Кыргызстандагыдай эле, Батыш өлкөлөрү да адам акылынан чыккан демократиялык мыйзамдар менен башкарылат. Ошондуктан, аялдарга карата зомбулуктар азайгандын ордуна көбөйүүдө. Маселен, дүйнөдө аялдардын 35 пайызга жакыны зомбулуктун сексуалдык жана башка түрлөрүнө кабыларын “The Diplomat” басылмасы жазган.
Мындан белгилүү болгондой, аялдардын зомбулук чегишине учурда колдонулуп жаткан капиталисттик мыйзамдар негизги себеп болууда. Анткени, демократия аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө туруктуулук жоголду. Эркектер да аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө. Демек, капитализм системасы аялдар туш болгон зомбулукту жоё албайт. Тескерисинче, бул көйгөйлөр ушул идеология себептүү пайда болууда жана аялдар Батыштын дал ушул “эркиндигинен” корголууга муктаж. Муну Батыштын аткаминерлеринин билдирүүлөрү да тастыктап турат. АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, “аялдар жалпы жумушчу күчтүн 40 пайызын, айыл чарбадагы жумушчу күчтүн 43 пайызын, дүйнөдөгү студенттердин жарымын түзөт. Ушундай болгон соң, аялдардын экономикалык потенциалын кысуу ар бир өлкө үчүн даяр акчаны четке кагууга барабар”. Клинтондун бул сөздөрү капитализмдин акыйкатын ачык чагылдырып турат. Башкача айтканда, капитализмдин дүйнө карашы аялдарга үй бекеси эмес, жумушчу күч катары карайт.
Мунун каршысында, зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс катары берилген аялдар менен келечек урпак катары берилген балдарга карата зомбулук кылуу кабыл алынгыс кылмыш эсептелет. Алла Таала айтат: وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ
“Алар менен жакшы мамиледе жашагыла” (Ниса: 19). Алланын Элчиси мусулмандарды жубайларына зомбулук кылуудан кайтарып ушундай деген:
لَا يَجْلِدُ أحدُكم امْرَأَتَهُ جَلْدَ الْعَبْدِ ثُمَّ يُجَامِعُهَا في آخِرِ الْيَوْمِ
“Силердин араңардан кимдир бирөө жубайын кул сыяктуу уруп, кечкисин аны менен жыныстык алака кылбасын!” (Бухарий риваяты).
Ислам аялга үй бекеси жана корголушу шарт болгон ар намыс катары карайт. Ушул дүйнө караштан келип чыгып, эркек өз жубайы менен махрамдарын коргойт. Муну менен катар шариат үй бүлөдөгү эркек менен аялга табиятына ылайык укук жана милдеттерин белгилеп берген. Аял үй бүлөдө бала төрөө, аны эмизүү, аларды тарбиялоо сыяктуу табигый жоопкерчилигин аткарат. Мына ушул жоопкерчиликтерин аткаруу үчүн убактысын, эмгегин сарптайт. Ушул багытта түшкөн өкүмдөрдү үйрөнүп, колунан келишинче ишке ашырууга аракет кылат. Бул өкүмдөрдү карманууда келген сыноолорго сабыр кылат. Ал эми, эркектин табияты күчтүү жана жумуш кылууга жөндөмдүү болуп, үй бүлө мүчөлөрүнүн күнүмдүк муктаждыктарын камсыздоого милдеттүү. О.э коомдук иштерден убактысы артканда үй иштеринде жубайына жардам берүүсү мандуб. Демек, гендердик теңдик шылтоосу менен эркектин милдеттерин аялга жүктөө бүгүнкү күндөгүдөй башаламандыкка жана көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө гана алып келет.
Ислам бүгүнкү күндөгүдөй пайданы эмес, арам жана адалды өлчөө кылат. Ошондуктан, аял кишилердин арасында иштөөнү каалагандарга ылайыктуу саатта иштөөсүнө шарт түзүп берет. Маселен, Усманий Халифалык доорунда аялдар экономикалык тармакта активдүү ролду аткарганы маалымдалат. Тарыхый жазууларда аялдар дыйканчылык, багбанчылык жерлерине жана кыймылсыз мүлккө ээ болуу менен алардан түшкөн пайдаларды өздөрү колдонушканы белгиленген. 18-кылымда Алепподогу казылык каттоолорунда аялдардын мүлк сатуусуна байланыштуу иштер 63%ды түзгөнү эскерилген. Мындан маалым болгондой, Исламдын аялга карата үй бекеси жана корголуучу ар намыс катары дүйнө карашы алардын экономикалык активдүүлүгүнө зыян жеткирбейт. Тескерисинче, кандай абалда болбосун бакубат жашоосун кепилдеп берет. О.э Ислам үй бүлөлүк турмушту мээрим-мухабат үстүнө курат. Алла Таала айтат:
وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِّتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُم مَّوَدَّةً وَرَحْمَةً
“Анын белгилеринин дагы бири – Ал Зат силер бирге турушуңар үчүн өзүңөрдөн жуптарды жаратышы жана ортоңордо мээрим жана сүйүү пайда кылышы…” (Рум: 21).
Жыйынтыктап айтканда, Ислам үй бүлөнүн бекемдигине коомдун бакубаттыгы үчүн ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Демек, аялдардын, жалпы эле коомдун бакубат жашоосу Исламдын турмушта колдонулушуна байланыштуу.
Мумтаз Маверанахрий