Шам элин тогут Асад жана анын режиминин кулашы менен куттуктайбыз!

83
0

Басма сөз баянаты

Шам элин тогут Асад жана анын режиминин кулашы менен куттуктайбыз!

Азыр рошид Халифалыкка карай алга умтулуунун учуру!

«Агрессияны токтотуу» операциясынын он экинчи күнү (2024-жылы 8-декабрда) оппозициялык согушкерлер Сирия борбору Дамаскка кирип, Башар Асад режимин кулатышты. “Рейтер” агенттиги сириялик расмийлерге таянып Башар Асад борбордон белгисиз тарапка кеткенин кабарлады. Ошону менен согушкерлер Идлиб, Халаб, Хама, Химс жана Дамаскты азат кылышып, кылмышкер режимдин зулум зындандарында ондогон жылдардан бери кармалып турган миңдеген туткундарды азат кылышты. Шам жери тогуттан жана анын режиминен азат болгонуна шаттанды, бүткүл Шамда жана анын айланасында такбирлер жаңырды. Сирия аянттары менен бирге дүйнөнүн алыс-жакындагы көптөгөн мамлекеттердин аянттары кубанычка толду. Алар буга акылуу.

Ооба, тогут Башар жана анын режиминин кулашы согушкерлер үчүн улуу нусрат, Шам жана анын калкы үчүн үлкөн азаттык болду. Анткени аялдар, жаш балдар, карылар жана эркектер, бул элибиз 13 жылдык козголоңдо жана андан мурун кылмышкер Башар жана анын атасынын ондогон жылдарга созулган өкүмдарлык кылган доорунда жүрөктү сыздаткан камак, кыргын, сүргүн, ачкалык, зордуктоо сыяктуу режимдин зулумдарынан азап тартып келишти. Ошондуктан Шамга жана анын калкына улуу Нусрат куттуу болсун, оболу Аллахка мактоо болсун. Аллах Таала айтат:

﴿قُلِ ٱللَّهُمَّ مَٰلِكَ ٱلۡمُلۡكِ تُؤۡتِي ٱلۡمُلۡكَ مَن تَشَآءُ وَتَنزِعُ ٱلۡمُلۡكَ مِمَّن تَشَآءُ وَتُعِزُّ مَن تَشَآءُ وَتُذِلُّ مَن تَشَآءُۖ بِيَدِكَ ٱلۡخَيۡرُۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ﴾

«Айткын: «Эй, мүлк жана дөөлөт ээси болгон Аллах, Сен каалаган адамыңа мүлк бересиң да, каалаган адамыңдан ал мүлктү тартып аласың, каалаган адамыңды күчтүү, сыйлууурматтуу кыласың да, каалаган адамыңды кор кыласың. Бардык Жакшылык жалгыз Сенин колуңда. Албетте, Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң»                                                                            [3:26]

Жеңиштен кийин эске алуу шарт болгон эң маанилүү нерсе – азыркы ийгиликтер менен канааттанып калбоо зарыл. Башар жана анын режиминин кулашы иштин бүткөнү эмес, башталышы болушу керек. Согушкерлер Шам жерин толук азат кылмайынча жолду улантышы кажет. Максат – бүткүл Шам өлкөлөрүн бир имам-халифанын байрагы астында бириктирүү керек. Халифа Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты жарыялап, Исламды кемчиликсиз толук ишке ашырат. О.э. ал мамлекетти секулярдык, же исламий республикалык, же королдук мамлекетке эмес, аппараты, конституциясы жана реформасы менен нукура исламий мамлекетке айлантат. Антпесе, Шам калкынын жана козголоңчуларынын улуу курбандыктары алар күткөн жана каалаган өзгөрүүлөрдү ишке ашыра албайт.

Секулярдык же демократиялык мамлекетке ыраазы болуу же болбосо ички өз ара кагылышууларга киришүү жана мамлекетти кантондорго жана вилаяттарга бөлүү, булардын баары жасалган ушунча иш-аракеттерди, берилген бардык курбандыктарды жана сарпталган мал-мүлктөрдү текке кетирүүнү жана мамлекеттин жаңы адамдар менен колонизатор Американын чеңгелинде, Эрдоган Түркиясынын көзөмөлүндө калышын түшүндүрөт. «Мекемелер мамлекети» деп аталган нерсе – бул капиталисттик түзүмдүн бир версиясы. Кан төгүп «Аллах үчүн, Аллах үчүн» деп кыйкырган козголоңчуларды жана согушкерлерди бул версияны кабыл алдырууга аракеттер жасалууда.

Андыктан, козголоңчулар жана согушкерлер Шамда колонизаторлуктун тамырын кулатууга кадам шилтеп, анын базаларын да, күчтөрүн да, адамдарын да, партияларын да калтырбастан кууп чыгарышы жана Шамды мусулмандарга гана таандык өлкөгө айлантышы керек. О.э. Американын региондогу Түркия, Иран жана Ирак сыяктуу куурчактары жана башка исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары менен бардык алакаларды үзүшү зарыл. Бул кадам алардын эрк-чечими көз карандысыз болушун камсыздап, козголоң башка козголоңдор сыяктуу ийгиликсиз бүтүшүн алдын алат. Аллах Таала айтат:

﴿ٱلَّذِينَ يَتَرَبَّصُونَ بِكُمۡ فَإِن كَانَ لَكُمۡ فَتۡحٞ مِّنَ ٱللَّهِ قَالُوٓاْ أَلَمۡ نَكُن مَّعَكُمۡ وَإِن كَانَ لِلۡكَٰفِرِينَ نَصِيبٞ قَالُوٓاْ أَلَمۡ نَسۡتَحۡوِذۡ عَلَيۡكُمۡ وَنَمۡنَعۡكُم مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ فَٱللَّهُ يَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۗ وَلَن يَجۡعَلَ ٱللَّهُ لِلۡكَٰفِرِينَ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ سَبِيلًا﴾

«Алар силерге көз тигип турушат. Эгер силерге Аллах тарабынан жеңиш келсе: «Биз да силер менен бир диндебиз го» – дешет. Эгер жеңиш кафирлерге насип болсо: «Биз силерден үстөм болгон жана силерди момундардан коргогон эмес белек?»- дешет. Эми Кыямат Күнүндө Аллах ортоңордо өкүмдарлык кылат. Аллах эч качан кафирлерге момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт»                                                                   [4:141]

 Хизб ут-Тахрирдин борбордук

маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here