Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Эгер менин алдымда турганыңардай болсоңор
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ حَنْظَلَةَ الْكَاتِبِ التَّمِيمِيِّ الْأُسَيِّدِيِّ قَالَ
كُنَّا عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَذَكَرْنَا الْجَنَّةَ وَالنَّارَ حَتَّى كَأَنَّا رَأْيَ الْعَيْنِ فَقُمْتُ إِلَى أَهْلِي وَوَلَدِي فَضَحِكْتُ وَلَعِبْتُ قَالَ فَذَكَرْتُ الَّذِي كُنَّا فِيهِ فَخَرَجْتُ فَلَقِيتُ أَبَا بَكْرٍ فَقُلْتُ نَافَقْتُ نَافَقْتُ فَقَالَ أَبُو بَكْرٍ إِنَّا لَنَفْعَلُهُ فَذَهَبَ حَنْظَلَةُ فَذَكَرَهُ لِلنَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَقَالَ يَا حَنْظَلَةُ لَوْ كُنْتُمْ كَمَا تَكُونُونَ عِنْدِي لَصَافَحَتْكُمْ الْمَلَائِكَةُ عَلَى فُرُشِكُمْ أَوْ عَلَى طُرُقِكُمْ يَا حَنْظَلَةُ سَاعَةً وَسَاعَةً
Ханзала Ать-Тамими аль-Усайидий айтты: “Биз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) менен бирге отуруп, бейиш менен тозокту өз көзүбүз менен көргөндөй эстедик. Андан кийин мен үй-бүлөмө жана балдарыма барып, алар менен күлүп ойнодум. Кийин мен Алланын Элчиси (с.а.в) менен эмнени эстегенимди ойлондум. Ошондо мен сыртка чыгып, Абу Бакрга жолуктум. Ага айттым, “менде эки жүздүүлүк бар”. Абу Бакр: “аны биз да жасайбыз”, – деди. Ошондо Ханзала Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)га барып бул тууралуу айтты. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Эй Ханзала! Эгер силер дайыма менин алдымда тургандай болсоңор, периштелер силер менен жаткан жериңерде же жүргөн жолдоруңарда кол алышып учурашмак. О Ханзала! Убакыт убакыт менен (башкача айтканда бир убакта Аллахты зикр кылып бейиш-тозокту эстесеңер, башка убакытта мал жаныңар менен алек болосуңар”.
Бул тууралуу Ас-Синди Ибн Маажанын “Сунан”ына шарх берип айтат:
“Менде эки жүздүүлүк бар” башкача айтканда, менин абалым ушунчалык өзгөрдү, бейиш тозокко ишенген адам алардан кайдыгер болбошу керек. Анткени, ага кайдыгерлик кылуу аны четке кагууга барабар. Жүрөгүндө бейиш-тозокко болгон ишениминде мандем бар деп шектенип, муну эки жүздүүлүк деп эсептеди. Мындан улам, ыймандан шектенүү (башкача айканда ыйманын текшериши) каапыр кылбай турганы, тескерисинче ыйман келтирген нерсеге күмөн кылуу каапыр кыла турганы белгилүү болду.
“Менин алдымда турганыңардай болсоңор” дегени, эскертүү маанисинде. Адатта тынымсыз зикир менен жүрүү дайым болуп турбайт. Аны үзгүлтүккө учуратуу ыймандын болушуна зыян келтирбейт. Кайдыгерлик зикир жана пикирлөөдөн алыстай түшкөндү билдирет. Ошондуктан ыйманы жок дегенди билдирбейт.
“Убакыт убакыт менен” дегендин мааниси, дин иштерин ирээтке келтирүүнүн өз убактысы бар жана тиричилик иштерин иретке келтирүүнүн убактысы бар. Алардын ар биринде пенделер үчүн мээримдүүлүк бар.
Сүйүктүү бир туугандар!
Биздин алдыбыздагы асыл хадис бир нече нерсени тастыктап турат. Анын ичинде төмөнкүлөр да бар:
Биринчиси: “Убакыт убакыт менен” дегенди кээ бирөөлөр өзүң үчүн бир саат жана Раббиң үчүн бир саат деп түшүнөт. Хадистин буга жакындан да, алыстан да эч кандай тиешеси жок. Мусулмандын бүткүл өмүрү Алла Таала үчүн деп кабыл алынат. Аллах Таала айтат:
“قُلْ إِنَّ صَلاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي للهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ”
“Айт: Чындыгында намазым да, курмандыгым да, жашоом да, өлүмүм да ааламдардын Раббиси Аллахка таандык”.
Мусулмандын жашоосунда Аллахтан башкага арналган эч нерсе жок. Аллах Таала айтат:
“اشْتَرَىْ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ أَنْفُسَهُمْ وَأَمْوالَهُمْ بِأَنَّ لَهُمُ الْجَنَّةَ”
“Бейиш аларга болуш үчүн момундардан жанын жана мал-мүлкүн сатып алды” .
Демек, бардык мусулмандар өздөрү ээлик кылган нерселеринин баарын бейишке сатышкан. Ал эми, мусулмандын жашоосу бир убакыт сергектик менен башка убагы шалаакылык менен өтүшү мүмкүн. Бир убакытта күчтүү бир убакта алсыз, бир убакыт жакын жана бир убакыт алыстап кетүүсү мүмкүн. Бирок ал бат эле эстеп, катасын түшүнөт. Ал дароо алсыздыгын күчөтөт жана Аллах Таалага жакындайт. Аллах Таала айтты:
“إِنَّ الَّذِينَ اتَّقَوْا إِذَا مَسَّهُمْ طَائِفٌ مِنْ الشَّيْطَانِ تَذَكَّرُوا فَإِذَا هُمْ مُبْصِرُونَ”
“Чындыгында, корккон учурда такыбаларга шайтандын тобу тийсе (васваса кылышса), эстешет, анан көрүшөт. Башкача айтканда, эстеп, ойлонуу менен каталарын көрүшөт”. (Аърааф: 201).
Пайгамбар (с.а.в) айтты: “كُلُّ ابْنِ آدَمَ خَطَّاءٌ وَخَيْرُ الْخَطَّائِينَ التَّوَّابُونَ”
“Бардык адам баласы ката кылуучу. Алардын эң жакшысы – тообо кылуучулар”.
Экинчиси: Насаат айтуу жана туура жол көрсөтүүнүн өзү эле шахсияны курууга жана жүрүм-турумду өзгөртүүгө жетишсиз. Тескерисинче, Бейиш менен кубаттап, тозок коркутуу да Исламдын бир бөлүгү. Ошондуктан, биздин аалымдарыбыз жана даават жүгүн көтөрүүчүлөр ар бир мусулман күнүмдүк жашоосунда муктаж болгон жана анын жүрүм-турумуна жемиштүү, максаттуу таасир этүүчү исламий пикирлер жана түшүнүктөрдөн ажырагыс экенин көз жаздымда калтырбашы керек. Мусулман бейиш жыргалчылыгын жана акырет азабынан кабардар болуу менен бирге Ислам менен каапырлыктын ортосундагы карама-каршылыктын акыйкатынан кабардар болууга тийиш. Демократиянын, секуляризмдин жана капитализмдин зулумунан кабардар болуп, исламий акыйда – бул рухий жана саясий акыйда экендигин аң сезимдүү түрдө билүүсү керек. Ошондой эле ал Ислам турмушта колдонуу үчүн келгенин, халифалык мамлекетинен башка жол менен Исламдын колдонулушу ишке ашпастыгын жана бул важиб ишти жүзөгө ашырууда кечигүүбүздүн себептерин жана ойгонуу жолун аң сезимдүү билиши керек. Аллах Таала айтты:
“مُّحَمَّدٌ رَّسُولُ اللَّهِ وَالَّذِينَ مَعَهُ أَشِدَّاء عَلَى الْكُفَّارِ رُحَمَاء بَيْنَهُمْ تَرَاهُمْ رُكَّعًا سُجَّدًا يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِّنَ اللَّهِ وَرِضْوَانًا سِيمَاهُمْ فِي وُجُوهِهِم مِّنْ أَثَرِ السُّجُودِ ذَلِكَ مَثَلُهُمْ فِي التَّوْرَاةِ وَمَثَلُهُمْ فِي الْإِنجِيلِ كَزَرْعٍ أَخْرَجَ شَطْأَهُ فَآزَرَهُ فَاسْتَغْلَظَ فَاسْتَوَى عَلَى سُوقِهِ يُعْجِبُ الزُّرَّاعَ لِيَغِيظَ بِهِمُ الْكُفَّارَ وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ مِنْهُم مَّغْفِرَةً وَأَجْرًا عَظِيمًا”
“Мухаммед Алланын Элчиси жана аны менен бирге болгондор каапырларга катаал, ал эми бири-бирине мээримдүү. Алар рүкү, сажда кылышып, Алланын ырайымын жана ыраазылык тилек кылышканын көрөсүң. Алардын белгиси, маңдайларындагы сажданын изи. Алардын бул белгилери Тооратта да, Инжилде да берилген. Жерге ташталган урук сабагын чыгарып, анан бекемделгени дыйкандарды кубанткандай (Аллах аларды күч кубатка толтуруп) алар менен каапырларды ачуулантат. Алардын арасынан ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн Алла кечиримин жана зор сыйлыктарды убада кылган!” (Фатх: 29). Аллах Таала айтты:
“كُونُواْ رَبَّانِيِّينَ بِمَا كُنتُمْ تُعَلِّمُونَ الْكِتَابَ وَبِمَا كُنتُمْ تَدْرُسُونَ”
“Китептен окуп үйрөткөнүңөрдөй жана сабак алганыңардай Эгесине гана берилгендей болгула!” – (деп айтуусу керек эле). (Аали Имран: 79).
Аллах буйруса, келерки “асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 3-жумаадус-саани.
2024-ж, 5-декабрь.