Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Пенде көңүл бурбай сүйлөйт
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ إِنَّ الْعَبْدَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ رِضْوَانِ اللَّهِ لَا يُلْقِي لَهَا بَالًا يَرْفَعُهُ اللَّهُ بِهَا دَرَجَاتٍ وَإِنَّ الْعَبْدَ لَيَتَكَلَّمُ بِالْكَلِمَةِ مِنْ سَخَطِ اللَّهِ لَا يُلْقِي لَهَا بَالًا يَهْوِي بِهَا فِي جَهَنَّمَ
Абу Хурайра (радыяллаху анху)нун риваятында Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Пенде эч кандай көңүл бурбастан Аллах ыраазы боло турган бир сөз сүйлөйт. Аллах аны менен анын даражасын көтөрөт. Пенде эч кандай көңүл бурбастан Аллахтын каарын келтире турган бир сөздү айтат, аны менен ал тозокко кулайт”.
Бул тууралуу Фатхул-Бариде Сахих аль-Бухариге берилген шархта айтылган:
“Эч кандай көңүл бурбастан” сөзү акыл калчап ойлонбой, кесепеттери жана анын кандай таасири тууралуу ойлобогондугун билдирет. Бул Аллах Тааланын ушул сөзүнө окшош “وَتَحْسَبُونَهُ هَيِّنًا وَهُوَ عِنْد اللَّه عَظِيم”
“Силер муну эч нерсе эмес деп ойлойсуңар, бирок ал Аллахтын алдында улуу”.
Ийад айтты: “Яхви” сөзү ага кулап түшүүнү билдирет.
Сүйүктүү бир туугандар!
Бул асыл хадистен алына турган сабактар бар. Мусулман адам сөзү таразага тартылаардан мурда өз сөзүн таразалап алышы керек. Бир гана жакшыны сүйлөөсү керек. Бул тууралуу аяттар менен катар асыл хадистер да келген. Аллах Таала айтты: “وَهُدُوا إِلَى الطَّيِّبِ مِنَ الْقَوْلِ”
“Сөздөрдүн жакшысына хидаяттангыла (тандагыла)”. Дагы айтты: “وَقُولُواْ لِلنَّاسِ حُسْناً”
“Адамдарга жакшы сөз айткыла”. Аллах Таала айтты: “وَقُل لِّعِبَادِي يَقُولُواْ الَّتِي هِيَ أَحْسَنُ”
“Менин пенделериме айт, (сөздүн) эң жакшысын айтышсын”. Дагы айтат: “إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ”
“Жакшы сөз Ага көтөрүлөт, жакшы амалды ал (Аллах) көтөрөт”.
Расулулла (саллаллаху алейхи уа саллам” айтты: “اتَّقوا النّارَ ولو بِشِقِّ تَمرة، فإنْ لم تجدوا فبكَلِمَةٍ طيّبة”
“Тозоктон жарым курма менен болсо да сактангыла, эгер таппасаңар жакшы сөз айткыла”. Ал айтты: “مَنْ كان يؤمِنُ باللهِ واليومِ الآخِرِ فَلْيَقُلْ خيراً أو لِيَصْمِتْ”
“Ким Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпасын”. Айтты: “أَمْسِكْ عليك لِسانَك”
“Тилиңди тый”. Башкача айтканда, тилиңди тишиңе кат. Ал айтты: “وهل يَكُبُّ الناسَ في النّارِ على وجوههِمْ أو قال على مَناخِرِهِمْ إلاّ حصائدُ ألسِنَتِهِمْ”
“Адамдарды тозок отуна беттери менен кулатуучу же мурдулары менен кулатуучу тилден өткөн күнөө чогултуучу нерсе барбы?”.
وعن عبداللهِ بنِ عَمْروٍ رضي الله عنهُما، عن النبيِّ صلى الله عليه وسلم قال: (( في الجنّةِ غُرفةٌ يُـرَى ظاهِرُها من باطنِها، وباطنُها مِن ظاهِرِها)) فقال أبو مالكٍ الأشعريّ: لِمَنْ هي يا رسولَ الله ؟ قال: ” لِمَنْ أَطابَ الكلامَ، وأطعمَ الطّعامَ، وباتَ والنّاسُ نِيام)
Абдулла бин Амр (радыяллаху анху)нун риваятында Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Бейиште бир бөлмө бар, анын сырты ичинен, ичи сыртынан көрүнүп турат. Абу Малик аль-Ашари: “Оо, Аллахтын Элчиси, бул ким үчүн?” деди. Ал айтты: «Жакшы (сөз) сүйлөгөн, (үйүнө келген кишисине же коногуна) тамак берген, эл уктап жатканда намаз окуган адам үчүн”.
وعن عبدِ اللهِ بنِ مسعودٍ رضي الله عنه قال (واللهِ الذي لا إلهَ إلاّ هو ليسَ شيءٌ أحْوَجَ لِطُولِ سَجْنٍ من لِساني
Абдулла бин Масьуд (радыяллаху анху)дан. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Аллахка ант болсун, Аллахтан башка кудай жок, менин тилимден башка узак камакка муктаж эч нерсе жок”. Ал Зат “Эй тил, жакшы сүйлө, ошондо пайда табасың, өкүнүп калганча жамандыкты айтуудан тыйыл” деп айтчу.
Кымбаттуу бир туугандар, көпчүлүк бирөөлөр көңүл бурбай өздөрүн тозокко кулатуучу сөздөрдү айтууну адатка айлантып алганы таң калычтуу. Мусулман адам сөзүнө маани бербей, өзүнүн мусулман бир тууганына каапыр деп айтып жатканы абдан таң калычтуу. Исламий жамааттарга жалаа жаап, алар айтпаган сөздөрдү айтты деп жаткандар да абдан таң калычтуу. Ушул сөздөр менен элдин арасына бузукулук салгандар да бар. Гыйбатчы жана жалган жалаачылардын абалына таң калып болбойт.
Андыктан, урматтуу бир туугандар! Кудуреттүү Аллахтын каарынан сак болгула. Анткени, Ал Улук зат мындай дейт: “مَا يَلْفِظُ مِن قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ”
“Ал (пенде) кандайдыр бир сөз сүйлөбөсүн, анын жанында дайыма күзөтө (жазып) турган күзөтчү бар”.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сизерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 30-жумаадул уула.
2024-ж, 2-декабрь.