Дин тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү
10-декабрда Жогорку Кеңештин үч комитети “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Буга чейин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети мыйзамды биринчи окууда жактырган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов жыйын учурунда Кыргызстанда акыркы үч жыл ичинде 1000ден көп мечит мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталганын, 120сы жабылганын билдирди. Мыйзам долбоору кабыл алынса диний жайлар тиешелүү мекемелердин уруксаты менен гана куруларын кошумчалады.
Комментарий:
Аталган мыйзам долбоордун Ислам жана мусулмандарга каршы экени Юсуповдун сөздөрүнөн да, мыйзамда каралган чектөөлөрдөн да ачык көрүнүп турат. Маселен, мыйзам кабыл алынса динди жайылтуу үчүн турак үйлөрдү жана турак эмес жайларды кыдырууга, диний билимди жекече тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга тыюу салынат. Бул болсо, мусулман адамдын негизги жоопкерчилиги болгон даават ишине чекит коюу жана СССР доорунан бери Исламдын сакталышына негизги салым кошкон “хужра” ыкмасындагы медреселерди тыюуну түшүндүрөт.
Мындан тышкары, атайын “насаатчы” деген термин киргизилип, диний ишмерлердин интернет жана аймактардагы баяндарын көзөмөлдөп, чектөө көздөлүп жатат. Мисалы, райондук мечиттин имамы өзү катталган аймактан башка жерде баян айтып, диний ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт. О.э анын баян айтуусу үчүн диний жогорку билими болушу керек жана Дин комиссиясынан жыл сайын каттоодон өтүп турушу шарт. Эгер хутбалардын биринде бийликтин кызыкчылыгына каршы же, мыйзамга тескери бир шарий милдетти баяндаган болсо, Дин комиссиясы анын ишмердүүлүгүн дароо токтотуу укугуна ээ болот. Ал эми, каттоого алынбагандар насаат айтуу укугунан ажырайт.
Негизи, даават кылуу о.э. жакшы иштерге буйруп, жаман иштерден кайтаруу амалдары – ар бир мусулмандын мойнундагы фарз. Аны таштагандар кудум намазды таштаган сыяктуу күнөөкөр болушат. Буга кошумча, шарият боюнча, сиз өзүңүз жакшы билген маселеде аалым эсептелесиз жана аны билбегендерге жеткирүү, үйрөтүү мойнуңуздагы милдет болот.
Пайгамбар (салаллаху алайхи вассалам): “Айрым бир жеткирилүүчүлөр угуучулардан (т.а. Росулуллах салаллаху алайхи вассаламдан угуп, кийин тигил жеткирилүүчүлөргө үйрөтүп жаткандардан) жакшыраак аңдап жетүүчү болушат”, – деген.
Демек, аталган мыйзам долбоору аркылуу бийлик мусулмандардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөп, коомго терең кирип бара жаткан Исламий дааватты тосууну көздөп жатат. Мунун бирден-бир себеби, диний тармакта кабыл алынган чечимдер үстүбүздөгү колонизатор мамлекеттер жана алардын куралдарына айланган эл аралык жана аймактык уюмдардын басымы аркылуу кабыл алынышында. Демек, бүгүнкү күндө кабыл алынып жаткан долбоордун артынан ар ким, ар бир тарап мүмкүнчүлүгүнө, жөндөмүнө жараша Аллахтын алдында жооп берет. Бийликтегилер каапыр колонизаторлордун талаптарын кынтыксыз ишке ашырганына жооптуу. Эгер мажбурлоого баш ийип кылса, фасыктык кылган болот. Мажбурлоого каршы чыкса, мындай мункар иштерди аткаруудан баш тартса, үлкөн ажр-сыйлыктарын алат. Ал эми, момундар айрыкча, аалымдар мындай мункарды кылуучуларды бул иштен кайтарышы фарз.
Нурдин Асаналиев