Сирияда эмне болуп жатат?

19
0

Сирияда эмне болуп жатат?

Сирияда 27-октябрдан тарта мусулмандарды кубанткан окуялар жүз берүүдө. 2020-жылы Орусия-Иран-Түркия ортосунда ок атышууну токтотуу келишиминен улам чабуулдарды токтоткон сириялык күчтөр Асад режимине каршы 27-октябрда олуттуу чабуулун баштады. Учурда да уланып жаткан операцияда мусулмандар Идлибдин айланасындагы райондорду жана кайрадан Алеппо шаарын колго алды. Канкор Асад аскерлери менен Иран партиясынын аскерлери бир нече саатта аталган райондордон качып чыгууга мажбур болду.

Белгилүү болгондой, мындан 8 жыл мурда кыянатчылык сүйлөшүүлөр артынан Алеппо Сирия режимине тапшырылып, жүз миңдеген тургундар Алепподон сүргүн кылынган эле. Сегиз жылдан соң Алепподо кайрадан таухид байрагы көтөрүлүп, аман калган мусулмандар туугандары менен көрүшүштү.

Тарыхый шаар болгон Алеппонун бир нече күн ичинде алынышы куфр күчтөрү канчалык алсыз экенинин жана мусулмандар Аллага таянган учурда кандай кубатка ээ экенин ачык көрсөтүп турат.

Ушундай болсо да, мусулмандар жакынкы тарыхта майдандарда жеткен жеңишин сүйлөшүү үстөлдөрүндө уурдатканына күбө болгонбуз. Андыктан, Америка чийип жаткан Жакынкы Чыгыштагы жаңы сценарийдин алкагында кайрадан алданып калуудан этият болуу зарыл.

          Маалым болгондой, Алеппо операциясы бир нече кызыкчылыктарды өз ичине алган стратегия негизинде жүрүп жатат. Бул окуялардын артынан аймактагы эл аралык жана регионалдык күчтөрдүн ролу азайып же көбөймөкчү.

          Трамптын шайлоодо жеңиши артынан Америка Жакынкы Чыгышта жаңы максаттарды коюуда. Алардын биринчиси аймактагы Орусия менен Ирандын ролун азайтуу.

Орусиянын Украина согушу артынан Сириядагы ролу ансыз да кыскарып кеткен эле. Айрыкча, Вагнер жоюлгандан кийин Орусиянын Сириядагы аскердик базасы Африкага жүк ташуучу базага айланып калган. Акыркы маалыматтарга таянсак, Орусиянын аскердик кемелери Тартустагы базаны таштап чыгып кетүүдө. Иранга келсек, “израил”дин Ливанда Хизбуллага карата операциялары артынан Сириядан чегинүүсү күтүлүүдө. Анын артынан Ирандын аймактагы аскерий аракеттери да чектелиши мүмкүн.

Экинчиден, “израил”дин коопсуздугу үчүн аймактагы күчтөрдү куралсыздандыруу. Куралсыздандыруу аракети негизинен аймактагы Хизбулла, ПКК (Күрт жумушчулар партиясы), ПЙД (Биримдик демократиялык партиясы) жана ХТШ (Хаят Тахрир аш-Шам) уюмдарына каратылган.

Жогорудагыларга 2-декабрда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллердин билдирүүсү да ишара кылып турат. Ал мындай деди: Биз бул жарандык согушту БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254-резолюциясына шайкеш келген саясий жөнгө салуу процессин көргүбүз келет. Белгилүү болгондой, бул резолюция БУУ көмөктөшкөн, сириялык режим жана оппозициялык топтор Сирия үчүн алдыга карай жолду сүйлөшө турган процесс”.

Үчүнчүдөн, Американын жаңы максаттарынын бири – бул Түркиянын аймактагы ролун чоңойтуу. Анткени, Түркиянын “ХТШ” жана “ПЙД” уюму үстүндө таасири чоң. Тагыраагы, Асад режимине каршы күрөшүп жаткан күчтөр негизинен Түркияга таянууда. Аталган уюмдар төрт жыл аралыгында калк арасында таасири артса да, мындан ары аскерий эмес саясий ролго басым жасашы күтүлөт. Бул үчүн “ХТШ” уюму үстүндө Түркиянын таасирин күчөтүүгө аракет кылынат.

Ал эми “ПКК” уюмуна келсек, Түркия менен алакасында жаңы доор башталганы турат. Түркия абагында кармалып турган уюмдун лидери Өжалан аркылуу соодалашуу кызуу жүрүп жатат. Мунун артынан уюмду куралсыздандыруу, ага саясий рол берүү мерчемделип жатат. Демек, Сириянын келечеги үчүн “ХТШ”, “ПЙД” жана Асад режиминин аскерий күчтөрү арасында убактылуу бийликти жана жаңы конституцияны түзүү максат кылынууда.

Жыйынтыктап айтканда, Алеппо операциясы Сириянын келечегине эле эмес, аймактагы күчтөр таразасына таасирин тийгизген окуялардын бир бөлүгү. Анын натыйжасында Орусия менен Ирандын ролу азайтылып, Түркиянын ролу күчөтүлмөкчү. О.э жергиликтүү күчтөргө сүйлөшүүлөр аркылуу саясий рол берилиши күтүлүп турат. Андыктан, биз Сириядагы мужахиддерге жана алардын лидерлерине буга чейин да айтып келген насаатыбызды кайталап өтөбүз. Майдандарда ээ болгон жеңиштерди сүйлөшүү үстөлдөрүндө жоготуп алуудан этият болгула! О.э буга чейин террористтерге каршы күрөшүү шылтоосу менен мужахиддерди алып чыгып, шаарларды Асад режимине өткөрүп берген Түркиянын кыянаттыктарынан этият болгула! Түркия бир тараптан мужахид күчтөрдү колдоп жаткандай көрүнүп, экинчи тараптан Американын пландарын ишке ашырууга күч-кайратын жумшап келүүдө. Башында айтып келген заалым Асад бүгүнкү күнгө келип Түркия үчүн урматтуу Асадга айланды. Демек, сүйлөшүү үстөлдөрү силерди тузакка салуучу куралдар экенин унутпагыла! Андыктан, жөөт вужуду тарых таштандысына айланып, малай акимдер кыянаттыктарынын жообун алганга чейин күрөштү улантуу зарыл!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here