Жөөт вужуду менен “Хизбулла” уюму ок атууну токтотуу келишимине макул болушту
“израил”дин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Коопсуздук кабинети “Хизбулла” уюму менен ок атышпоо келишимин жактырды.
Элдешүү планына ылайык, тараптар 60 күнгө ок атууну токтотушат. Бул аралыкта “израил” аскерлерин Ливандын түштүгүнөн чыгарып кетүүгө тийиш. Чек ара аймагынын үстүнөн көзөмөл Ливандын өкмөттүк армиясына өткөрүп берилмекчи. “Хизбулла” өзүнүн оор куралын Литани дарыясынын түндүгүнө алып кетиши керек. Андан соң, “израил”-Ливан арасындагы чек ара аймагын белгилөө боюнча сүйлөшүү башталат.
Анын алдында АКШнын президенти Жо Байден билдирүү жасап, “израил” жана Ливандын премьер-министрлери менен телефондон сүйлөшкөнүн, АКШ жакынкы күндөрү Түркия, Египет, Катар, “израил” жана башка өлкөлөр менен Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн дагы бир аракет жасай турганын айткан.
Евро Биримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррелдин ырасташынча, ок атышуу келишимин ишке ашырууну АКШ жетектейт. О.э Ливандын талабына ылайык, комитетке Франция дагы кошулмакчы.
Буга чейин Хизбулланын лидери Наим Касым ок атышууну токтотуу боюнча келишимди карап чыгып, “израил”дин макулдугу калганын билдирген.
Эске салсак, 23-сентябрдан бери “израил” армиясы “Хезболлага” каршы Ливанда согуш ачып, уюмдун жетекчилери менен катар жайкын тургундарды бомбалап келүүдө. 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан уюмдун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. Согуш башталгандан бери Ливанда 4 миңге жакын кишинин өмүрү кыйылган. Андан тышкары чек ара аймактарынан 1,2 миллиондой адам жер которууга аргасыз болду.
Белгилүү болгондой, Ливанда 1970-жылдардан тарта Американын таасири үстөм. Айрыкча, 1975-жылы Сирия күчтөрү Ливанга кирип келгенден кийин өлкөдөгү Франция менен Британиянын таасирин кыскартууга жетишкен. Бирок, Ливандын жетекчиси Харирий өлтүрүлгөндөн кийин Франция мурдагы колониясы Ливанда таасирге ээ болууга катуу аракет кылды. Франция президенти Жак Ширак бул окуяны жергиликтүү, регионалдык жана эл аралык коомчулуктун пикирин Америка, Сирия жана алардын бардык союздаштарына каршы каратып коюу үчүн аябай ыңгайлуу учур деп билди. Натыйжада, Америка Сирияга Ливандан армиясын алып чыгып кетүү жана бир канча убакытка караанын көрсөтпөй туруу туурасында жашыруун буйрук берүүгө мажбур болду.
Ливандагы Америка менен Франциянын күрөшү 2007-жылдын баштарына чейин, аныгыраагы, Сарказий Францияга президент болуп шайланганга чейин улантылды. Белгилүү болгондой, Сарказий Америка менен саясий жакындашуунун тарапкери болуп келген. Өлкөдөгү соодалашууга Американын 2001-жылдагы сентябрь окуяларынын артынан Афганистан жана Ирактагы согушта баткакка батып калганы да түрткү болду.
Америка Ирактагы шерменделигин жашыруу үчүн Ливандагы «Хизбулла» уюмун Иран жана Сирия аркылуу аскердик жактан колдоп-кубаттай баштады. Бирок, «Хизбулла» бул эки мамлекет жөнүндө жакшы ойдо болду. Жөөттөргө каршы алып барылып жаткан согушта анын сабына көптөгөн ыкластуу жаштар келип кошулду. Бул согушта Иран менен Сирия “Хизбулла”ны дээрлик жалгыз таштап кетти.
Ирандын мындай саткындыгы акыркы окуяларда да күзөтүлдү. Алгач, Хамастын саясий лидери Исмаил Хания Ирандагы сапары учурунда өлтүрүлдү. Кийин 17-сентябрда “Хизбулла” уюмунун мүчөлөрүнө карата пейжерлер аркылуу операция жасалды. Анын артынан Ливандагы “Хизбулла” жетекчилери жок кылынды. Булардын баарында жөөттөргө маалымат Иран жетекчилери тарабынан берилиши толук ыктымал.
Буга кошумча, жөөттөрдүн мындай ашкере чабуулдарына карата Иран жана анын партиясынын жооп чабуулдары дээрлик көрүнүш үчүн гана болду. Мындай окуялардын тизмеги “Хизбулла” уюмунун аймактагы ролу кыскартылып жатканынан кабар берет. Айрыкча, Ирандагы бийликтин алмашуусу артынан Базешкиан баштаган админстрация Америкага дагы да жакын саясат алып барууда. О.э Ливан бийлигинде дагы “Хизбулла”нын таасирин азайтуу аракети жүрүп жатат.
Жыйынтыктап айтканда, “Хизбулла” уюмунун эң чоң катасы Сирия режимин жана анын башындагы кылмышкер Башар Асадды колдоосу болду. Бул режимдин артынан миңдеген мусулмандардын канына забын болду. Буга кошумча жөөт вужуду менен чек ара келишимдерине ыраазы болуусу партияны үммөттөн алыстатты.
Демек, бул партиянын келечеги Иран режиминин мындан аркы саясатына түздөн-түз байланыштуу. Иран режими бул партиядан баш тартпаса да, анын саясий канатын калтырып, аскерий канатын кыскартууга барышы ыктымал. Мындай аракет буга чейин да болуп келген. Анын бири 2009-жылы Ливандагы бийликти конфессиялар арасында бөлүштүрүү учурунда талкууланган. Бул аракет “Араб жазы” көтөрүлүштөрү башталганы себептүү артка жылдырылган эле.
Мумтаз Маверанахрий
Сирияда эмне болуп жатат? Сирияда 27-октябрдан тарта мусулмандарды кубанткан окуялар жүз берүүдө. 2020-жылы Орусия-Иран-Түркия ортосунда…
Кыргызстанда турак-жайга салык көбөйтүлөт Кыргызстанда жер үй, батир ээлерине салык салуу ыкмасы өзгөрөт. Чоң шаарларда…
Жапаровдун Сеулга расмий сапарынын максаты Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен барып, корей…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Тоң моюн душман Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Басма сөз баянаты Пакистандын өкүмдар элитасы жаңы колонизатор кожоюну Трампты президенттик шайлоодо жеңип чыкканы менен…
Басма сөз баянаты Мисирдин кызыл сызыктары бар, алар Мисирди Исламга, шариятка, Мисир калкын жана анын…