Дин тутуу эркиндиги – динди чектөө аракети

141
0

Дин тутуу эркиндиги – динди чектөө аракети

Учурда «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылып, мусулмандардын нааразылыгын күчөтүүдө. Мындан улам өлкөдөгү диний абал кандай жагдайда жана кайда багыт алып бара жатканын билүү маанилүү. Андан да маанилүүсү – бул багытты ким белгилеп берип жатканы. Ислам дини дүйнөлүк дин, тагыраак айтканда, дүйнөнү куткаруучу, адамзатты караңгылыктан нурга алып чыгуучу дин. Ошондуктан, башка идея жана идеологиялар ага каршы чыгышы табигый. Андан тышкары Ислам жашоонун бардык тармактарына чечимдерди берген, башкача айтканда мыйзам-өкүмдөрдү камтыган жетик идеология болуп эсептелет. Исламдын башка диндерден айырмаланган тарабы да ушул.

Колонизаторлор дүйнөнү башкарууда, башкача айтканда өздөрүнүн колониялдык саясатын алып барууда Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык жана Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу регионалдык уюмдарга, институттарга, алардын конвенция, резолюция жана токтомдоруна таянышат. Бул уюмдар жана алардын токтомдору кудум сыйыртмак сыяктуу. Алар Исламды өз абалына таштап коюшпайт, тескерисинче Исламды өзүлөрү пландаган алкакка салып, идеология катары жайылышына жол бербөөгө аракет кылышат. Бул үчүн жогоруда айтылган уюмдар аркылуу резолюциялар, конвенциялар, токтомдор ишке салынат. Арийне, Кыргызстан эгемендик алган күндөн тартып ушул эл аралык токтомдордун негизинде алгачкы «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алды. Бул мыйзам динди жашоодон бөлүүнү (светтик мүнөздү) кепилдеп, диний партияларды түзүүгө, динди башкарууга аралаштырууга тыюу салды. Ошол эле учурда мыйзамда башка диндердин өлкөдө эркин иш алып баруусуна жол ачылды.

Советтер Союзу ыдырагандан кийинки доордо мусулмандардын Исламга талпынуусу күчөдү. Исламга болгон сүйүү мусулмандардын жүрөгүнөн орун алып жайыла баштады. Бирок мындай көрүнүш албетте колонизаторлорго жакпайт. Мындан улам эксперттер Кыргызстанда радикализм күчөп кетти деп коңгуроо кагып, диний абалды жөнгө салуу зарылдыгын айтып чыгышты. Ошентип Бакиевдин доорунда «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү, оңдоолор киргизилип, мыйзам 2008-жылы кабыл алынды. Өзгөртүү киргизилген бул мыйзамда диний абал мурункусунан кененирээк ачыкталган. Светтик түшүнүккө жана диний сабырдуулукка өзгөчө басым жасалган. Ошондой эле мыйзамга «диний радикализм» жана «экстремизм», «фундаментализм» деген терминдер киргизилди. Белгилүү болгондой «радикализм», «экстремизм», «фундаментелизм» жөнүндө так аныктама жок болгондуктан ар кандай түшүнүктү же аракетти ушул терминдер менен атоого мүмкүн. Бүгүнкү күндө өзүңөр күбө болгондой, бийлик аларга жакпаган, каршы болгон адамдарды, иш-аракеттерди «экстремизимде» айыптап, кысымга алып, куугунтуктап келүүдө. Мындан тышкары, аталган мыйзамда адамдын укук жана абийирин кемсинтүүгө, гендердик кемсинтүүнү үгүттөөгө тыюу салынган. Маселен, «кафир», «фасык», «даюс» жана башка түшүнүктөр адамдын укук жана абийирин кемсинтүү катары каралат. Ал эми «аял – үй кожойкеси» деген пикирди жана башка аялдын Исламдагы орду жөнүндөгү түшүнүктөр гендердик кемсинтүү катары көрсөтүлдү. Мындан улам Исламдын бул түшүнүктөрүн баяндоо, дават кылуу чектеле турган жагдай жаралды.

Андан тышкары бул өзгөртүү киргизилип кабыл алынган мыйзамда диний адабияттарды, ар кандай материалдарды таратууга, колдонууга өтө катаал чектөөлөр киргизилген. Биринчиден бул материалдар Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеши керек, экинчиден бул материалдарды (уруксаты болсо да) коомдук жайларда, үймө-үй таратууга, балдардын мекемелеринде, мектептерде жана жогорку окуу жайларда таратууга болбойт. Көрүнүп тургандай, бул оңдолуп кабыл алынган мыйзам мурункусунан да каталыраак жана Исламга каршы каратылган. Дал ушул мыйзам учурда талкууга коюлган «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын өзөгүн түзөт. Негизи «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга 2008, 2011, 2012, 2019, 2021, 2024-жылдары өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген. 2011-жылы бул мыйзамга ажылык боюнча биртке өзгөртүү киргизилди. 2017-жылы «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамга үймө-үй кыдырып дават кылууга тыюу салуу жана чет өлкөдө диний билим алууга талаптарды күчөтүү жөнүндө толуктоо киргизүү демилгеси парламенттин кароосуна сунушталды. Ал эми 2018-жылы бул мыйзамга диний уюмдарга саясий партиялардын иш-аракетине жана үгүтүнө катышууга тыюу салуу тууралуу өзгөртүү киргизүү зарылдыгы талкууга коюлду.

Учурда да «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамда ушул беренелер камтылары айтылууда. Анын катарында никабга, динди жайылтуу максатында турак үйлөрдү жана турак эмес жайларды кыдырууга, дин негизинде партия түзүүгө, диний ишмерлерге шайлоого катышууга, үгүт иштерине катышууга тыюу салынат. Дин таануу сабактарын жекече тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга тыюу салынат. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган диний уюмдун өкүлү болбогон дин кызматкерлерине ЖМКларда жана интернет тармагында чыгууга тыюу салынат. Жогорку жана атайын билими бар адамдар гана насаатчы боло алышат. Эсептик каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан чыккан насаатчынын диний ишмердигине тыюу салынат.

Көрүнүп тургандай, колонизаторлор белгилеген алкакта дин жаатындагы мыйзамдар уламдан улам катаалданып жатат. Дин тутуу эркиндиги эмес, тескерисинче дин тутуунуу чектөө болууда. Бул абал сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги, демократия деген ураандар бүтүндөй жалган экенин дагы бир ирет ырастап жатат.

Чет элдик агент, ЖМК жөнүндөгү мыйзамдар талкууга коюлганда бейөкмөт уюмдар, Батыш мамлекеттери каршылыгын билдирип, бул сөз эркиндигине, демократияга каршы келет деп чыгышкан. Азыр болсо, дин жаатында ушундай үлкөн чектөөлөр коюлуп жатканына карабастан, алардын эч бири ооз ачышкан жок. Себеби колонизаторлор – жогоруда айтылгандай – Исламдын жайылуусун, кубат алуусун каалашпайт. Анткени Ислам – бул капитализмге каршы турган альтернативалык система. Ошондуктан, колонизаторлор Исламдын тикеленишене жол беришпейт. Ушундай мыйзамдар жана башка чаралар менен Исламга каршы идеологиялык күрөшүн улантышат.

Ал эми, биз, мусулмандар, кандай гана чектөө же тыюу болбосун, дин үчүн аракетти улантуубуз кажет. Анткени, жогорудан маалым болгондой Ислам менен капитализм ортосунда идеологиялык күрөш жүрүп жатат. Инша Аллах, бул күрөштө мусулмандар жеңип чыгат. Аллах Таала айтат:

﴿والعاقبة للمتقين

«Акыбет болсо такыбалардыкы болот»                                          [7:128]

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here