Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Аялдарга жакшы мамиле кылгыла
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
ورد في سنن ابن ماجه – كتاب النكاح – حدثنا أبو بكر بن أبي شيبة حدثنا الحسين بن علي عن زائدة عن شبيب بن غرقدة البارقي عن سليمان بن عمرو بن الأحوص حدثني أبي أنه شهد حجة الوداع مع رسول الله صلى الله عليه وسلم فحمد الله وأثنى عليه وذكر ووعظ ثم قال: ” استوصوا بالنساء خيرا فإنهن عندكم عوان ليس تملكون منهن شيئا غير ذلك إلا أن يأتين بفاحشة مبينة فإن فعلن فاهجروهن في المضاجع واضربوهن ضربا غير مبرح فإن أطعنكم فلا تبغوا عليهن سبيلا إن لكم من نسائكم حقا ولنسائكم عليكم حقا فأما حقكم على نسائكم فلا يوطئن فرشكم من تكرهون ولا يأذن في بيوتكم لمن تكرهون ألا وحقهن عليكم أن تحسنوا إليهن في كسوتهن وطعامهن“
Бул тууралуу Ибн Маажанын “Сунан” китебинде айтылган. Абу Бакр бин Абу Шайба Сулайман бин Амр бин Аль-Ахвастан риваят кылат. Атам мага Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) коштошуу ажылыгында Аллахка шүгүр айтып, аны мактап, эскертип, насаатында мындай дегенин айткан: “Аялдарыңарга жакшы мамиледе болгула. Анткени алар силердин алдыңардагы туткундар (эркектердин башкаруусу алдында болушкандыгы себептүү). Эгер алар ачык-айкын уятсыздык жасабаса (Тактап айтканда, алар бузуку иштерди жасабаса (тил албастык, жаман кулк-мүнөз, тили жана колу менен күйөөсүнө жана анын үй-бүлөсүнө зыян келтирүү маанисинде)). Силер алардын үстүнөн андан башка эч нерсеге ээ эмессиңер (Тактап айтканда, аялдарга насаат кылуудан жана аларга жакшылык кылуудан башка эч нерсеге ээ эмессиңер). Эгер ошондой (баш ийбестик кылышса) алардын төшөктөрүн бөлгүлө. (андан да насаат албаса) Аларды катуу эмес, зыян келтирбеген абалда ургула. Эгер алар силерге баш ийишсе, аларга каршы жол издебегиле. (Башкача айтканда, аларды эч кандай кысымга албагыла. Бул аялдарга жакшы насаат кылуу жана эгер алар бузукулукка барышса, акырындык менен жазалоо керектигин билдирет). Чындыгында, силердин аялдарыңардын үстүнөн акыңар бар. Аялдарыңардын силердин үстүңөрдө акылары бар. Ал эми аялдарыңардын үстүндөгү силердин акыңар: алар силер жактырбаган адамды үйүңөргө киргизбесин б.а. аялдар силер жактырбаган эч кимге үйүңөргө кирүүсүнө жана үйүңөрдө отуруусуна уруксат бербеши керек. (Мейли уруксат берилген адам бөтөн эркек болобу, аял болобу, же аялынын махрамдарынын бири болобу айырмасы жок). Чындыгында, алардын силердин үстүңөрдөгү акылары, алардын кийим-кечелеринде жана тамак-ашында жакшы мамиле кылууңар т.а. алар силердин кайдыгерликсиз, жетиштүү болгон багууга татыктуу.
Бул хадис Ас-Синдинин шархында “Нике китеби – Аялдарга жакшы мамиледе болгула” темасы менен келген. “Аялдарыңарга жакшы мамиледе болгула” сөзү – осуятты кабыл кылуу маанисин билдирет. Башкача айтканда, мен силерге алар менен жакшы мамиледе болууну осуят кылам, алар тууралуу менин осуятымды кабыл кылгыла дегени.
Ат-Тиби айтты: “Аялдарыңарга жакшы мамиледе болгула” сөзү талап кылууну билдирет. Башкача айтканда, аларга жакшылык кылууну өзүңөргө буйрук кылгыла же бири-бириңерге аларга жакшылык кылууну жана алардын адепсиздигине сабыр кылууну осуят кылгыла.
“Аваан” сөзү туткунду түшүндүргөн “Аания”нын көптүк түрү. “Эгер алар ачык-айкын уятсыздык жасабаса”. Тактап айтканда, алар ачык-айкын уятсыздык кылбаса эле күйөөлөрү аялдарга жакшы насаат жана жакшы мамиле кылууга тийиш. Бул жерде уятсыздык: тил албастык, жаман кулк-мүнөз, тил жана кол менен күйөөсүнө жана анын үй-бүлөсүнө зыян келтирүүнү билдирет. Зынаны билдирбейт. Анткени анын жазасы башка.
“Төшөктөрүн бөлгүлө” сөзү уктоочу жайда алар менен бир төшөктө жатпагыла, алар менен жакындашпагыла дегенди билдирет. Анткени, бул жыныстык катнаштан тосуу маанисинде.
“Аларды катуу эмес, зыян келтирбеген абалда ургула” сөзү Алла Тааланын: “واللاتي تخافون نشوزهن ” “Алардын баш ийбестигинен корксоңор” деген сөзүнө ылайыктуу. Демек, бул хадис аяттын тафсирине окшош. Анткени, аны уруу дегени катуу эмес, акырын уруу болуп саналат.
“Эгер алар силерге баш ийишсе, аларга каршы жол издебегиле”. Башкача айтканда, аларды жемелеп, аларга зыян жеткирбеш керек. Күйөөсү экөөнүн ортосунда болгон нерсени болбогондой кылып көз жумуп коюусу керек. Анткени, күнөөсүнөн тообо кылса, күнөөсү жок адам сыяктуу болот.
“Алар силер жактырбаган адамды үйүңөргө киргизбесин”. Ибн Жарир өз шархында, силерден башка эч кимди өздөрүнө жакын тутпасын деп чечмелеген. Анткени зынаа бардык жагынан арам.
Ал-Хаттаби “Алар силер жактырбаган адамды үйүңөргө киргизбесин” сөзү “аялга бөтөн эркектердин эч кимиси менен сүйлөшүүгө уруксат берилбестигин билдирет” деген. Эркек менен аялдын сүйлөшүүсү арабдардын каада-салтына кирген. Алар муну кемчилик катары көрүшкөн эмес жана шектүү деп эсептешпеген. Хиджаб жөнүндөгү аят түшүп, аялдар обочолонуп калганда, алар менен сүйлөшүүгө жана алар менен бирге отурууга тыюу салынган.
“Жаман көргөн адамыңарды”. Башкача айтканда, силер анын кирүүсүн жек көрөсүңөрбү же анын өзүн жек көрөсүңөбү айырмасы жок. Туурасы, аялдын махрамыбы же аялбы айырмасы жок, күйөсүнүн макулдугусуз үйгө кирүүгө жана отурууга тыюу салынат. Туурасын Аллах билүүчү.
Урматтуу бир туугандар!
Аллах үй-бүлөлүк жашоону бири-бирин ар тараптан толук шерик катары коштоп жүргөн жолдоштук кылып жараткан. Жолдоштук – бул бири экинчисин ынандырган шериктештик. Аллах Таала бул никени кадыржамдык жайы кылып койгон жана Аллах Таала жубайлардын ортосунда жакшы мамилени насаат кылган.
Күйөөлөр аялына жакшы мамиле кылышы керек. Аллах үйдү башкарууну аялдын үстүнөн күйөөсүнө жүктөдү жана анын камкорчусу, жетекчиси кылды. Аллах Таала айтты:
قال تعالى: ” الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ “
“Эркектер аялдардын кожоюну” (Ниса: 34).
Күйөөсүнүн аялга валийлиги жана үйгө жетекчилик кылуусу анын үйдөгү өкүмдар экенин, аялы үстүнөн эч нерседен баш тартпай тургандай өкүм кылуучу экенин билдирбейт. Тескерисинче, күйөөсүнүн үйгө жетекчилик кылуусунун мааниси, үй иштерине кам көрүү жана аны жетекчилик сыпаты менен (пикир аркылуу) башкаруу. Кожоюндук – үйдө бийлик жүргүзүү же өкүм жүргүзүү эмес. Анткени күйөө жана аял башкуруучу менен башкарылуучу, же өкүмдар менен өкүм кылынуучу эмес. Булар өмүрлүк жолдоштор. Тескерисинче, алар үй чарбасын башкаруу жана камкөрүү жагынан жетекчилик алардын бирине берилген өмүрлүк жолдоштор. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) өз үйүндө аялдарына жолдош болгон. Ал мамлекет башчысы, пайгамбар болгонуна карабай аларды башкарууда өкүмдарлык кылган эмес.
روى مسلم في صحيحه أن أبا بكر استأذن على النبي، ودخل بعد أن أذن له ثم استأذن عمر ودخل بعد الأذن، فوجد النبي جالساً وحوله نساؤه واجماً ساكتاً فقال عمر: لأقولن شيئاً أضحك النبي e ثم قال: يا رسول الله، لو رأيت بنت خارجة سألتني النفقة فقمت إليها فوجأت عنقها، فضحك رسول الله وقال: «هن حولي يسألنني النفقة».
Муслим өзүнүн “Сахих”инде риваят кылат: “Абу Бакр (р.а) пайгамбардан уруксат сурады. Уруксат берилгенден кийин кирди, андан кийин Умар уруксат сурады, уруксат бергенден кийин ал да кирди. Ал пайгамбардын аялдарынын курчоосунда унчукпай отурганын көрдү. Азирети Умар: “Мен пайгамбарыбызды күлдүргөн бир сөз айтам”, – деди. Анан айтты: “Оо Аллахтын Элчиси, бинти Хорижа (т.а. Умардын аялы) нафака сураганын көрсөм да, ордуман туруп желкесине бир урсам деймин»,-деди. Расулулла (с.а.в) күлүп жиберди да: «Мына булар да тегерегимде нафака сурап отурушат»,-деди».
Мындан маалым болгондой, эрдин аял үстүнөн валийлик кылуусу иштерге жетекчилик кылуу болуп, бул жетекчилик өкүмдарлык жана акимдик эмес, балким, достук жетекчилиги болуп эсептелет. Ошондуктан, аял да сөз кайтарышы жана талкуулашып-тартышышы мүмкүн.
Туура жолду көрсөткөн Пайгамбарыбыз Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллах ыраазы болсун.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 14-жуммадул уула.
2024-ж, 16-ноябрь.