Макала

Билбей туруп Аллахка каршы сөз айтуу күнөө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Билбей туруп Аллахка каршы сөз айтуу күнөө

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

رَوَى ‏الزُّهْرِيِّ ‏ ‏عَنْ ‏ ‏عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ ‏ ‏عَنْ ‏ ‏أَبِيهِ ‏ ‏عَنْ ‏ ‏جَدِّهِ ‏ ‏قَالَ: سَمِعَ النَّبِيُّ ‏ ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ‏ ‏قَوْمًا ‏ ‏يَتَدَارَءُونَ ‏ ‏فَقَالَ: ‏ “‏إِنَّمَا هَلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ بِهَذَا ضَرَبُوا كِتَابَ اللَّهِ بَعْضَهُ بِبَعْضٍ وَإِنَّمَا نَزَلَ كِتَابُ اللَّهِ يُصَدِّقُ بَعْضُهُ بَعْضًا فَلَا تُكَذِّبُوا بَعْضَهُ بِبَعْضٍ فَمَا عَلِمْتُمْ مِنْهُ فَقُولُوا وَمَا جَهِلْتُمْ ‏ ‏فَكِلُوهُ ‏ ‏إِلَى عَالِمِهِ” رواهأحمد في مسنده

Аз-Захрий Амр бин Шуайбдан риваят кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) талашып-тартышып, бири бирине каршы чыгып жаткан адамдарды угуп мындай деди: “Чындыгында, силерден мурункулар да ушунун айынан жок болушту. Алар Аллахтын китебин (аяттарын)  бири бирине карама-каршы коюшту. Акыйкатта, ал бири бирин тастыктоочу болуп түшүрүлдү. Эмнени билсеңер айткыла, эмнени билбесеңер аны билгенге калтыргыла. (Ахмад өзүнүн Муснадында риваят кылган).

Айюб Ибн Мулайкадан риваят кылынат. Абу Бакр Ас-Сыддыктан (Аллах андан ыраазы болсун) бир аят тууралуу сурашканда, ал айтты: “Эгер мен Аллахтын Китебинде Аллах каалагандан  башка нерсени айтсам, кайсы жер мени батырат жана кайсы асман калкалайт?

Ибн Масуд жана Ибн Аббастын риваятында: “Ким адамдар сураган бардык нерсеге фатва берсе, ал оорулуу”.

Имам Шафий (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: “Мен Маликтин мындай деп айтканын уктум. Ибн Ажлан: “Эгер аалым  билбейм деп айта албаса, акыретин жок кылат”. Ибн Ажлан Ибн Аббастан риваят кылган.

Абу Хусейн аль-Асади айтты: “Алардын бири бул маселе боюнча фатва чыгарат. Эгер ал маселе Азирети Умарга сунушталганда, ал Бадрга катышкандарды чогултуп алардын пикирин угуп, анан фатва бермек эле”.

Ибн Масьуддан риваят кылынат: “Кимде илим бар болсо айтсын. Кимдин илими жок болсо: “Аллах  билет” деп айтсын. Анткени Аллах пайгамбарына айтты:

{قُلْ مَآ أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ وَمَآ أَنَآ مِنَ ٱلْمُتَكَلِّفِينَ} ‏

“Айткын (эй Мухаммад): “Мен силерден мунун (куранды силерге жеткиргендигим үчүн) акысын да сурабайм жана мен оорчулук кылуучулардан эмесмин (б.а. куранды өз оюнан айтуучулардан эмесмин, ал эми ким өз оюнан бир нерсе айтса, ал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган болот.) (Сад: 86).

Бул үммөттүн абалкылары,  илим, амал, такыбалык жагынан бардык муундардын эң жакшысы болгон сахабалардын жана табииндердин сөзү. Ал эми, бүгүнкү күндө Аллахтын динине каршы батынып, адамдарга Аллах каалагандан башка фатваларды берип жаткан азыркы аалымдар эмне дейт? Эмне үчүн алар дүнүйөнү издеп тозокко жүздөнүшөт? Алар акимдерин ыраазы кылып, Роббисин нааразы кылышат? Элди илимден адаштырат. Алар жөнүндө Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай деген:

إذا رأيتم العلماء على أبواب السلاطين فخافوا على دينكم منهم“.

“Эгер султандардын алдында аалымдарды көрсөңөр, алардан диниңер үчүн корккула”.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 11-жумадул уула.

2024-ж, 14-ноябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Сүткор банктар 9 айда 115 млрд сом киреше тапты

Сүткор банктар 9 айда 115 млрд сом киреше тапты 2024-жылдын тогуз айында (январь-сентябрь) Кыргызстандагы каржы…

2 days ago

Акырет камы

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Акырет камы  Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

2 days ago

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт

1-январдан тарта жол салыгы алына баштайт 1-январдан тарта өлкөдөгү жолдор үчүн автоунаа ээлери май куйганда…

4 days ago

Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жүрөктөрдүн азгырыктарга туш болуусу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

5 days ago

ДАЮС жаннатка кирбейт

ДАЮС жаннатка кирбейт وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال :( ثلاثة…

7 days ago

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын максаты Азыр бүткүл дүйнө боюнча капитализм колдонулуп…

7 days ago