Орто Азия

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана башка кумар оюндарын ачууга уруксат берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогоку Кеңешке келип түштү.

Учурдагы мыйзамда мамлекеттик мекемелерде казино же букмекердик оюндардын жайгашуусуна тыюу салынган. Өлкөдө үч казино жана төрт букмекердин ишмердүүлүгүнө уруксат берилген.

          Эске салсак, Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров калктын катуу каршылыгына карабай, 30-июнда кол койгон.

Түпкүлүгүндө, казино сыяктуу кумарканалар капиталисттик түзүмдө бийлик адамдары сол чөнтөккө топтогон каражаттарын жууп чыгаруучу курал катары пайдаланылат. Бүт дүйнөдө кумарканалардын негизги кирешеси, ушуга окшогон ыплас иштерди аткарып берүү менен өнүгүп барат. Демек, кумаркана мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупция иштерин өнүктүрүүдө өтө маанилүү тармак болуп эсептелет.

Мындан да маанилүүсү, кумар оюндары Аллах Таала арам кылган амалдардан. Мааида сүрөсүндө Аллах Таала мындай делет: “Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда таякчалар менен төлгө ачуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!”. (Мааида, 90-аят).

Андыктан, ар бир мусулман адам кайсы бир ишке кадам коёрдо анын шаръий өкүмүн билиши парз. Ал эми, бийлик ээлери айтып жаткан “пайдалар” кумарды арамдыктан чыгарып коё албайт. Ошондуктан, биз мусулмандар бийликтин коомду бузуучу, шариятка тескери аракеттеринин баарына каршы туруубуз шарт. Расулулла (салаллаху алейхи вассалам) мындай деген: «Албетте, Аллах Азза ва Жалла жеке адамдын амалы себептүү элди азаптабайт. Качан алар өз араларында мункарды көрүп туруп, аны четке кагууга кудуреттүү болуп туруп четке кагышпаса, мына ошондо Аллах жеке адамды да, элди да азаптайт».

Нурдин Асаналиев

turkistonkg

Recent Posts

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago

Алла шерик кошууга муктаж эмес

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Алла шерик кошууга муктаж эмес Урматтуу бир туугандар “Асыл…

2 days ago