بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу
Устаз Асъад Мансур
Ар кандай мамлекеттин тышкы саясаты жөнүндө сөз кылмакчы болсок, оболу бул саясат кандай негиздерге негизделгенин, анын максаттарын жана алакаларын о.э. андан келип чыккан жана ага байланыштуу болгон бардык нерселер мына ошол нерселерге негизделишин түшүнүшүбүз керек. Антпесе, киши окуялардын өзгөрүшү менен эмне кыларын билбей, башаламан аракет кылып, карама-каршылыктар ириминде калат. Анын күрөшү окуяларды ушул негиздерге байлабаган абалда алардын сырткы көрүнүшүнө негизделип, үстүртөн болуп калат. Ал саясатты түшүнбөй, туура пикир билдире албайт.
Кеп Иран жөнүндө болуп жатканы үчүн мындай дейбиз, ал өзүнүн тышкы саясатын учурдагы эл аралык системага ылайык жүргүзгөн мамлекет. Ал БУУ, Ислам Кызматташтык Уюму, БРИКС жана Шанхай сыяктуу уюмдарга мүчө. Анын бардык эл аралык мамилелери Исламга негизделбеген жана максаты улуттук кызыкчылыктарды жүзөгө чыгаруу. Иран бул кызыкчылыктарды жүзөгө чыгаруу үчүн шиа мазхабынан пайдаланат. Эгер бул нерсе ошол кызыкчылыктарга тескери келсе, Иран шиа мазхабына көңүл бурбайт. Калкынын көпчүлүк бөлүгү шиа мазхабына таандык болгон Азербайжанга карата Ирандын мамилеси буга далил. Себеби, 1989-жылда Азербайжан калкы Россияга каршы козголоң кылганда, бул козголоң Ирандын Россия менен болгон мамилесине тескери келгендиктен Иран азербайжандарды колдободу. Иран 1993-жылы Азербайжандын 20 пайызын басып алган армяндарга каршы күрөштө азербайжандарга жардам бербеди. 2020-жылы азербайжандар өз жерлерин кайтарып ала баштаганда да Иран аларды колдоп-кубаттабады.
Ирандын негиздөөчүсү Хамейний: «Иран Америка менен – анын ички иштерине аралашпоо шарты менен – кызматташууга даяр», – деп билдирүү берген. Муну менен Ал Иран Американын орбитасында айланышын жарыялады. Бул жөнүндө Ирандын мурунку президенти Банисадр билдирген. АКШ разведкасы бул туурасында Хамейнийдин АКШнын мурунку президенти Жимми Картерге жолдогон катты жарыялады. Иран Афганистан жана Ирак басып алынышында Америка менен кызматташканын Ирандын мурунку президенти Ахмадинажад жана Ирандын мурунку президенти Хатамийдин орун басары Мухаммад Абтахий да билдирген. Бул чындык Сирияда өз тастыгын тапты – Иран Американын малайы Башар Асадды колдоп-кубаттады.
Иран мусулмандар, христиан жана яхудийлер ортосунда тидектештикти камсыздаган башкаруу түзүмүн тастыктоо үчүн референдум өткөрүү менен анын рухий жогорку жетекчиси Хаменеий аркылуу Фалестинге карата саясатын билдирди. Иран муну менен Фалестинде баскынчы яхудийлердин турушун моюнга аларын жана кааларын жарыялады.
Ошондуктан, Иран региондо эч бир маселени Американын көрсөтмөсү жок кылбайт. Ирандын саясатын ушул негизде түшүнүү керек. Антпесе, киши өзүн да, башкаларды да адаштырат. Бул саясат өзгөрбөгөндүгүн тарыхтагы көптөгөн мисалдар аркылуу байкоого болот.
Мисалы, Иран ыңкылаптык гвардия жетекчилеринин Дамаскта өлтүрүлүшүнө жооп бермекчи болгондо, анын мурунку тышкы иштер министри Абдуллахан кандай жооп кайтарууну үйрөнүү үчүн Оманда америкалыктар менен байланышып жатканын ачыктады. Андан кийин гана жооп соккусу катары 332 ракета учурулду. Көрүнүп тургандай, бул ракеталарды яхудий вужудуна жетишинен мурун атып түшүрүү үстүндө келишим болгон. Себеби, бул соккулар олуттуу болбогон, абройду сактап калууга каратылган.
Хамастын саясий бюросунун жетекчиси Исмаил Ханийя Ирандын борборунда өлтүрүлгөнүндө Иран жооп соккусун беришин жарыялады. Америка Иранды АКШ-Мисир-Катар демилгеси Газада ок атууну токтотууга алып барганга чейин күтүп турууну жана бул соккулар сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратпашы керетигин талап кылды. Ошондуктан, Иран күтө турганын билдирип, тактикалык жана стратегиялык сабырды жарыялады.
Бул нерселер яхудий вужудун Ливандагы Иран хизбине чабуул кылып, анын жетекчисин жана көптөгөн биринчи макамдагы жетекчилерин өлтүрүүгө үндөдү. Мындан тышкары, яхудий вужуду байланыш каражаттары жана аба чабулдары аркылуу миңдеген Ирандын тарапкерлерин өлтүрдү жана жарадар кылды.
Яхудий вужуду Ливанга кургактыктан бастырып кирмекчи экендигин жарыялады. Америка муну четке какты. Яхудий вужуду өзүнүн премьер-министри Нетаняху аркылуу Жакынкы Чыгышты жаңыдан түзөрүн айтып, текебердигин дагы да күчөттү. Бул болсо, Америка яхудий вужудунан каалаган нерсенин бузулушу болуп эсептелет. Сеебеби, Америка региондо өзүнүн таасирин бекемдөө, Ислам Умматы азат болуп, ойгонушуна жана Халифалыкты тикелешине жол бербөө үчүн яхудий вужудун анын куралы бойдон калышын каалайт.
Ирандын аброю төгүлдү. Тарапкерлери анын кубатына жана олуттуулугуна күмөн кыла башташты. Бул болсо, анын регионалдык таасирин чектейт, өлкө ичиндеги оппозицияны козголоңго жана режимди кулатууга аракет кылууга үндөйт. Айрыкча, европалыктар, өзгөчө, Британия анын ичинде иш алып барууну токтотпой келүүдө. Ушул себептен улам, Иран 200 ракета атып, олуттуу аракет көрбөй жаткандыгын көрсөтүү үчүн ушуну менен чектелишин билдирди. Америка да Иран режиминин аброюн сактап калууну, Нетаняхунун жана анын тобунун текебердигин тизгиндөөнү көздөдү. Нетаняху жана анын тобу бир жылда Газадагы кыргындарды эч кандай тоскоолдуксуз улантуу, коргоосуз жаш балдарды, аялдарды жана эркектерди өлтүрүү о.э. үйлөр, мектептер жана ооруканаларды ойрон кылып сыймыктануу азгыруусуна кабылды. Бул абал жүрөгү таштай каткан мусулман өкүмдарларына таасир кылбады. Ошондуктан, алар кайдыгер болуп калышты. Уммат да, анын армиялары да аларды кулатуу, Фалестиндеги боордошторуна жардам берип, аны азат кылуу үчүн дагы эле аракетке келбеди. Яхудийлер кандай деген кыргындарды жасашса да, Американын бүтүндөй колдоосуна азгырылып калышты. Яхудийлер Американын Газада ок атууну токтотуу жана “эки мамлекет” чечимин жүзөгө чыгаруу боюнча бардык аракеттерине тоскоолдук кылып жатканына карабастан, Америка аларды эркелетип жатат.
Яхудий вужуду Ливанга сокку берип, аны басып алуу менен коркута баштады. Ошол эле учурда, Иран бул соккуну жасады. Америка Ирандын ага моюн сунбай коюшун токтотуу үчүн, ал аткан ракеталардын 12син атып түшүрдү. Яхудий вужуду бул ракеталардан кээ бир имараттар зыян көргөнүн жана жооп соккусун беришин жарыялады. Америка яхудий вужудунун Ирандын ядролук жана нефть объектилерине зыян жеткиришин алдын алуу үстүндө иштеп жатат. Себеби, эгер бул объектилерине ойрон кылынса, Иран олуттуу проблемаларга туш болот жана ал да дал ушундай жооп соккусун бериши зарыл болуп калат. Антпесе, ал өзүн ички жана регионалдык жактан коркунучка кептейт. Муну менен Америка Иранда чоң жоготууга учурайт. Бул болсо, европалыктарды Иранда өз таасирин кайра тикелөөгө үндөйт. Ошол эле учурда, Америка президенттик шайлоо себептүү яхудий вужудун тизгиндөө боюнча кескин чечим кабыл албай жатат. Демократтар аны колдон чыгарууну каалашпайт. Себеби, республикачылар яхудий вужудун жана анын агрессиясын болуп көрбөгөндөй колдоо менен демократтардан үстөм келиши да мүмкүн.
Америка яхудий вужудун колдоо менен итаат кылдыруу ортосунда тең салмактуулукту пайда кыла албады. Америка аны сынга алууга, күчсүз жана начар деп айтууга чөйрө жаратты. Анын дүйнөнү башкаруу жана дүйнөнүн проблемаларын чечүү жөндөмүнө ишеним төмөндөдү.
Американын артынан ээрчиген европалыктар эч нерсе кыла албайт. Мындан тышкары, алар яхудий вужудун жаратканы үчүн аны колдоп-кубаттоодон да баш тарта алышпайт. Эл аралык сот, Эл аралык кылмыш соту жана БУУ сыяктуу эл аралык институттар делген Батыштын мекемелери яхудий вужудун эч нерсеге мажбурламакчы эмес. Бул болсо аларды туңгуюкка киргизип, карама-каршылыктарга алып келди. Эгер Америка жана Европа яхудий вужудун өз токтомдоруна мажбурлоону жана ага олуттуу басым өткөрүүнү кааласа, ал моюн сунат. Себеби, алар яхудий вужудунун күрөө тамыры. Ошондуктан, алар яхудий вужуду токтомдорду өз ыктыяры менен аткарышын каалашты. Бул болсо яхудий вужудун кылмыштарды улантууга үндөдү.
Иран Ливанда ок атууну токтотуу жолун издей баштады. Себеби, ал Сирия калкына каршы согушка киргендей яхудий вужуд менен согушка кирүүнү каалабайт. Ирандын Фалестинди азат кылуу максаты да жок. Ушул себептен улам, Иран тышкы иштер министри Аракчи муну талкуулоо үчүн Бейрут жана Дамаскка барды.
Эрдаган жана башка өкүмдарлардын беткабы сыйрылып түшкөндөй, Ирандан да беткабы сыйрылды. Уммат анын кадырын жана аброюн тикелей турган чыныгы саясий жетекчиликке умтула баштады. Бул жетекчилик пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө аракет кылат.
Роя гезити, №516, 2024-жыл, 9-октябрь.