Жаңылыктар

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко тартууну сунуштады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, мындай материалдарды сактагандарды үч жылга чейин абакка кесүү каралган. О.э жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган экстремисттик материалдар боюнча да жоопкерчилик каралган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2020-жылдан баштап 2024-жылдын сентябрь айына чейин экстремисттик кылмыштарга байланыштуу 1823 кылмыш иштери козголгон. Ички иштер министрлиги буга чейин Кыргызстанда экстремизмди жайылтуунун жазасын күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун да коомдук талкууга чыгарган. Анда экстремизм менен айыпталган мусулмандардын жазаларын эки, үч жылга чейин көтөрүү каралган. Маселен, 3 жыл мөөнөт абакка кесиле тургандарды беш жылга, беш жылга камала тургандарды 7 жылга жазалоо сунушталган.

Буга кошумча, бийликтин “светтик” оппоненттерине карата да “экстремизм” тамгасы басыла баштады. Анткени, Шанхай уюму тарабынан экстремизмге берилген аныктама буга жол берет.

Комментарий:

Негизи буга чейин эле Кыргызстанда 21 диний уюмга тыюу салынып, алардын мүчөлөрүнө карата ар кандай жазалар колдонулуп келген. Учурда жазаларды күчөтүү жана “экстремизм” менен айыпталгандардын чөйрөсүн кеңейтүү аракети жүрүп жатат. Анткени, өлкөдөгү салык жана төлөмдөрдүн көбөйүшү калкта бийликке карата нааразылыкты күчөтүп барууда. Мындай абал оппозиция үчүн ыңгайлуу учур болуп, өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылышты. Бирок, учурдагы бийлик оппозиция лидерлерин камоолор аркылуу сындырдым деп ойлоп жаткандыктан, кезектеги күрөштү мусулмандарга каратууда. Чыныгы мусулмандардын позициясын жана нааразылыгын бастыруу үчүн аларды “экстремизм” менен айыптап, камоолор аркылуу коркутмакчы болууда. Бийликтин мындай кадамында өз кызыкчылыгы бар болсо да, түпкүлүгүндө Исламга жана анын баалулуктарына дүйнөлүк куфр системасы каршы күрөшүүдө. Бул багытта атайын долбоорлор иштелип чыгып, кредиттер бөлүнүп жатат.

Белгилүү болгондой, учурда дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан империалисттик капитализм чирип, кулоо алдында турат. Аны кулатып, ордуна бой тикелей турган түзүм – бул Ислам. Ошондуктан, колонизаторлор мусулмандарды чыныгы Исламдан чалгытуу үчүн “салттуу ислам”, “ылайыктуу ислам” деген долбоорлорду ишке салышты. Булардын каршысында нукура Исламды кармангандарды, аны көтөрүп чыгуучуларды “эктремист”ке айландырышты. Мындан белгилүү болгондой, экстремизм жана терроризм жомоктору кафирлер тарабынан Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн ойлоп табылган. Ал тургай, азыр алар берген аныктамага өздөрүнүн иштери дал келет.

Албетте, эл аралык жана жергиликтүү саясаттагы мындай эки жүздүүлүк капитализмдин ажалын жакындатып жатканы шексиз. Анткени, дүйнөдө жана региондо болуп жаткандай, Кыргызстандагы идеологиялык жана саясий боштук улам тереңдеп барууда. Буюрса, бул идеологиялык боштукту Ислам, саясий боштукту саясий аң-сезимдүү мусулмандар толтурушат. Колонизатор кафирлер менен алардын малайларынын куулук-шумдуктары бүтүндөй таш кабат. Аллах Таала айтат:

)وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ(

– «Алар айла кылышат, Алла да «айла» кылат. Алла «айлакерирээк».        [8:30]

turkistonkg

Recent Posts

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар)  Убадага тескери…

2 days ago

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…

3 days ago

Азан чакырганда дуба кылуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Азан чакырганда дуба кылуу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

7 days ago