Жаңылыктар

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу 16-октябрда “Кабар” агенттигине берген маегинде айтты.

“Мен бийликке келген 4 жылдан бери тышкы саясатта көп векторлуу саясат жүргүзүп келем. Керек болсо кечээ жакында эле Евросоюз менен дагы кызматташууга кол коюп келдик. КМШ өлкөлөрүнүн башка мүчөлөрү менен дагы тыгыз кызматташып жатабыз. КМШ өлкөлөрүнүн айрым мүчөлөрү менен товар алмашуубуздун көлөмү акыркы 4 жылда 7 эсеге өстү. Россия менен товар жүгүртүү 4 млрд доллардан ашат”, – деди Жапаров аталган маекте.

Эске салсак, 8-октябрда Садыр Жапаров “Россия-1” телеканалынын журналистинин Орусия менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн алакасына Батыштын көз карашы жөнүндөгү суроосуна жооп берген. Анда ал Батыш өлкөлөрү Орусия менен башка мамлекеттердин кызматташуусуна “көрсөтмө бербеши керек” деп айткан.

Негизи “көп векторлуу саясат” сөзүн алсыз мамлекеттердин жетекчилери ири державалардын басымдарынан качуу үчүн колдонушат. Бул сөз Россия, Кытай, АКШ, Европа сыяктуу державалардын бардыгын ыраазы кылуу үчүн, аларга колонизторлук эшиктерин бирдей ачып берем дегенди билдирет.

Белгилүү болгондой, “көп векторлуу саясат” бүгүнкү күндө Батыш колонизаторлору үчүн пайдалуу. Анткени, бул саясат АКШ жана Европанын өлкөгө таасири кирип келүүсүнө, Россия менен Кытайдын таасирин сүрүп чыгууга жол ачат. Анткени, Орусия Кыргызстанга өз ээлиги катары карайт. Аны ар дайым көз каранды абалда кармап тургусу келет. Ушул максатта өзү лидерлик кылган, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ уюмдарын майнаптуу пайдаланып келүүдө. Бирок, саясий жана экономикалык алсыздыгы себептүү, Кыргызстанга Кытай жана башка державалардын кирип келишине катуу тоскоолдук кыла албай жатат. Бирок, ким бийликке келбесин, Орусиянын ыраазылыгын алууга мажбур. Болбосо, жаңы келген бийлик Акаев, Бакиев, Атамбаев жана Жээнбековдун абалын кийип калышы оор эмес.

Ал эми, АКШ Кыргызстанда Орусиядай таасирдүү болбосо да айрым малай кадрларын бийликке жеткирүү, маалымат каражаттары, бейөкмөт уюумдар сыяктуу “колу-буттары” менен таасирин кеңейтип барууда. Ошондой эле БУУ, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Дүйнөлүк соода уму, ЮНИСЕФ сыяктуу эл аралык уюмдарды өз таасирин жаюуда майнаптуу пайдаланып келет. Мындан тышкары, 2018-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирген С5+1 саммитин өткөрүп келет. Түпкүлүгүндө, АКШнын Кыргызстанга карата саясаты – анын Орусия жана Кытайга каратылган стратегиялык саясаты – алкагында жүрөт. АКШнын Орусияга карата стратегиясы: анын колонияларын тартып алып, аны чакан мамлекетке айландыруу. Ал эми, Кытайга карата стратегиясы: аны өз ийининде кармап, сыртка кеңейишине жол бербөө. Учурда АКШ үчүн Орусияга караганда Кытайдын атаандаштык коркунучу күчтүүрөөк болгондуктан, Кытайга карата маалыматтык чабуулду күчөтүп барууда.

Кытай болсо Кыргызстанда илгертен калыптанып калган жылма саясатын жүргүзүп келүүдө. Ушул максатта, аймактагы жакыр өлкөлөр менен катар Кыргызстанды да карыздары менен тушап алууда. Акыркы учурда ШКУ уюмунда таасирин күчөтүп, Борбор Азияда экономикалык эле эмес, коопсуздук тармагындагы кызыкчылыктарын да ишке ашыра баштады. Буга Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун башталышы, өлкөдөгү кен байлыктардын дээрлик баарын мушрик кытай компанияларынын иштетип жатышы жана акылдуу камераларды орнотуулары мисал боло алат.

Акыркы жылдары Европа Биримдиги да Кыргызстандагы таасирин күчөтүүгө урунууда. Айрыкча, Украина согушу артынан Европа Орусиянын алсыздануусу үчүн бүткүл күчүн сарптап келет. Анын Кыргызстанга карата кылып жаткан иш-аракеттери Орусиянын алсыроосуна байланыштуу. Жогоруда Жапаров кеп кылган келишимге да мына ушул ыңгайлуу учурда кол коюлду.

Демек, Жапаровдун интервьюдагы актануусу негизинен Европа жана Америка баштаган эл аралык уюмдарга каратылган. Тагыраагы, жаңыдан түзүлүп жаткан экономикалык кызматташтык жана инвесторлордун келүүсү токтоп калуусунан кооптонуп жатат.

Тыянактап айтканда, Кыргызстан мына ушул колонизатор мамлекеттердин талоону астында күн кечирип жатат. Ошондуктан, эл колонизаторлордун куурчагына айланган позиция-оппозиция өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына карата ишенимдерин жоготкон. Ким кайсы державага малай, ким популисттик кылып жатат – булардын бардыгын эл жакшы билет. Болгону, көпчүлүк калк тигил саясатчы сөрөйлөр сунуштаган жолдон башка жолду көрө албай жатышат. Башка жол болсо – Ислам.  Аллахтын каалоосу менен, Кыргызстанда исламий көрүнүштөр тездик менен кеңири кулач жайып барууда. Мында ар бир даъватчы мусулмандын, ар бир исламий жамааттын зор мээнети жана салымы бар. Ошондуктан, жогорудагы ири мамлекеттердин баары биригип, мына ушул Исламий чөйрөнү бөлүп-жарууга болгон аракетин жумшап жатат. Айрыкча, “Мээлүүн Ислам”, “Салттуу Ислам” сыяктуу ар кыл долбоорлор аркылуу Исламдын саясий табиятын кесүүгө аракет кылышууда. Ошондуктан, мусулмандар алардын тузактарына түшпөстөн, ыйманий чөйрөнү сактап калууга аракет кылышы шарт. Ар бир мусулман ар бир ишин акыйдасынан келип чыккан шаръий өкүмгө негизделип аткаруу менен – ыйманий чөйрөсүн сактап калат.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…

22 hours ago

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар)  Убадага тескери…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…

3 days ago

Азан чакырганда дуба кылуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Азан чакырганда дуба кылуу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

7 days ago