Макала

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскалани “Фатх аль-Бари” китебинде “Сахих аль-Бухари”ге берген түшүндүрмөсүндө мындай деп айтат:

حدثنا مسدد قال: حدثنا عبد الله بن داود عن الأعمش عن منذر الثوري، عن محمد بن الحنفية عن علي بن أبي طالب قال:  كنت رجلا مذاء فأمرت المقداد بن الأسود أن يسأل النبي صلى الله عليه وسلم فسأله فقال: فيه الوضوء.

Бизге Мусаддад Али бин Абу Талибден риваят кылып айтты: “Мен мази (суюктук) көп чыккан адам элем. Ошондуктан, Аль-Микдад бин Аль-Асвадга Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ал тууралуу суроосун өтүндүм. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Ага даарат алуу жетиштүү болот” – деди.

Сүйүктүү бир туугандар!

Аллах анын жүзүн нурлуу кылган Али (р.а) уялганына карабастан, уяттуулугу аны Асвад (р.а) аркылуу Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)га шарий өкүм суроосуна тоскоол болгон жок. Ал аркылуу дин маселесин үйрөндү. Мусулман динин үйрөнүүдө жана аны карманышында  тоскоол боло турган эч кандай уялуу жана кысынуу болбошу керек.

Эй мусулмандар!

Али (радыяллаху анху) уялганына карабастан, өзүнө тиешелүү болгон бир иштин өкүмүн сураганы, бизди кызыктырган көптөгөн маселелерге жана көптөгөн суроолорго унчукпай отуруубуз туура эмес экенин билдирет. Бул маселеде эч кандай уялуу да, кысынуу да болбошу керек. Ушундай болгон соң, үммөт бүгүн Газа, Ливан, Сирия жана башка мусулман өлкөлөрүндө болуп жаткан окуяларга карата өз милдетин сурабай, кантип унчукпай отурат? Ислам турмушта ишке ашып жаткандай, жашоо исламий болуп калгандай отуруу мүмкүнбү? Үммөт Аллахтын жердеги өкүмүн калыбына келтирүү үчүн иштөө милдети жөнүндө сурабай кантип карап отурат? Бизге бул маселеде кандайдыр милдеттенмелер жетишпей жатканы талашсыз. Кантип үммөт Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи туура жолдогу Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылбасын? Эгерде үммөт бул тууралуу илим ээлеринен сурап биле турган болсо, бул нерсеге унчукпай карап отурбас эле!

Оо Аллахым, бизге мусулмандарды бириктирип алардын башындагы балээлерден арылта турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолдогу халифалыкты тездет.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 10-Робиус-саани.

2024-ж, 13-октябрь.

turkistonkg

Recent Posts

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү

ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…

22 hours ago

Мазаммат кылынган хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم  АДЕП-АХЛАК  Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар)  Убадага тескери…

2 days ago

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди

Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…

2 days ago

Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт  вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…

3 days ago

Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Азан чакырганда дуба кылуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Азан чакырганда дуба кылуу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

7 days ago