Газадагы геноцид согушка тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн эмне күтүлөт?

139
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроожооп

Газадагы геноцид согушка тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн эмне күтүлөт?

 Суроо: яхудийлердин Газага каршы кол салуусунан он айдан ашуун убакыт өтсө да, кыргындар геноцид көрүнүшүндө уланууда. Согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр алып барылып, келишимдер түзүлүүдө. Бирок, яхудийлер – “Арабия” телеканалынын 2024-жылдын 3-сентябрдагы кабарына ылайык – булардын бардыгын четке кагып, ал тургай, Мисир тарабынан кызыл сызык деп эсептелген «Салахиддин коридорун» бошотуудан да баш тартышууда. Байден администрациясы бул сүйлөшүүлөргө демөөрчүлүк кылгандай, кыргындарга да демөөрчүлүк кылууда. Кыргындар уланып жатканда сүйлөшүүлөр аркылуу чечимге жетүү мүмкүн деген нерсени алга сүрүлүүдө! Суроо мындай: бул геноцид согушка тиешелүү сүйлөшүүлөрдөн кандай натыйжа күтүлөт? Американын бул кол салууну колдоп-кубаттоодогу ролу кандай? Америка “эки мамлекет” чечими деп жарыялап жаткан нерседе олуттуубу? Кантип бул кол салууну токтотуу жана Фалестинди өз калкына кайтаруу мүмкүн? Суроом узарып кеткени үчүн үзүр сураймын.

Жооп: бул суроолордун жооптору ачык-айкын болушу үчүн ушуларды карап чыгабыз:

Биринчи: геноцид согуш туурасындагы сүйлөшүүлөр, бул сүйлөшүүлөрдөн күтүлүп жаткан натыйжалар жана сүйлөшүүлөрдөгү Американын ролу:

  • Биз 2024-жылдын 22-мартындагы суроо-жооп баракчабызда мындай дегенбиз: «… Бул согуш ачык эле геноцид согуш болду. Ал бул кылмыштарды кылууда Америка жана Европанын колдоосуна таянды. Батыш лидерлери яхудийлердин Газага каршы жүргүзүп жаткан геноцид согушунда колдоо көрсөтүү үчүн Тель-Авивге агылып келишти. Араб жана Ислам өлкөлөрүндөгү режимдердин сүкүт сактоосу да аларды шыктандырды. Айрымдары армияларды Газа калкын колдоо үчүн мобилизациялоонун ордуна мужахиддердин чабуулун айыптап, эч нерсе болбогондой яхудий вужуду менен мамилелерин улантышты. Аны менен алакаларын мурда жана кийин нормалдаштыргандар келишим жана макулдашууларды жокко чыгарышкан да жок. Мисалы, Мисир режими менен “Кэмп-Дэвид”, Иордания режими менен “Вади Араба” сыяктуу келишимдер жокко чыгарылган жок. А түгүл, минималдуу согуш абалын да жасашкан жок…». (цитата бүттү). Ушул таризде Нетаняху 2024-жылы 1-апрелде Дамасктагы Иран элчилигинин комплексиндеги консулдук имаратка абадан сокку берип, дагы да ырайымсыз иш-аракеттерди жасоого батынды. Яхудий вужуду муну менен да канааттанган жок, Иран жана анын хизбин дагы да кемсинтүүнү каалады. О.э. ал 30-июлда кечкурун Ливан борбору Бейрутта Иран хизбинин жогору мартабадагы жетекчилеринин бири Фуад Шукрду бутага алган аба чабуулун ишке ашырды… Эртеси күнү, 31-июлда Иран борбору Тегерандын борборунда Хамас жетекчиси Исмаил Ханиянын өмүрүнө кол салуу операциясын жасады… Бул кылмыштарды жасап жаткан яхудий вужуду аны шайтандын васвасасына салып коё турган эч кандай кескин реакцияны көрбөдү!
  • Америка демилге көрсөтүп, АКШ расмийлери исламий өлкөлөрдүн, өзгөчө, Фалестиндин айланасындагы өлкөлөрдүн өкүмдарлары Газага жардам берүү үчүн армияларды аракетке келтирүүлөрүнө жол бербестен, яхудий вужуду Фалестин калкын кыргын кылуусун жеңилдетүү үчүн бир нече сапарларды уюштурду… Натыйжада, 2024-жылы 31-майда Байдендин пайдасыз демилгеси ортого салынып, 2024-жылы 10-июнда АКШ жетекчилигинде Коопсуздук Кеңешинин резолюциясы кабыл алынды… Андан кийин Америка тараптарды сүйлөшүүлөр, өзгөртүү жана алмаштыруу үстүндө чогултуп, сапарлар менен алек кылды. Максат – согушту кеңейтпөөнү шылтоолоп мусулман өлкөлөрүндөгү рувайбиза өкүмдарларды Газага жардам берүүдөн чалгытып, алардын көз алдында кыргындарды улантуу болду! Ошол эле учурда, Америка яхудий вужудунун кол салууларын шексиз колдоп-кубаттоону, кыргындарды актоону жана аларды мурда да, мындан кийин да бардык түрдөгү куралдар менен камсыздоону улантууда. Америка 2024-жылы 13-августта яхудий вужудун болжол менен 20 миллиард долларлык кыргын куралдары менен камсыздоого макул экенин билдирди. Яхудий вужудунун премьер-министри Нетаняху арзуу кылган жеңишке мас болуп, бул нерсени анын мунасасыз позициясын толук колдоо деп эсептеп, Американын жардамдарды же курал-жарак жеткирүүнү токтотпошуна ишенди.
  • Ошондой да болду. Байден мамлекеттик катчы Блинкенди Мисирге жиберди. Бул сапар Газага каршы яхудий агрессиясы башталгандан бери Блинкендин тогузунчу сапары болуп эсептелет. Эртеси күнү, 2024-жылы 19-августта Блинкен яхудий премьер-министри Нетаняху менен жолугушуп, калп эле: «Кошмо Штаттар “израиль” Газаны узак мөөнөткө басып алышына макул эместигин көптөн бери айтып келет», – деди. Бул ар тарапка багыттаса эп келген сөз. Аткени, бул мөөнөттүн узак-кыскалыгы белгисиз! Ал калп айтууну улантып, мындай деди: «Дохада Катар жана Мисир менен башталган сүйлөшүүлөр өткөн аптада токтотулгандан кийин Нетаняху эки тараптын ортосундагы айырмачылыктарды азайтууну камтыган Америка сунушун кабыл алып, бул сунушту кабыл алышы үчүн Хамаска басым өткөрүүнү талап кылды». (“Рейтер”, 2024-жыл, 19-август). 2024-жылы 20-августта «Нью-Йорк Таймс» гезити сүйлөшүүлөр жараянынан кабардар расмийлерге таянып, ушуларды жарыялады: «Американын жаңы сунушу “израиль” күчтөрүнө Газа менен Мисир чегарасындагы Филаделфия коридорунун бир бөлүгүндө патрулдук кызматты улантуу мүмкүнчүлүгүн берет».
  • Ак үй АКШ президенти Байдендин 2024-жылы 21-августта кечкурун Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди: «Байден менен Нетаньяху Ирандын бардык коркутууларына о.э. Хамас, Хизбуллах жана Хусийлерден турган анын прокси террорчу топторуна каршы “израилди” колдоп-кубаттоо жаатындагы Американын иш-аракеттерин, АКШнын коргоо боюнча аскерий жайгашуусун улантуу маселесин талкуулашты». (“Монте-Карло”, 2024-жыл, 22-август). Бул телефон сүйлөшүүдөн мурун америкалык бир расмий яхудий вужудунун өз армиясынын бир бөлүгүн Мисир менен Газанын ортосундагы Филаделфия коридорунда кармап туруу жөнүндөгү талабын басаңдатуу үчүн Байден Нетаньяхуга басым кылышы күтүлүп жатат деген. Белгилүү болгондой, Салахиддин өткөрүү пункту деп аталган бул коридордон Нетаньяху өз күчтөрүн алып чыгууну четке кагып келүүдө. Филаделфия коридору Мисир менен Газанын чегарасы бойлой жайгашып, узундугу болжол менен 14 километрди, кеңдиги болсо кээ бир бөлүктөрүндө 100 метрди түзөт. Мисир яхудий вужудунун бул коридорду көзөмөлдөшү 1979-жылы АКШ ортомчулугунда Мисир менен “израиль” ортосунда түзүлгөн каргашалуу «Кэмп-Дэвид» келишимин бузуу деп эсептейт жана өткөн май айында көзөмөлдү колго алган яхудий вужудун ал жерден чыгууга чакырып келет. Американын бул позициясы себептүү Нетаньяху Кошмо Штаттар иш жүзүндө эч нерсе кылбай, жалаң гана сөздө манёвр кылып жатканын түшүнүп жетти. Акыйкатта болсо, Кошмо Штаттар яхудий вужуду үстүнөн үлкөн таасирге ээ. Себеби, бул вужуд Американын жардамдарына, экономикалык жана аскерий жардамдарына таянып келет. Эгер, Америка ага басым өткөрүүдө олуттуу болгондо яхудий вужуду унчукпай аткармак.
  • 2024-жылы 24-августта Каирде сүйлөшүүлөр башталды. Анда АКШ Борбордук Разведка Башкармалыгынын төрагасы Уильям Бёрнс, Катар премьер-министри жана учурда тышкы иштер министри Мухаммад Абдурахман Ал саний, яхудий вужудунун делегациясы о.э. сүйлөшүү өткөрүлүп жаткан Мисир делегациясы катышты. Хамас делегациясы ал жерде болгон болсо да, бирок, сүйлөшүүгө түздөн-түз катышкан жок. Нетаняхунун кежирдиги жана «Салахиддин коридорунан» чыгуудан баш тарткандыгы себептүү расмий делегациялар 2024-жылы 25-августта эч кандай келишимсиз Каирден кетишти. 2024-жылы 25-августта «Анадолу» агенттиги Хамастын өз ысымын ачыктабаган жогору мартабадагы расмийинин ушул цитатасын жарыялады: «Хамас АКШ президенти Байден жарыялаган жана БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан жактырылган ок атууну токтотуу сунушун колдойт». Ал «Хамас 2-июлда келишилген маселелерди ишке ашырууга даяр…» экенин баса белгиледи. Бирок, Нетаняху АКШдагы президенттик шайлоонун натыйжасын көрмөйүнчө ар кандай келишимди кечиктирип жатат. Ал яхудий вужудун шексиз колдоп-кубаттоодо Байден администрациясынан жана демократтардан үстөм болгон жана алар менен атаандашып келе жаткан республикачылар менен сүйлөшүү жүргүзүп келүүдө. Нетаняху Вашингтонго барганда 2024-жылы 26-июлда Трамп менен жолугушуп, андан жана Конгресстеги республикачылардан толук колдоо алды. 53 мүнөт сөз сүйлөгөн Нетаняхуну Конгресстегилер тынымсыз алкыштап турушту. Нетаняху толук колдоону убада кылган жана “эки мамлекет” чечиминен баш тарткан Трамптын бийликке келишине тобокелчилик кылууда. Анткени, Трамп яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча Саудия режимине көрсөтмө бериши күтүлүп жатат. Бул болсо башка режимдерди да ушундай жолду карманууга үндөйт. Ошондуктан, Нетаньяху АКШдагы шайлоонун натыйжалары белгилүү болгонго чейин тобокелчилик кылууну улантышы күтүлөт.
  • Нетаньяху шайлоонун натыйжасы чыкканга чейин сүйлөшүүлөрдү артка сүрүп жатканын жана койгон шарттарынан баш тартпай жатканын басма сөз конференциясындагы сөздөрү баса белгилеп турат. «Арабия» телеканалы 2024-жылы 3-сентябрда Нетаньяхунун ушул сөздөрүн жарыялады: «Биз бул согушта алдыбызга төрт максатты койгонбуз: Хамасты жок кылуу, уурдалган бардык адамдарыбызды кайтаруу, Газанын “израилге” коркунуч туудурбашын камсыздоо жана түндүктөгү калкты өз үйлөрүнө коопсуз кайтаруу». Ал: «Бул максаттардын үчөөсү бир жайдан т.а. Филаделфия коридорунан өтөт», – деди. О.э. ал бул коридор «Хамас үчүн кислород жана курал-жарак булагы» экенин баса белгилеп: «Ушул себептен улам “израилдиктер” бул аймакты көзөмөлдөөгө мажбур», – деп кошумчалады…».

Экинчи: Америка “эки мамлекет” чечиминде олуттуубу деген суроого жооп беребиз:

  • Американын “эки мамлекет” чечими долбоору боюнча ортого салып жаткан нерсеси – негизи Америка мусулман өлкөлөрүндөгү ага малай өкүмдарларды ушул долбоорго чакырышы үчүн бир жайга чогултуп келет – алдоо жана сөз оюнунан башка нерсе эмес. Себеби, ал Фалестин калкына чыныгы мамлекет эмес, автономияга окшогон же андан да кичине нерсени сунуштап жатат! «АКШ президенти Жо Байден жума күнү журналисттер алдында сүйлөгөн сөзүндө Бириккен Улуттар Уюмундагы бир нече мамлекеттер өзүнүн куралдуу күчтөрүнө ээ эместигин баса белгилеп, “эки мамлекет” чечиминин түрдүү моделдери бар экенин айтты». (“Ал-Жазира”, 2024-жыл, 4-январь). Т.а. Байден куралдуу күчтөрү болбогон мамлекеттин моделин назарга алып жатат! Башка мамлекеттердей суверендүү мамлекет маселесине келсек, муну яхудий вужуду четке кагып келүүдө. “Ал-Жазира” 2024-жылы 18-июлда ушуларды жарыялады: «Кече, шаршемби күнү “израиль” кнессети ассамблеянын тарыхында биринчи ирет Фалестин мамлекетинин тикеленишин четке каккан токтомду кабыл алды». Анткени, Америка яхудийлерден таптакыр баш тартпашын, себеби, яхудий вужуду АКШнын эркеси болуп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн исламий өлкөлөрдүн борборунда жайгашкан анын алдыңкы аскерий базасы экенин, АКШ президенти Байден да аларга тилектеш болуп, өзүн сионист деп эсептешин, ал яхудий вужудун коргоого чакырган диний ишенимге ээ экенин, тышкы иштер министри т.а. башкаруудагы таасирдүү адамдардын жана АКШ саясатын ишке ашырган расмийлердин бири Блинкен да тышкы иштер министри болушунан сырткары оболу яхудий болгону үчүн яхудий вужудун коргошун айтканын, президенттикке тарапкер вице-президент Камала Харриске келсек, Байден яхудийлер менен жолугушканда АКШ администрациясынын яхудий вужудун жана яхудийлерди колдоо даражасын көрсөтүү үчүн Харристин жолдошун яхудий деп тааныштырганын, эгер вице-президент бийликке келсе яхудийлерди жана яхудий вужудун колдоп-кубаттоо саясатын улантарын жана башка нерселерди яхудийлер түшүнүп турушат. Эгер Трамп жеңип чыкса яхудийлерди жана яхудий вужудун демократтарга караганда көбүрөөк колдоп-кубаттайт. Ошондуктан, яхудий вужуду ушул бардык колдоп-кубаттоолорго таянып, зулум кылмыштарын улантууда…
  • Бул жерде “эки мамлекет” чечимине байланышкан дагы бир маанилүү тарапка айкындуулук киргизүү керек:

а)   Фалестин мубарек жер жана Ислам топурагы экендиги, Аллах Таала:

﴿سُبۡحَٰنَ ٱلَّذِيٓ أَسۡرَىٰ بِعَبۡدِهِۦ لَيۡلٗا مِّنَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ إِلَى ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡأَقۡصَا ٱلَّذِي بَٰرَكۡنَا حَوۡلَهُۥ﴾

«(Аллах) бир түнү Өз пендесин Масжидул Харамдан Биз айланасын берекелүү кылган Масжидул Аксага сейил кылдырган аруу Зат»                                                             [17:1]

деп айткандай, берекелүү кылып койгон Акса мечитинин жери экендиги өзгөргүс акыйкат. Тигил өкүмдарлар чакырып жаткан “эки мамлекет” чечими Аллахка, Анын Расулуна жана момундарга кыянаттык болуп эсептелет. Себеби, Ислам дияры өз эли жана душман тарабынан бөлүнүп алынышы кабыл алгыс… Ошондой болгон соң, бул исламий өлкөдө яхудийлердин бийликке ээ болушу мүмкүн эмес. Бул жерде “эки мамлекет” чечимине орун жок. Тескерисинче, бул жер – Умар Фарук розияллаху анху тарабынан фатх кылынып, рошид халифалар тарабынан корголгон жер. Ал Салахиддин Айюбий азат кылган, Абдулхамид яхудийлерден сактап калган жер. О.э. Фалестин Аллахтын садык аскерлеринин аракеттери менен түпкү абалына кайтат.

б)   “Эки мамлекет” чечими жөнүндөгү шаръий өкүм мына ушундай. Ал тургай, бул чечим фалестиндиктерге 1967-жылдагы чегара боюнча Фалестиндин бир бөлүгүндө т.а. Фалестиндин болжол менен 20 % жеринде эгемен мамлекет куруп, калган 80 %ынан баш тартууну түшүндүргөн тагдырда да, жогоруда айтканыбыздай, бул чоң күнөө о.э. Аллахка, Расулуна, момундарга кыянат кылуу болуп саналат. Ко-ош, сунушталып жаткан чечим автономия же андан да аз нерсе болсочу?! Шек-күмөнсүз, бул – кыянаттык үстүнө кыянат. Бул чоң кылмыш болуп, аны жасаган адам бул дүйнөдө шерменделикке жана кордукка, Акыретте болсо катуу азапка туш болот…

﴿سَيُصِيبُ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْ صَغَارٌ عِندَ ٱللَّهِ وَعَذَابٞ شَدِيدُۢ بِمَا كَانُواْ يَمۡكُرُونَ﴾

«Жакында мындай кылмышкерлерге жасап өткөн айла-амалардары себептүү Аллах алдынан кордук жана катуу азап жетет»                                                                              [6:124]

Үчүнчү: бул кол салууну токтотуу жана Фалестиндин өз элине толук кайтаруу маселесине келсек:

  • Бул маселе Исламда анык белгилүү. Эгер кафирлер исламий өлкөлөрдүн бирине кол салып, басып алса жана калкын кууп чыгарса, андай душманга каршы согушуу, анын артындагыларды да коркутуп коё турган катуу согуш менен аны жок кылуу, өлкөнү толук жана эч кандай кемчиликсиз исламий мамлекет катары өз калкына кайтаруу важиб болот. Аллах Субханаху айтат:

﴿وَٱقۡتُلُوهُمۡ حَيۡثُ ثَقِفۡتُمُوهُمۡ وَأَخۡرِجُوهُم مِّنۡ حَيۡثُ أَخۡرَجُوكُمۡۚ﴾

«Аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө жана силерди (кууп) чыгарган жайдан аларды да кууп чыккыла                                                                                                           [2:191]

﴿فَإِمَّا تَثۡقَفَنَّهُمۡ فِي ٱلۡحَرۡبِ فَشَرِّدۡ بِهِم مَّنۡ خَلۡفَهُمۡ لَعَلَّهُمۡ يَذَّكَّرُونَ﴾

«Демек, эгер аларды согушта тапсаң, аларды жок кылуу менен артындагы адамдарды коркутуп койгун! Балким, сабак алышаар»                                                                 [8:57]

Ал тургай, исламий жерлердин бирине басып албастан чабуул кылынса да, кол салууну токтотуу важиб болот:

﴿فَمَنِ ٱعۡتَدَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَٱعۡتَدُواْ عَلَيۡهِ بِمِثۡلِ مَا ٱعۡتَدَىٰ عَلَيۡكُمۡۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلۡمُتَّقِينَ﴾

«Демек, ким силерге кол салса, силер да алардын кол салуусуна жараша кол салгыла! Аллахтан корккула! Билип койгула, Аллах Андан коркуучулар менен бирге»              [2:194]

Демек, басып алынган исламий өлкөлөрдү өз калкына кайтаруу, кол салууну токтотуу – акыл жүргүзгөн кишилер талаша турган нерсе эмес. Себеби, бул нерсе Аллах Субханахунун Китебинде, Расулу ﷺдын сүннөтүндө жана сахабалар розияллоху анхумдардын ижмасында ачык-айкын баян кылынган… Кала берсе яхудий вужуду жалгыз өзү каршы тура албайт. Себеби, яхудийлер – эгер адамдардын убада-шертинде болушпаса – согуша албай турган коом. Бул жөнүндө кудуреттүү Зат айтат:

﴿ضُرِبَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلذِّلَّةُ أَيۡنَ مَا ثُقِفُوٓاْ إِلَّا بِحَبۡلٖ مِّنَ ٱللَّهِ وَحَبۡلٖ مِّنَ ٱلنَّاسِ﴾

«Эгер, Аллахтын жана адамдардын коргоосунда болушпаса (арканын кармашпаса) аларга кайда болушпасын, кордук жазылып коюлду»                                                             [3:112]

Яхудийлер Аллахтын арканын үзүшкөн. Учурда Америка жана Европанын, алардын исламий өлкөлөрдөгү саткын өкүмдарлардан турган малайларынын арканын гана карап турушат! Бул өкүмдарлар яхудийлердин жырткыч кол салуулары алдында унчукпай турушат, алардын арасындагы эң түзүгү делгени шахид жана жарадар болгондордун санын саноо менен убара.

  • Яхудий вужуду согуша турган жана жеңишке жете турган калк эмес. Тескерисинче, Аллах Субханаху ва Таала Өзүнүн аятында аларды минтип сыпаттаган:

﴿لَنْ يَضُرُّوكُمْ إِلَّا أَذًى وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ﴾

«Алар силерге азар берүүдөн башка эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер, силер менен согушса артына карап качышат. Кийин аларга  (эч ким тарабынан) жардам берилбейт»                                                                                                                 [3:111]

Көрүп турганыңардай, яхудийлерге каршы согушуп жаткан ыймандуу жаш жигиттердин саны жана курал-жарактары яхудийлерден аз болушуна карабастан, яхудий вужуду ушул күнгө чейин жеңишке жетпеди. Ошондуктан, элестеткиле, мусулман кошуундар аракетке келсе кандай болот? Бүткүл мусулман кошуундары эмес, Фалестиндин айланасындагы эле кошуундар же ал тургай алардын айрымдары аракетке келсе бул вужуд көккө сапырылып жок болот эле… Ошон үчүн проблема мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерде. Бул режимдердин өкүмдарлары Ислам жана мусулмандардын душмандары болгон колонизатор кафирлерге садык. Алар яхудийлердин Фалестинди басып алганын, жырткыч кылмыштарын жана түрдүү кыргындарын көрүп, угуп турушат, бирок, көрбөй жана укпай жаткандай болушат:

﴿صُمُّۢ بُكۡمٌ عُمۡيٞ فَهُمۡ لَا يَرۡجِعُونَ﴾

«(Алар) дүлөй, дудук, сокур, демек (жолдорунан) кайтышпайт»                               [2:18]

Шек-күмөнсүз, мусулмандардын мусибаты мына ушул өкүмдарларда. Себеби, дал ушулар армиялар Газадагы боордошторуна нусрат-жардам берүүсүнө ушул күнгө чейин тоскоолдук кылып келишти. Шахиддердин саны 41 миңге, жарадар болгондор болсо 95 миңге жетти… Негизи, өкүмдарлар бул кылмыштарды күзөтүп жатышат. Алардын арасындагы эң түзүгү – яхудийлерге жакын болушса да, бирок, өздөрүн бейтарап кылып көрсөтүп, шахиддерди өлүктөр катары санашканы, жарадарлардын санын көрсөтүшкөнү болду!

Төртүнчү: сөзүмдү ойгоо жүрөк ээси болгон же чын дилден кулак салган кишиге эки нерсени эскертүү менен бүтүрмөкчүмүн:

  • 2024-жылдын 22-мартындагы суроо-жооп баракчабызда мындай дегенбиз: «Белгилүү болгондой, Британия тышкы иштер министри Бельфурдун 1917-жылдын 2-ноябрында Лорд Ротшильдге жазган катындагы Бельфур декларациясында британ өкмөтү Палестинада яхудийлердин улуттук мекен түзүлүшүнө колдоо көрсөткөнү маалым. Бул убада айрым араб жана түрк жетекчилеринин кыянаты себептүү Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилген Усманий Халифалыктын соңку күндөрү берилген. Мындан бир нече жыл мурун, Британия колдогон сионисттик журналдын өкүлү Герцл 1901-жылы 18-майда Усманий Халифага өтүнүч менен кайрылып, ошол кездеги мамлекет башынан өткөрүп жаткан финансылык кризисти өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылган. Тагыраагы, Халифалыктын тышкы карызын жабуу үчүн чоң суммадагы акча сунуштаган. Мунун акысына Палестинадан жер берүүнү сураган… Бирок Халифа Абдулхамид Герцлге ачууланып, таасирдүү жана даанышмандык менен жооп кайтарган: “Мен Палестина жеринен бир карыш да сата албайм. Анткени ал менин укугумдагы мүлк эмес. Тескерисинче, Ислам Умматынын мүлкү. Мусулмандар бул жерлерди каны менен алган. Яхудийлер миллиондорун өздөрүнө сактасын. Эгер бир күнү Халифалык ыдыраса, ошондо Палестинаны бекер эле алышыңар мүмкүн. Бирок, мен тирүүмдө денебиздин майдаланышына жол бербейм…”». (цитата бүттү). Чындыгында халифа көрөгөч, акылдуу жана алысты көрө билген киши болгон. Араб жана түрк саткындары Британия менен тил бириктирип хижрий 1342-жылы, миладий 1924-жылы Халифалыктын бекер кылынышы Фалестинди яхудийлерге бекерге берүүгө алып келди! Чынында Абдулхамид рохимахуллахтын божомолу жүз берип, Халифалыктын бекер кылынышы Фалестинде жийиркеничтүү яхудий вужудунун пайда болушунун амалий башталышы болду.
  • Бүгүн исламий өлкөлөрдөгү малай өкүмдарлар колонизатор кафирди ээрчип, Ислам жерин жана Аллах айланасын берекелүү кылган Акса мечити жери болгон Фалестинге кыянаттык кылышууда, бул рувайбизалар жок болот. Аллахтын уруксаты менен, Ислам мамлекети, рошид Халифалык мамлекети кайра тикеленип, яхудийлерге каршы согуш алып барылат о.э. алардын баскынчылыгына Аллахтын уруксаты менен чекит коюлат. Имам Ахмад өзүнүн муснадында Хузайфадан чыгарган хадисте содикул масдук Расулуллах ﷺ айтты:

«…ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«… Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Бухарий Абдуллах ибн Умар розияллаху анхудан риваят кылган хадисте:

«تُقَاتِلُكُمُ الْيَهُودُ فَتُسَلَّطُونَ عَلَيْهِمْ»

«Яхудийлер силерге каршы согушат. Андан кийин Аллах силерди алардын үстүнөн жешишке жеткирет», – деп айтылган.

Имам Муслим лафзы Ибн Умарга таандык жана Набий ﷺдан чыгарган хадисте мындай делет:

«لَتُقَاتِلُنَّ الْيَهُودَ فَلَتَقْتُلُنَّهُمْ»

«Силер яхудийлерге каршы согушуп, аларды өлтүрөсүңөр. Ошондон кийин бүткүл жер жүзү Аллахтын нусраты себептүү жаркырайт:

﴿وَيَوۡمَئِذٖ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ * بِنَصۡرِ ٱللَّهِۚ يَنصُرُ مَن يَشَآءُۖ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллох) Өзү каалаган кишиге нусрат берет. Ал Зат кудуреттүү жана ырайымдуу»                    [30:3-4]

 

                                                                                               

    1-робиулаввал, 1446-х.

                                                                                                  

        4-сентябрь, 2024-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here