«Ислам өлкөлөрүнүн союзу» Газаны куткарабы?!
Түркия президенти Эрдоган «израилге» каршы туруу үчүн мусулман өлкөлөрүнүн союзун түзүүгө чакырып, мындай деди: «“израилдин” текебердигин, зомбулугун жана мамлекеттик терроризмин токтотуунун бирден-бир кадамы – бул ислам өлкөлөрүнүн союзу».
Ошол эле учурда, зөөкүр яхудий вужуду Газада мусулмандарды кыргын кылууну улантып жатат. Учурда Газада шахид болгон мусулмандардын саны 40 миңден ашты, жарадар болгондору 100 миңди чамалайт. Газанын айланасы жалаң мусулман өлкөлөрү менен курчалган болсо да, Газа дагы эле камоодо турат. Газага гуманитардык жардамдарды киргизүү өтө кыйын. Ал жерге араңдан зорго кирип жаткан жардамдар яхудий вужудунун «ырайымынан» көз каранды, тагырак айтканда, яхудийлердин уруксаты болбосо жардам киргизүү, ал тургай учактар менен абадан жардам жеткирүү мүмкүн эмес. Негизи Газа менен Батыш жээк дээрлик 70 жылдан бери камоодо калган. Ушундай үрөй учурган геноцид, ачка калтыруу, бомбалоолор мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилеринин көз алдында болуп жатат. Бирок Газадагы аялдардын зар какшаганы, балдардын, наристелердин ый-муңу, карылардын жардам сурап жалбарып жатканы, ушунча шахиддер жана жарадар болгондор мусулман башчыларын аракетке келтире албады. Алардын арасынан эң жакшы «эрдик» кылгандары яхудийлердин зомбулугун курулай каралоо менен гана чектелишти, калгандары болсо үн катып да коюшкан жок.
Палестина мусулмандар үчүн ыйык болуп, алардын акыйдасына бекем байланган. Себеби мусулмандардын биринчи кыбыласы жайгашкан мечит жана мусулмандардын үч ыйык мечитинин бири болгон Аль-Акса Палестинадагы Куддус шаарында жайгашкан. Ошондуктан кылымдар бою мусулмандар аны аздектеп, жан аябай ар кандай баскынчылыктардан коргоп, азат кылып келишкен. 1924-жылы Усманий Халифалык кулатылгандан кийин Палестина мусулмандардын колунан биротоло чыкты. Ал кезде Палестина Британиянын мандаты астында болчу. Ошондон тарта кафир Батыш мурунтан көздөп келген яхудийлерге мамлекет куруу идеясын жүзөгө чыгарууга мүмкүнчүлүк табышты. Ошентип 1948-жылы БУУ «израиль» мамлекетинин курулгандыгын жарыялады. Ошол күндөн тартып Палестина мусулмандары ар кандай кыргындарды, камоолорду башынан өткөрүп келишет. Ушул күнгө чейин яхудийлер Палестинанын 80 пайыздан ашуун жерин басып алышты.
Колонизатор Батыш «израилди» мусулман калктарды жана өлкөлөрдү бириктирбөө, ошондой эле мусулмандарга каршы күрөштө биринчи фронт катары ишке салышат. «израилдин» жашап кетүүсү үчүн анын регионго интеграция болушу, жат болбогон табигый мамлекет катары каралышы зарыл. Бул үчүн Америка жетектеген Батыш мусулман өлкөлөрүн «израил» менен мамилелерди нормалдаштырууну талап кылууда. Бул буйруктун эпкини мурда яхудийлер менен жашыруун мамиле кылып келген мусулман өлкөлөрү эми ачык-ашкере мамиле кылууга камданып турганынан көрүнүп турат. Ал эми мурун ачык мамиле кылып келгендери яхудий вужуду менен мамилелерди дагы да бекемдеп жатышат. Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер «израил» менен мамилелерди нормалдаштырып, а түгүл аны ар кандай жолдор менен коргошууда. Эгер алар болбогондо «израилдин» бар болушу да күмөндүү болот эле. Андыктан Батыш, өзгөчө Америка мусулман өлкөлөрүнүн башчыларынан кооптонбойт, себеби алар «израилди» таануусу турган кеп. Жада калса алар «израилди» колдоп жана коргоп жатышат. Американы мусулман калктары, айрыкча палестиналыктар түйшөлтөт. Себеби мусулмандар үчүн Палестина акыйдавий мааниге ээ болгондуктан, алар «израилди» таанышпайт, кала берсе Палестинаны яхудийлердин ыпластыгынан тазалоо керек деп билишет. Мусулмандардын мына ушундай позициясы яхудий вужудунун регионго интеграция болушуна кедергисин тийгизүүдө.
Ошондуктан Палестина маселеси «израилдин» бар болушуна тоскоол болуп турган тоскоолдук болуп эсептелет. Мындан улам Америка Палестина маселесин чечүү, тагырак айтканда Палестина маселесин жок кылуу үчүн «эки мамлекет» чечимин алга сүрүп жатат. Бул долбоор БУУ тарабынан ырасталып, эл аралык түскө ээ. Бул долбоорго ылайык, Палестинанын 80 пайыздан ашуун аймагында «израиль» мамлекети жана калган бөлүгүндө күчсүз Палестин мамлекети курулат. Акыбетте бул Палестин мамлекети да башка мусулман өлкөлөрү сыяктуу «израилди» коргоо вазыйпасын аткарат. Ошентип кафир колонизаторлор Палестинада көздөгөн «израиль» мамлекетин куруу максатына жетишет.
Ооба, «израиль» мамлекети 1948-жылы эле курулган, бирок ошол күндөн бери мусулмандардын каршылыгы себептүү яхудий вужуду региондо моюнга алынган толук кандуу мамлекет деп каралбаган. Башкача айтканда Палестина маселеси чечилмейин «израилдин» бар болушу кепилденбестен суроо астында кала берет. Ошон үчүн Америка «эки мамлекет» чечимин жүзөгө чыгарууга аракет кылып келүүдө. Америка бул үчүн эл аралык институттарды, уюмдарды мамлекеттерди, өзгөчө мусулман өлкөлөрүн ишке салып жатат. Ошондуктан мусулман өлкөлөрүнүн башчылары, ал тургай Ислам кызматташтык уюму, Дүйнөлүк ислам лигасы сыяктуу мусулман уюмдары да Куддуска эл аралык түс берели, «эки мамлекет» чечимине ылайык Палестина мамлекетин куралы, Палестина маселесин Коопсуздук Кеңешине сунуштайлы деп сайрагандан чарчашпайт. Алардын бул талаптары Американын Палестина маселесин жок кылып, «израилдин» келечегин кепилдеген планына гана кызмат кылат.
«Исламий» делген бул уюмдар, бирикмелер түзүлгөн күндөн тартып эле колонизаторлордун региондогу кызматтарын аткарган куралдарга айланышкан. Андыктан макаланын башында кабарда айтылган «ислам өлкөлөрүнүн союзу» түзүлгөн күндө да Американын көрсөтмөсүнөн четке чыгышы мүмкүн эмес, тагырак айтканда, ал да Палестин маселесинде БУУга кайрылууну, «эки мамлекет» чечимин ишке ашырууну талап кылышы турган кеп.
Бүгүн кафир Батыш өз долбоорун ишке ашыруу үчүн мусулмандарга каршы аёосуз күрөш алып барууда. Себеби мусулмандар Батыштын долбоорлоруна каршы чыгып, айрыкча Палестин маселесинде Батыштын көрсөтмөсүнө моюн сунуудан баш тартып жатат. Анткени мусулмандар Палестинаны, анын ичинде Газаны исламий жер деп эсептешип, ал ыйык жерди баскынчылардан азат кылуу керек деп билишүүдө. Мусулмандардын Палестина жана Газадагы кайраты, башка мусулмандардын Палестинада болуп жаткан окуяларга карата позициясы Ислам Үммөтү тирүү экенине далил. Ошол эле учурда яхудийлер менен жашыруун-ашкере мамиле орнотуп жаткан мусулман башчылары канчалык саткын, кыянатчы, Үммөткө жат экендигине далил. Андыктан алардан жана алардын уюмдарынан мусулмандар арзуу кылган нерсени, тагырак айтканда, Палестинаны толук азат кылууну күтүү мүмкүн эмес. Тескерисинче алар жалаң гана Америка жетектеген Батыштын долбоорлоруна, чечимдерине чакырышат жана жүзөгө чыгарышат. Андыктан Палестинага, Газага, Аль-Аксага жардам-нусрат берүүнүн жалгыз жолу – мусулман режимдерин кулатуу жана армияларды аракетке келтирүү.
Харун Абдулхак