Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы кагылышуу

1557
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо-жооп

Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы кагылышуу

Суроо: “Al Arabiya.net” 2024-жылдын 13-августунда: “Талибан өкмөтү шейшемби күнү эки өлкөнүн чек арасындагы кагылышуу учурунда үч жай тургунду (бир аял жана эки баланы) өлтүрдү. Пакистан тараптын Торхамдагы чек ара кызматкери кагылышууда үч Пакистандык аскер жарадар болгонун билдирди. Ага чейин Эл аралык валюта фонду жума күнү Пакистан өкмөтү менен үч жыл ичинде жети миллиард долларлык жардам программасын түзүү боюнча келишимге кол койду”, деп жазды. (Sky News Arabia 13.07.2024). Бул кагылышуулардын артында эмне турат? Белгилей кетсек, анын алдында да кагылышуулар болгон. Америка көзөмөлдөгөн Фонддун жардамы менен Пакистанды Индиядан алыс жайгашкан Ооганстан менен согуштуруп, Индияны Американын каалоолоруна ылайык  Кытайга  каршы туруусун ишке ашыруу максат кылынуудабы? Бул окуянын Индияны Кытайга каршы коюу ишине байланышы барбы? Же башка себептер барбы?

Жооп: Жогорудагы суроолорго жооп берүү үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

  1. Биз 2023-жылдын 28-январында Пакистан менен Ооганстандын ортосунда Британия колонизаторлугу тарабынан белгиленген чек аралар тууралуу суроого жооп берип жатып мындай дегенбиз: “1893-жылы Улуу Британиянын ошол кездеги Тышкы иштер министри Мортимер Дюранд менен Ооганстандын шахы, принц Абду Рахман Хан ортосунда кургактыктагы чек ара сызыгы (Дюранд сызыгы) деп аталган келишим түзүлдү. Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чек аранын узундугу 2640 километр болуп, түндүк-чыгыштан түштүк-батышка чейин созулат. Бул чек аралар Пакистан менен Ооганстандын расмий чек аралары катары кабыл алынган. Пуштун уруулары ушул чек ара сызыгынын эки тарабында жайгашкан. Белгилей кетсек, бул чек ара аймагында мусулмандар жашашат. Алардын басымдуу бөлүгү Афганистандагы калктын эң көп бөлүгүн түзгөн пуштундар. Анткени алар калктын 40%га жакынын түзөт. Эки кылымдан бери Ооганстандын бардык башкаруучулары пуштундардан болгон. Пуштундар Пакистанда пенжабийлерден кийинки экинчи көпчүлүктү түзөт. Бирок, Ооганстан бул чек араны таануудан баш тарткан. Айрыкча, Англия 1893-жылдын 12-ноябрындагы токтомдо өзүнүн колониялдык кызыкчылыктарын гана эске алып, жасалма жол менен тартылган Дюранд линиясында аймактын демографиялык, этникалык жана уруулук түзүлүшүн эске албаган. Британдыктар, алардан мурункулардай эле, чек ара аймактарын көзөмөлдөө үчүн күрөшкөн. Британия 1839-1842-жылдардагы баскынчылыгы учурунда Ооганстанда кыйраткыч аскердик жеңилүүгө дуушар болгон. Андан кийин 1878-жылы ага каршы кайрадан согуш баштаган, бирок эки жылдан кийин андан чыгып кеткен. Бирок ал 1879-жылы Жандамак келишимине кол коюу аркылуу Ооганстандын башкаруучуларында саясий таасирге ээ болгон. Натыйжада, Ооганстан ошол кезде Индияны башкарган британ колонизаторлорунун айлакерлиги себептүү эбегейсиз жерлерди жоготкон.

Доха келишимине ылайык, Америка 2021-жылдын августунда чыгып кеткенден кийин Талибан кыймылы Кабулда башкаруучу болуп калганда, Ал Пакистан тарабынан таанылган чек араны катуу түрдө четке кага баштады. Чек арадагы провокациялар чыныгы чек ара сызыгынын эки тарабында эки тараптын ортосунда үстөмдүк кылуучу позиция болуп калды. Бул чек арада мурда эч ким тоскоол болбостон, ооган качкындары оңой эле өтүп турган. Кийин пуштун үй-бүлөлөрүнө коюлган катуу чектөөлөрдөн улам чыңалуу кагылышуулар менен коштолуп, кайноо чекитине чейин жетип, курмандыктарга алып келди…”. (Жооптон цитата бүттү).

  1. Бул чек ара сызыгы (Дюранд сызыгы) Ооганстан 1979-жылы Советтер Союзунан жана 2001-жылы Америка басып алгандан кийин чоң державалардын кол салуусунан кийин башынан өткөргөн оор мезгилдерде, эки өлкөнүн (Ооганстан менен Пакистандын) ортосундагы чыр-чатакты жок кылды. Бирок, бүгүн Америка 2021-жылы Ооганстандан маскара болуп чыгып кеткенден кийин анын талаптарына ылайык кайрадан жанданды. Белгилүү болгондой, бул чек аралар советтик аскерлер Ооганстанды басып алган учурда бош калтырылган. Бул Ооганстанда советтик аскерлерге каршы согушуу үчүн Пакистанда окуудан өтүп жаткан мужахиддердин өтүшүн жеңилдетти. Чек аралардын мындай боштугу бир жагынан чек аранын эки тарабындагы пуштун үй-бүлөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди бекемдеген. Башка жагынан, бул Афганистанда советтик аскерлердин болушуна каршы Американын саясатына туура келген. Бирок, Америка Ооганстанды басып алгандан кийин саясаты өзгөрүп, Пакистандан чек араларды күчөтүүнү жана анын Ооганстанды басып алуусуна каршы чыккан мужаахиддердин чек арадан өтүшүнө жол бербөөнү талап кыла баштады. Пакистан армиясы Пакистандын ичиндеги ошол чек ара аймактарында айыгышкан согушту жүргүздү.
  2. 2018-жылы май айында Пакистан Ооганстан менен чектеш уруулар жашаган чек ара аймактарын Хайбер-Пахтунхва провинциясына кошуп алган. Бул белгисиздик жана бул аймактардын Пакистан полициясына жана сотунун мыйзамдарына, бийлигине баш ийбестиги менен аяктады. Ал эми Пакистан аны менен Ооганстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилди деп эсептейт. Муну жакында Пакистандын убактылуу премьер-министри Анварул Хак Какар Ооганстандын “Tolo News” телеканалына берген интервьюсунда ырастап: “Дюранд линиясы Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы расмий эл аралык чек ара болуп саналат. Ооганстан менен чек ара маселеси биз үчүн жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн бүттү”. (Al-Jazeera Net, 3.14.2024). Бирок, тарых бою бардык ооган өкмөттөрү, саясий жана интеллектуалдык көз караштарына карабастан, Дюранд линиясын эки өлкөнүн ортосундагы расмий эл аралык чек ара катары таануудан баш тартууну улантып келишет. Бул боюнча акыркы билдирүү молдо Нур ад-Дин Тураби тарабынан болду. Ал Талибан өкмөтүндө чек аралар жана уруулар министри болуп саналат. Ал: “Ооганстандын Пакистан менен расмий чек аралары жок”, – деп билдирди. Узундугу 2600 чакырымдан ашкан чек ара тилкесинде эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал күчөгөн. Биз мурунку суроо-жоопто мындай дегенбиз: “Андан кийин Пакистан чектөөлөрдү күчөтүп, тарыхта биринчи жолу оогандыктарга кирүү визасын киргизди. Бул чыңалууну Пакистан 3 метр бийиктиктеги чек ара тосмосун тургузушу менен күчөтүп, анын жүздөгөн километрин курууга жүз миллиондогон доллар сарптады. Мунун баары товарлардын жана адамдардын кыймылын көзөмөлдөө жана “террорчулардан” коргоо шылтоосу менен болду. Ошондуктан, эки өлкөнүн чек ара аймагындагы курч кырдаалдын жана кагылышуулардын бирден бир себеби тосмо болду. Андан кийин Талибан өкмөтү пакистандык күчтөргө эки өлкөнүн чек арасына 2700 чакырымдай (анын 90%ы бүткөрүлгөн) тосмо орнотууну улантууга жол бербей баштады. Ашраф Ганинин өкмөтү  кулаганга чейин тосмо орнотууга каршылык билдирген эмес болчу. Талибан өкмөтү пакистандык күчтөргө тосмону орнотууну аягына чыгарууга аракет кылган сайын каршылык көрсөттү. Бул эки тараптын ортосунда ар кандай чек ара аймактарында кагылышууларга алып келди. Натыйжада, эки тараптын арасында каза болгондор жана жарадарлар орун алды. Ошентип, Пакистан Ооганстан бийлигиндеги Талибан кыймылы Пакистандагы Талибан кыймылынын Пакистан армиясына кол салуусуна жол ачып жатканын айтып, айыптагандан кийин, эки өлкөнүн ортосундагы маселелер татаалдашып кетти. Андан кийин Пакистан Ооганстандын ичиндеги жерлерди Пакистандагы Талибан кыймылынын согушкерлерине таандык деп бомбалады…”. Аягы.
  3. Ошентип, Пакистан армиясы менен Талибан күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар эки өлкөнүн мамилесинде жаңы бир барак ачты. Бул чыңалуу жана кагылышуулар чек ара маселеси себептүү “пакистандык талибдер” менен Пакистан армиясынын чабуулдарынан улам күч алууда. Исламабадда жайгашкан Коопсуздукту изилдөө борборунун маалыматы боюнча: “Өткөн жылы жоготуулардын саны акыркы 6 жыл ичиндеги эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Анткени, 1500дөн ашуун адам, анын ичинде карапайым калк, коопсуздук күчтөрүнүн мүчөлөрү жана согушкерлер набыт болгон. (Al Jazeera Net, 17.07.2024). Пакистан армиясы Пакистан талибдерине башпаанек берип жатат деп Ооганстанды айыптап, барган сайын чектеп жатат. Кайтып келгендерге жардам берүү жана аларды түпкү аймактарына жайгаштыруу боюнча Талибан комитетинин басма сөз катчысы Кари Юсуф Ахмади мындай деди: “Эки кошуна өлкө – Пакистан жана Иран – 2024-жылдын башынан бери 400, 000ден ашуун качкынды күч менен депортациялады. Депортациялардын 75 пайызына Пакистан жооптуу”. (Аль-Хура, 06.11.2024).
  4. Булардын бардыгынан Америкага малай болгон Пакистан өкмөтү Ооганстандагы Талибан кыймылына кысым жана чагымчылдык кылып жатканы белгилүү болуп турат. Ал оогандардын чек арадан ээн-эркин өтүшүнө жол бербей чек арадан өтүп жаткан туугандарына баруу үчүн виза талап кылды. Ал чек ара тосмосун орнотуп, аны ишке ашкан нерсе катары таңуулап жатат. Ал тургай чек ара сызыгын Ооганстанга жылдырып, эки миллиондон ашык ооган качкындарын өлкөдөн чыгарды. Анын ичинде 600 миңи америкалык аскерлер 2021-жылы Ооганстанда чыгып кеткенден кийинки куугунтуктоо. (Аль-Хурра, 11.1.2023). Пакистан ооган качкындарын Пакистандан массалык түрдө чыгарып, 2022-жылы америкалык учактардын өтүшүнө жана Ооганстандын ичиндеги жардырууну ишке ашырууга көмөктөштү. Ал операцияда Аль-Каиданын эмири Айман ал-Завахири өлтүрүлгөн. Пакистандын чалгын кызматы Ооганстан менен чектеш шаарларда “Талибан-Пакистан” уюмунун көрүнүктүү мүчөлөрүнө кол салуу операцияларын жүргүзүүдө.
  5. Пакистан тарабынан жасалган бул иш-аракеттердин баары Американын Ооганстандагы Талибан кыймылын толугу менен баш ийдирмейинче кысым кылуу саясатынын алкагында улана берет. Ошондой эле Вашингтондун Пакистан армиясын жарандык согушка жана Афганистан менен согушка түртүп, Индияны Кытайга каршы Америкага көмөктөшүү каалоолору алкагына кирет. Бул ошондой эле Американын Кытайдын Ооганстандагы кен байлыктарды иштетүүсүнө бөгөт коюу аракетин билдирет.

Себеби, Америка менен Ооганстандагы Талибан кыймылынын ортосунда жыйырма жылдан ашуун убакыт согуш жүрүп, ал 2021-жылы чыгып кетти. Ушундан кийин, өнөр жайы чийки заттын бардык түрүн талап кылган Кытайдын Ооганстанды эксплуатациялоо үмүтү артты. Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы чек ара маселеси боюнча талаш Пакистандагы экономикалык коридорго миллиарддаган доллар короткон Кытайдын кыялдарынын ишке ашуусуна тоскоол болууда.

Бул Пакистандын Ооганстанга карата саясатынын жалпы негизи. Ушундан көрүнүп тургандай, Америка алардын ортосундагы чыр-чатактын негизги кыймылдаткычы. Бул жалпы негиз кастыкты козутууну жана куралдуу чек ара кагылышуусун камтыйт. Ал бардык аймактарда күчөгөн чыңалууну  жана Пакистандын Ооганстандын ичиндеги аба чабуулдарын камтыйт. Ооганстандын коргоо министри Пакистандын аскер-аба күчтөрүнүн согушкерлери Пакистан менен чек арадагы Хост жана Пактика провинцияларындагы эл жыш жайгашкан аймактарга чабуул жасаганын билдирди. Анын айтымында, бул бейкүнөө балдардын жана аялдардын өлүмүнө алып келген. Пакистан армиясы да, өкмөтү да бул боюнча комментарий берген жок. Соккулар пакистан-ооган чек ара аймактарында аскердик көзөмөл-өткөрүү пунктуна жасалган эки жанкечтилик кол салууда 6 пакистандык аскер каза болгондон кийин жасалды. Аба соккусу ишемби күнү Пакистандын түндүк-батышында, Ооганстан менен чек арага жакын жайгашкан Түндүк Вазиристанда болгон кол салууда 7 аскер курман болгондон кийин жасалды. ( Жакынкы Чыгыш, 18.3.2024).

  1. 2021-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы чыңалган бул карым-катнаш күчөп баратат. Анткени ага “америка каалоосу” аралашууда. Пакистан Эл аралык Валюта Фондунан кредит алабы же албайбы айырмасы жок мындай абал улана берет. ЭВФтин официалдуу шарттары – улуттук валюта, валюта курсу, соода, энергетика жана салык маселелери – келишимдерде Пакистандын Афганистан менен мамилелерин “расмий түрдө” камтыбаса да,  Американын кара ниет саясатынын негизинде Пакистан өкмөтүндөгү малайлардын бул убада кылынган кредиттерге  шилекейи агып, алардын өз кызыкчылыктарына жетүү аракетин күчөтүүдө. Ошондуктан, Пакистандын Ооганстан менен тирешүүсүн жокко чыгарууга болбойт.

2023-жылы жайында Пакистан Америка үстөмдүк кылган Эл аралык Валюта Фондунан 3 миллиард долларлык насыя алган. Учурда аны көбүрөөк алуусу убадаланган. Жума күнү Эл аралык валюта Фонду Пакистан өкмөтү менен үч жыл ичинде жети миллиард долларлык жардам программасын түзүү боюнча келишимге кол койду. (Sky News Arabia, 7.13.2024). Бул американын каалоолорун ишке ашырууга ашыгуу  аракетин күчөтөт.

  1. Булардын бардыгы, Америкага лоялдуу болгон Пакистандын азыркы өкмөтүнүн билдирүүлөрү, Ооганстан менен чыңалуу абалын жогорулатууга түртүп жатканын көрсөтүүдө.

Бул 2024-жылдын июль айынын орто ченинде пакистандык аскерлер каза болгон окуяда айкын болду:

А- Пакистандын Коргоо министри Би-Би-Сиге Пакистан терроризм менен күрөшүүгө багытталган жаңы аскерий операциянын алкагында Ооганстанга каршы чабуулдарын уланта турганын айтты… (BBC English, 2.7. 2024). Ушул эле булактын айтымында, Талибан бул билдирүүнү “жоопкерчиликсиз” деп айтып, Пакистанга чек арадагы чабуулдардын “кесепеттери” болоорун эскерткен.

Б- Элчини чакыруу. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, шаршемби күнү Талибан баштаган ооган өкмөтүнүн миссия башчысынын орун басарын чакырды. Кыймыл Ооганстанда жайгашкан куралдуу топторго каршы чара көрүүгө үндөдү, Исламабад ушул аптада аскерий базага чабуул жасаганын билдирди. (Al Jazeera Net, 17.7.2024).

В- Пакистан Ооган өкмөтүн шейшемби күнү 8 аскердин өлүмүнө алып келген чабуулдун күнөөкөрлөрүнө каршы “тез жана натыйжалуу” чараларды көрүүгө чакырды. Хайбер-Пахтунхва провинциясында “террорчулар” менен кагылышууда… Билдирүүдө кол салууну Ооганстанда жайгашкан пакистандык талибдер кыймылына караштуу “Хафиз Гүл Бахадур” тобу жасаганы жана 8 аскердин өмүрүн алганы белгиленди. (Anadolu агенттиги, 17.07.2024).

Г- “Al Arabiya Net” 2024-жылдын 13-августунда: “Талибан өкмөтү шейшемби күнү Пакистан күчтөрүн эки өлкөнүн чек арасындагы кагылышуу учурунда үч карапайым тургунду, бир аялды жана эки баланы өлтүрдү” деп айыптады. Пакистандын Торхамдагы чек ара кызматкери кагылышууда үч пакистандык аскер жараат алганын билдирди.

Корутунду: Пакистандагы ооган качкындарынын маселеси боюнча чек ара талаштары жана тирешүүсү улана берет. Ошондой эле Пакистан Ооганстан өкмөтүн Пакистан-Талибан кыймылынын согушкерлерине башпаанек берип жатат жана чабуулдар Ооганстандан келип чыккан деп айыптоосун улантууда. Мунун баары эки тараптын ортосундагы чыңалуунун деңгээлин жогорулатып, кагылышууларга, чек ара согуштарына жана Ооганстандын чек ара аймактарында, шаарларында жана айылдарында бомбалоолорго себеп болууда. Мындай абал 2021-жылдан бери, тагыраагы, Байдендин администрациясы Ооганстандан чыгып кеткенден бери туруктуу өсүп баратат жана бул чыңалуунун себептери биз көрсөткөндөй, биринчи кезекте Америка кызыкчылыгына байланыштуу…

Америка чыңалууну дагы да күчөтүү менен аймактагы жана Кытай менен болгон максаттарына жетүүнү көздөп жатат. Эл аралык Валюта Фондунун шарттары муну ачык камтыбаса да, Америка бул насыяларды Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы чыңалууну, чыр-чатакты жана кагылышууларды күчөтүү үчүн пайдаланат. Муну Пакистандагы малайларына берген жем катары эсептейт.

Президенттик шайлоодо демократтар менен республикачылардын ортосундагы катуу атаандаштыкка байланыштуу Республикачыл талапкер Трамп Демократ Байдендин администрациясынын 2021-жылы Ооганстандан шерменде абалда чыгып кетүүсүн айыптады. Мындан улам, Байдендин администрациясы Пакистанды Ооганстандагы Талибдер менен катуу салгылашууга түртүп жатат. Муну менен Талибан менен болгон согушта  Американын ордуна Пакистан согуш алып барып жатканына ишара кылмакчы. Мунун баары Пакистандагы Америка малайларынын жаңжалды курчутуу, коркутуу  билдирүүлөрүндө ачык көрүнүп турат. Башкача айтканда, үзгүлтүксүз атышуулар чек арадагы салгылашууларга айланып кетиши мүмкүн. Бирок толук кандуу согушка айланып кетиши күмөн. Айрыкча күчтүүрөөк тарап болгон Пакистандын Ооганстандан аймактык талаптары жок…

Мусулмандардын ортосундагы чек араларды бузуп, өлкөлөрүн бир халифа астына бириктирүүнү талап кылган Ислам мыйзамдары турмушта ишке ашпаса, мусулмандардын ушундай абалы улана берет. Бул үммөт, өзгөчө андагы күч кубат ээлери Роббисине жана үммөтүнө жан ачытмайынча жана бул малай акимдерди кулатууга көтөрүлбөсө улана берет. Бул малай акимдер күн батканча үммөткө каршы тил бириктирип түнгө кирип, күн чыккыча Аллахтын душманы Американы ыраазы кылуу үчүн бул фитналарды ишке ашырууга киришишет. Мусулмандардын иштери башында эмне менен оңолгон  болсо ошону менен гана оңолот. Тагыраагы, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык аркылуу Аллах түшүргөн нерсеге ылайык өкүм чыгаруу жана каапырларды артына сүрүп чыгаруу менен гана оңолот. Аллах Таала айтат:

﴿فَإِمَّا تَثْقَفَنَّهُمْ فِي الْحَرْبِ فَشَرِّدْ بِهِمْ مَنْ خَلْفَهُمْ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ﴾

“Эгер (Эй Мухамад) согушта аларды (келишимди бузган каапырларды) жеңип туткундасаң аларга жаза берүү менен алардын артындагыларды коркууга сал. Алар аны эстеринде сактай турган болушсун. (Анфаал: 57).

Туура жол көрсөткөн Аллахтын Китебине, Расулунун сүннөтүнө жана сахабалардын ижмасына жана шарьий кыяска негизделген конституциясы Ислам болгон Халифалык гана бул абалдан куткарат. Бул абал адам тарабынан жасалган конституция менен өзгөрбөйт. Бул бийлиги 1973-жылы аяктаган,  1964-жылдагы Ооганстандын шахы Мухаммад Захир доорундагы конституциябы же 2021-жылы 28-сентябрда талибдердин юстиция министри жарыя кылган конституциябы айырмасыз. Же бул башка мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан адамдар тарабынан чыгарылган конституциялардын бири аркылуу болобу айырмасы жок. Анткени,  булардын баары Аллах буйруган нерсеге каршы келет.

﴿وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللهُ إِلَيْكَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ﴾،

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кыл жана алардын напсилерине ээрчибе, алар сени Аллах түшүргөндүн кээ бир бөлүгүнөн азгырышынан сактан. Эгер алар жүз бурушса билгин Аллах аларды  күнөөлөрүнүн бир бөлүгү менен азапка салууну каалайт. (Мааида: 49).

Ооганстан менен Пакистан мусулман өлкөлөрү экенин жана алардын ортосунда согушуу арам экенин түшүнүшү керек. Тескерисинче, ортодогу исламий бир туугандык мамилелерди тереңдетүүлөрү керек. Америка баш болгон каапыр колонизаторлор менен ар кандай байланышты үзүп,  Хизб-ут-Тахрирдин Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан колдоосуна жооп берип, мусулмандарды улуу жана каапырларды кор кылуу үчүн аракет кылуулары шарт.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾.

“Ошол күнү момундар Аллахтын жардамы менен кубанышат жана Ал кимге кааласа жардам берет жана Ал Кудуреттүү, Мээримдүү”. (Рум: 5).

1446-х 22-Сафар.

2024-ж 27-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here