Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Коомдук тартипти сактоо
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
روى عَبْدُ الرَّزَّاقِ في مُصَنَّفِهِ عَنِ ابْنِ عُيَيْنَةَ، عَنْ إِسْمَاعِيلَ بنِ أَبِي خَالِدٍ، قَالَ: سَمِعْتُ أَبَا عَمْرٍو الشَّيْبَانِيَّ، يَقُول: “كَانَ عبدُ اللهِ بْنُ مَسْعُودٍ: يَعُسُّ الْمَسْجِدَ فَلا يَدَعُ فِيهِ سَوَادًا إِلا أَخْرَجَهُ إِلا رَجُلا مُصَلِّيًا”.
Абдул Раззак өзүнүн “Мусаннаф” эмгегинде Ибн Уяйнадан, Исмаил бин Абу Халидден риваят кылып айтат. Мен Абу Амр Аш-Шайбанинин мындай деп айтканын уктум: “Абдулла бин Масуд: “Мечитти кыдырып тазалачу, мечитте намаз окуган адамдан башка эч кимди калтырчу эмес”.
Сүйүктүү бир туугандар!
Асас – бул уурулардын изине түшүү, бузукуларды жана алардын жамандыгынан коргоо үчүн түнкүсүн кыдырып айлануу. Абдулла бин Масуд Абу Бакрдын тушунда Асастын амири болгон. Умар бин Аль-Хаттаб халифа учурунда Асасты өзү башкарган.
Аллах кааласа, жакында тикелене турган Халифалык мамлекетинде адамдардын мүлкүн, анын ичинде үйлөрдү, дүкөндөрдү жана башка нерселерди коргоо үчүн ички коопсуздук бөлүмү болгон шурта шаардын кичи райондоруна, базарларга жана көчөлөргө жөнөтүлөт. Бул кызматты аткаруу шуртанын вазыйпасы болуп саналат. Элдер бул кызматка кеткен чыгашаны төлөшпөйт.
Ал эми бүгүнкү күндө кээ бир адамдар жана кээ бир дүкөн ээлери түнү менен үйлөрүн, дүкөндөрүн кайтаруу үчүн атайын күзөтчүлөрдү жалдап жатканына келсек, адамдар шарияттагы өз укуктарын билбегендигинен кабар берет. Башкача айтканда, мамлекет дүкөн ээлеринин эсебинен дүкөндөргө кароолдорду дайындап жатат. Анткени, учурдагы мамлекеттер өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан качышат. Негизи коомдук коопсуздукту сактоо жана коргоо мамлекеттин милдети жана шуртанын вазыйпасы. Тилекке каршы, мусулмандар өз мамлекетин жоготуп, Роббисинин мыйзамын ишке ашыруудан куру калгандан кийин Алланын нематтарынан да куру калышты!!!
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздө жолугушканга чейин Аллахтын камкордугунда, коргоосунда жана коопсуздугунда болуңуздар. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!
1445-х 24-Зулхижжа.
2024-ж 30-июнь.