Хизб тарыйкаттан тайбайт

1319
0

Хизб тарыйкаттан тайбайт

Өткөн айдын аягында Бек-Абад айылында болуп өткөн окуянын артынан “Хизб ут Тахрир” саясий партиясына карата куру дооматтар жана анын мүчөлөрүнө карата бийликтин басым-кысымдары күчөп жатат. Бийликтин зулумдугунан эркектер эле эмес, муслима эже-карындаштарыбыз да жабыр тартууда. Маселен, Бек-Абаддагы окуя шылтоосу менен бир нече эже-карындашыбыз кармалып, айылдагы үч муслиманын үйүнө электр энергиясын берүү расмий бийликтин буйругу менен токтотулду. Утурумдук бийлигине манчыркаган залимдер жалган доомат менен күнөөлөнүп жаткан карындашыбызды айылдан көчүрүү аракетин кылышууда. Албетте, булардын баары бүгүнкү бийликтин алсыздыгынан кабар берет. Анткени, адилетүү бийлик – табиятынан алсыз болгон аял затын кордоону эмес – коргоону тандайт!

         Ушул орунда, колонизатор кожоюндарын ыраазы кылуу жолунда провокациялык иштерди күчөтүп жаткан бийлик ээлерине суроо туулат. Силер доомат коюп жаткан туу илүү, бийликти күч менен басып алуу сыяктуу жалган жалааларды таңуулагандан уялбайсыңарбы? Силер тургай, силер ыраазы кылмакчы болгон кожоюндарыңар да “Хизб-ут Тахрир” саясий партиясынын түзүлгөндөн берки ишмердүүлүгүнөн эч бир маддий кылмыштарды жасаганын далилдей алган эмес. Акыры келип, “антисемитизм” шылтоосу менен гана мыйзамдарында тыюу сала алышты. Же силер ыйыктап жаткан мыйзамыңарда доомат коюлган адамдарды токко тарттыруу, уруп-сабоо, туугандарын кысымга алуу аркылуу күнөөнү моюнга алдырууга жол берилгенби? Силер ыйыктап жаткан демократиялык мыйзамдарыңар – куру дооматка калган, айыпсыз, алсыз аялдарды – үммөттүн мүлкү болгон электр энергиясынан ажыратууга, өзү жашаган жерден мажбурлап көчүрүүгө жол ачып береби?

Кыргызстандын кеткен-келген бийликтери Хизбге каршы күрөшүндө жалаң гана жалган доомааттардан пайдаланып келет. Мындай дооматтардын башында Шанхай кызматташтык уюмунун “Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясы” турат. Бул “Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштө кафир кожоюндардын ичинен Россия жана Кытайга ээрчийбиз” дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, Россия менен Кытайдын катаал чараларын көчүрүп алып, ал аркылуу бул кафир кожоюндарына жагынышат.

Албетте, Хизб жана анын мүчөлөрүнө карата мындай дооматтар буга чейин да болуп келген жана акыйкат үстөм болгонго чейин боло бериши шексиз. Кандай болгондо да, Аллах Тааланын динин үстөм кылуу алсыздарга же залим-зөөкүрлөргө берилбеген! Ал акыйкат жолдо бекем туруп, Расул (с.а.в)дын тарыйкатынан тайбагандардын иши! Бул иште Хизб өз тарыйкатынан кылча тайбай турганын дагы бир эсиңерге сала кетебиз.

Хизб негизделгенде эле Исламды жашоого кайтарууну максат кылган. Ушул максатка жетүү үчүн анык фикрат жана тарыйкатты үйрөнүп чыккан. Тагыраагы, Исламды өзүнөн түзүм келип чыга турган акыйда, ар бир проблемага чечим берген дин катары изилдеп чыкты. Айрым партиялар сыяктуу куру ураандар менен эмес, Исламдагы башкаруу, саясат, экономика, финансы, жаза-чара, таалим, медицина сыяктуу бардык тармактарды терең изилдөө менен ижтихад негизинде эмгектер жазды. Проблемалардын чечимине булак катары Куран Сүннөттөн келип чыккан далилдерге гана таянды. Натыйжада, мусулмандар жашоодогу ар бир проблеманын чечими Исламда бар экенин элестете баштады.

Хизб бул жолдо эч бир бийлик ээлери, мамлекет жетекчилери жана башка партиялар менен соодалашууга ыктаган жок. Улутчулдук сыяктуу бузук ураандарга азгырылган жок, же Ислам биримдиги сыяктуу жалпы-куру сөздөр менен да убара болбоду. Балким, Расулулла (с.а.в)дын тарыйкаты негизинде иш алып барды. Бул тарыйкат өзгөргүс жол болуп, мына ушул жолдон жүрүү ар бир исламий жамаат үчүн важиб болуп эсептелет. Анткени, Исламды жашоого алып келүүнүн шаръий тарыйкатын Хизб эмес, шарият белгилеген. Бул тарыйкатты Исламга даъват башталган күндөн тартып мамлекет тикеленгенге чейинки Расулуллах ﷺдын сийраты баян кылууда.

Демек, Аллах Азза ва Жалланын нусрат жана үстөмдүгүнө ылайык болуу – фикратта бекем, тарыйкатта туруктуу туруу жана андан кылча четке чыкпоо менен болот. Себеби, канчалык кыйынчылыктар болбосун, чоң курмандыктар берилип, фитналар көп болбосун, Аллах Азза ва Жалла бизди Ага баш ийүүгө буюрду.

Аллах Таала бизге Өзүнүн Куръани Кариминде пайгамбарлардын кыссаларын, алар өз коомдору тарабынан азап-кыйынчылыктарды көрүшкөнүн, даъватты жеткирүүдө оор балээ-сыноолорго туш келишкенин баян кылды. Чындыгында, биз үчүн үлгү болгон Пайгамбарыбыз жана ал заттын сахабалары эң катуу азап жана сынолорго туш келишти, бирок, бул аларды диндеринен бура албады, Роббилеринин убадасына болгон катъий ишенимдеринен кайтара албады. Тескерисинче, бул сыноолор алардын диндеги кадамдарын дагы да бекем кылды. Расулулла (с.а.в) айтты:

«لاَ أَزَالُ أُجَاهِدَهُمْ عَلَى الَّذِي اِبْتَعَثَنِي اللهُ بِهِ حَتَّى يُظْهِرَهُ اللهُ أَوْ تَنْفَرِدَ هَذِهِ السَّالِفَةُ»

«Мен Аллах жөнөткөн пайгамбарлыгым негизинде аларга каршы күрөштү токтотпоймун, же Аллах ушул пайгамбарлыкты үстөм кылат, же анын жолунда шейит болом».

Тилекке каршы, бүгүнкү жетекчилер, залим режимдер өтмүштө Алланын азабына дуушар болгон коомдордон ибрат албай жатат. Колуна биртке бийлик тийип калса, калкка карата зулумдукту күчөтүп жатат. А бирок, залимдер канчалык зулум кылбасын, Аллах жана Расулунун убадасы албетте орундалат. Аллах Таала айтат:

﴿وَأُخْرَى تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِنَ اللهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ﴾

«Жана (Аллах силерге) дагы башка силер сүйгөн (бир нээматты да берет, ал) Аллах тарабынан болгон нусрат жана жакын фатх, сүйүнчү кабарды жеткиргин!» [61:13]

Имам Ахмадда Хузайфадан риваят кылынган хадисте Расул ﷺ айтты:

«…ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«… Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here