Кыргызстанда Кытай ишканалары көбөйөт

1733
0

Кыргызстанда Кытай ишканалары көбөйөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шинжаң автономдук районуна болгон иш сапарында кытайлык компаниялардын жетекчилери менен жолукту. Жолугушууда Кыргызстанда титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод куруу маселеси талкууланды. Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жогору экенин айтты. О.э “Zhicun Lithium Industry Group” компаниясынын жетекчилиги менен тоо-кен тармагындагы маселелер боюнча сүйлөшүү жүрүп, Кыргызстанда литийди чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруу каралды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдары жана бизнес коомчулугу 40тан ашык документке кол коюшту. Документтердин баасы 1 млрд 50 млн долларды түздү.

Буга чейин Кыргызстан парламенти өлкөдө уран жана торий кендерин иштетүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алган. Ага президент Садыр Жапаров 27-июнда кол койду.

Комментарий:

Акыркы он жылдыкта Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу өтө активдүүлүк менен күчөп баратат. Өлкөдө 300дөн ашуун Кытай ишканалары иштейт, андан тышкары 200гө жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Ал эми тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытай компанияларына таандык. Кытай ишканалары ишмердиги жөнүндө эч кандай отчёт беришпейт, мындан улам канча көлөмдө кен казып жатышканы, канчасын өлкөдөн алып чыгып жатышканы да белгисиз. Президент Жапаров өткөн жумада жарлык чыгарып, алтын ж.б кендерди рудасы менен өлкөдөн ташып чыгууга уруксат берди. Бул болсо кайрадан кен байлыктардын эсепсиз агылып чыгышына жол ачат. Эми уран жана торийди чалгындап, казууга жол ачуу менен өлкөдөгү ири кендер баскынчы Кытай колуна карматылмакчы.

Мындан тышкары, Кытай өзүнүн карыз тузагына илүү менен да баскынчылык саясатын жүргүзүп келет. Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 486 млн долларды түзсө, анын дээрлик жарымы Кытайдын бересеси. Буга чейин Кытай ондогон өлкөлөргө карыз берүү менен стратегиялык жайларын тартып алган. Маселен, Шри-Ланк 2008-жылы порт куруу үчүн Кытайдан 8 млрд доллар карыз алып, долбоор өзүн актабагандыктан, портту Кытайга 99 жылга тапшырууга аргасыз болгон. Кытай ушундай эле жол менен 2020-жылы Лаостун элект тармагын жана суу ресурстарын ээлеп алган. Пакистан болсо 16 млрд доллар карызынын акысына Гвадар портунун 91%, Эркин экономикалык аймактын 85% кирешесин Кытайга тапшырууга аргасыз болгон. Ал эми, коңшу Тажикстан 330 млн доллар кредиттин акысына Жогорку Кумарг алтын кенин Кытайга карматкан.

Демек, бүгүнкү күндө дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик система пайдага негизделгендиктен, үммөттүн мүлкү болгон кен байлыктарды иштетүүдө адамдарга зыяндуулугу эч кандай эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Буга Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн талкаланышында, цианиддин сууга төгүлүшүндө ачык күбө болдук. Ушундай жол менен учурдагы бийлик Кызыл-Омполдогу кенди эле эмес, Жетим тоо сыяктуу ири темир ж.б кен байлыктарын “инвестор” шылтоосу менен Кытайга карматуу аракетин көрүп жатат. Андыктан, кен байлык маселеси жаатында эл бийликтин алдоолорунан этият болуп, бийликти шарият өкүмдөрү боюнча мухасаба кылышы керек. Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here