Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Мухтасиб казы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
“وحَدَّثَنِي يَحْيَى بْنُ أَيُّوبَ وَقُتَيْبَةُ وَابْنُ حُجْرٍ جَمِيعًا عَنْ إِسْمَاعِيلَ بْنِ جَعْفَرٍ قَالَ: ابْنُ أَيُّوبَ حَدَّثَنَا إِسْمَاعِيلُ قَالَ: أَخْبَرَنِي الْعَلَاءُ عَنْ أَبِيهِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ:
أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ مَرَّ عَلَى صُبْرَةِ طَعَامٍ فَأَدْخَلَ يَدَهُ فِيهَا فَنَالَتْ أَصَابِعُهُ بَلَلًا، فَقَالَ: مَا هَذَا يَا صَاحِبَ الطَّعَامِ؟ قَالَ: أَصَابَتْهُ السَّمَاءُ يَا رَسُولَ اللَّهِ، قَالَ: أَفَلَا جَعَلْتَهُ فَوْقَ الطَّعَامِ كَيْ يَرَاهُ النَّاسُ، مَنْ غَشَّ فَلَيْسَ مِنِّي”
Муслим өзүнүн “Сахихинде” Абу Хурайрадан риваят кылат. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Расул (с.а.в) таразада тартылып алынбай турган, үстү-үстүнө тактап коюла турган кургак азыктын алдынан өтүп калды. Азыкка колун салды эле, манжалары нымга урунду. «Эй азык ээси, бул эмне?» деди. Ал «эй Алланын Расулу, асмандан жааган жамгырдан» деди. Ошондо ал зат: «Адамдарга көрсөтүп, ным азыкты үстүңкү бөлүгүнө койбойсуңбу? Алдаган адам менден эмес», – деди.”.
Бул хадис тууралуу ан-Навави шархында мындай деп айтылган:
Аль-Азхари айтты: Ас-Субра – жыйылган азык. Анткени, анын үстүнө башка азыктар жыйылып коюлат. Булуттун үстүндөгү булут да “Субра” деп аталат.
Бул асыл хадисте, Пайгамбар (Аллахтын салам-салаваттары болсун) коомдук укуктарды коргоону жана аны бузгандардын алдын алууну жеке көзөмөлүнө алгандыгы айтылды. Тамактын ичине колун салып текшерип, нымдуу экенин көрүп, сатуучуга бул нымдуулукту элге көрсөтүп, жашырбай коюуну буйруду. Анткени, аны жашыруу адамдарды алдап, аларга зыян келтирет. Бул хадис хисбанын (тескөөнүн) шаръийлигине далил жана мухтасибдин (тескөөчүнүн) ишинин түшүндүрмөсү. Мухтасиб коомдук жайдагы укук бузууларды, доогери жок бардык иштерди караган казы. Эгерде бул иштер жазанын же оор кылмыштардын чегине кирбесе. Анткени, оор кылмыштар, адамдардын ортосундагы талаш-тартыштар коомдук укуктарды бузуу болуп саналбайт. Ошондуктан мухтасиб казынын иши жалпы коомдук укуктарды камтыйт.
فقد روى أبو داوود في سننه عَنْ قَيْسِ بْنِ أَبِي غَرَزَةَ قَالَ: “كُنَّا فِي عَهْدِ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ نُسَمَّى السَّمَاسِرَةَ فَمَرَّ بِنَا رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَسَمَّانَا بِاسْمٍ هُوَ أَحْسَنُ مِنْهُ فَقَالَ: يَا مَعْشَرَ التُّجَّارِ إِنَّ الْبَيْعَ يَحْضُرُهُ اللَّغْوُ وَالْحَلْفُ فَشُوبُوهُ بِالصَّدَقَةِ”
Абу Давуд өзүнүн “Сунанында” Кайс бин Абу Гаразадан риваят кылат, ал айтты: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) доорунда бизди далдалчы деп аташкан. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жаныбыздан өтүп баратып, бизди андан да жакшыраак ат менен атап, мындай деди: Оо, соодагерлер жамааты соода-сатыкта жалган сөз жана ант ичүү көп болот, андыктан аны садака менен аралаштыргыла”.
Бул жерде Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) соодагерлерге соода-сатык иштеринде чынчыл болууга жана садака берүүгө буйруган.
وروى البخاري في صحيحه عن سُلَيْمَانُ بْنُ أَبِي مُسْلِمٍ قَالَ سَأَلْتُ أَبَا الْمِنْهَالِ عَنْ الصَّرْفِ يَدًا بِيَدٍ فَقَالَ: اشْتَرَيْتُ أَنَا وَشَرِيكٌ لِي شَيْئًا يَدًا بِيَدٍ وَنَسِيئَةً، فَجَاءَنَا الْبَرَاءُ بْنُ عَازِبٍ فَسَأَلْنَاهُ فَقَالَ: فَعَلْتُ أَنَا وَشَرِيكِي زَيْدُ بْنُ أَرْقَمَ وَسَأَلْنَا النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ ذَلِكَ فَقَالَ: “مَا كَانَ يَدًا بِيَدٍ فَخُذُوهُ وَمَا كَانَ نَسِيئَةً فَذَرُوهُ”
Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” Сулайман бин Абу Муслимден риваят кылган хадисте, мындай дейт: “Мен Абу Аль-Минхалдан колмо-кол соодалашуу жөнүндө сурадым. Ал айтты: “Мен шеригим экөөбүз колмо-кол бир нерсе сатып алдык жана насыя да алдык. Бизге Бараа бин Аазиб келди. Биз андан сурадык, ал айтты: “Мен шеригим Зайд бин Аркам экөөбүз силер кылгандай кылдык жана бул тууралуу Пайгамбардан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сурадык. Ал айтты: “Колмо-кол соода кылганыңарды алгыла жана насыя алганыңарды таштагыла”.
Бул жерде соода кылып жаткан эки тарап насыя сүткорлугунан тосулган.
Бул хадистер Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам)дын коомдук укуктарга зыян келтирген талаш-тартыштарды чечкендигин көрсөтүп турат. Бул ишти аткарган казынын “Хисбата” же тескөөчү деп аталышы терминдик мааны. Ал соодагерлерди жана кол өнөрчүлөрдү өз соодасында, иштеринде жана кол өнөрчүлүктө алдамчылык кылуудан, ченеп, таразадан жана башка коомго зыян келтирүүчү нерселердин алдын алуу үчүн көзөмөлдөйт. Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) хисбаны өзү аткаргандай эле, анын атынан аны аткаруу үчүн бирөөнү да дайындаган. “Табакат Ибн Саьдда” жана Ибн Абд аль-Баррдын “Аль-Истиабында” Ага (Аллахтын салам-салаваттары болсун) фатхтан кийин Меккеде базарды көзөмөлдөө үчүн Саид ибн аль-Аасты ишке дайындаганы айтылган. Малик “Муваттасында”, ал эми Шафии “Муснадында” риваят кылат: Умар ибн аль-Хаттаб Сулайман ибн Абу Хасманын энеси аш-Шифаны базар казысы б.а. мухтасиб казысы кылып ишке дайындаганы айтылган. Абдулла бин Утба Мадина базарын көзөмөлдөөгө дайындалган. Аллах андан ыраазы болсун, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) кылгандай, мухтасибдин ишин өзү да аткарып, базарларды кыдырып турган… Халифа Махдийдин дооруна келип, ал мухтасиб казысын атайын аппарат кылып, казылык органдарынын бирине айлантканга чейин халифалар мухтасиб казынын ишин өздөрү да аткара беришкен.
Мухтасиб казынын ыйгарым укуктары:
Аллах буйруса, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1445-х 20-Зулхижжа.
2024-ж 26-июнь.
Камсыздандыруу калктын кыжырына тийүүдө Кыргызстанда камсыздандыруу компанияларынын кирешелери акыркы беш жылда эки эседен ашты. Алардын…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Насаат айтууда жек көргөн нерсеге ачуулануу Урматтуу бир туугандар…
Жапаровдун Италияга сапарынын максаты эмне? Президент Садыр Жапаров Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн президенти…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Туруктуулук менен ыймандын ортосундагы амал Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштери башталат. Бул тууралуу “Кыргызгеология”…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Эй, мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар, уялбайсыңарбы? Бул дүйнөдөгү жамандыктан жана акыреттеги азаптан…