“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбооруна Кытай ээлик кылат

1627
0

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбооруна Кытай ээлик кылат

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 19-июндагы жыйынында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну дароо үч окууда кабыл алды.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариевдин айтымында, темир жол Торугарттан кирип, Макмал аркылуу Жалал-Абадга, андан ары Өзбекстанга уланат.

Темир жол долбоорунун баасы 4 млрд 700 млн доллар деп бааланган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн ортосунда долбоорлоочу компания түзүлөт. Кытай аталган компанияга долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 млрд 332 млн долларды кредитке берет. Ал эми, калган каражаттын 1 млрд 187 млн долларын Пекин, Бишкек жана Ташкент 573 млн доллардан чыгарышат. Компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет. Темир жол ага кеткен каражатты актап бүткөн соң гана кыргыз тарапка өтөт. Анын баштапкы мөөнөтү катары 31 жыл белгиленди. Темир жолду курууга Кытайдын “China Railway International” компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому жооптуу болот.

Темир жолдун жалпы узундугу 480 чакырымды түзсө, 311 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Өлкө ичинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалда темир жолдун эни эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. Темир жолдун курулушу быйыл август айында башталары айтылган.

Депутат Ормоновдун айтымында, аталган келишимдин деталдары мыйзам долбоорунда каралган эмес. Инвестициялык макулдашуу өкмөттүк деңгээлде каралмакчы.

Эске салсак, 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча үч тараптуу кызматташууга 2022-жылы Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюлган.

Комментарий:

Темир жол жүк ташууда арзандыгы боюнча дүйнөдө суу транспортунан кийинки орунда турган стратегиялык маанилүү багыт болуп эсептелет. Жогорудан маалым болгондой, темир жолдун курулушу менен Кытайдын аймактагы таасири дагы да артышы талашсыз. Буга чейин темир жол долбоору Россиянын региондогу кызыкчылыктарына тескери келгени себептүү ишке ашпай турган. Учурда ал Украина баткагына батып, Борбор Азия үстүндөгү таасирин Кытай менен бөлүшүүгө мажбур абалда. Кытай ушул долбоор менен эле чектелбестен, региондо мамлекеттер менен соода хабдарын куруу аркылуу экономикалык экспансиясын ого бетер күчөтүүгө аракет кылууда.

Акыркы он жылдыкта Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу өтө активдүүлүк менен күчөп баратат. Өлкөдө 300дөн ашуун Кытай ишканалары иштейт, андан тышкары 200гө жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Ал эми тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытай компанияларына таандык. Кытай ишканалары ишмердиги жөнүндө эч кандай отчёт беришпейт, мындан улам канча көлөмдө кен казып жатышканы, канчасын өлкөдөн алып чыгып жатышканы да белгисиз. Президент Жапаров өткөн жумада жарлык чыгарып, алтын ж.б кендерди рудасы менен өлкөдөн ташып чыгууга уруксат берди. Бул болсо кайрадан кен байлыктардын эсепсиз агылып чыгышына жол ачат.

Мындан көрүнүп тургандай бир тараптан Кытайга карызыбыз улам көбөйүп жатса, экинчи тараптан кен-байлыктарыбызды талап-тоноп жаткан ишканалардын көпчүлүгү Кытайга тиешелүү. Мындан тышкары, өлкөбүзгө кредит катары келген карыздардын көпчүлүгү кайра эле Кытайга кетет. Анын мисалын өлкөбүздөгү эки ири долбоордон көрө алабыз. Кытайдын банкынан Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого 386 млн доллар, ал эми “Датка-Кемин” линиясын курууга 389 млн доллар кредит алынган. Бул эки ири долбоорду Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган. Башкача айтканда, Кытайдан кредит алдык, аны кайра эле өзүнө бердик. Бирок карыз мойнубузда калды.

Демек, аталган темир жол долбоору Өзбекстан жана Кыргызстанга экономикалык кызыкчылык үчүн керек болсо, Кытайдын буга кошумча стратегиялык жана саясий кызыкчылыктары бар. Тагыраагы, Кытай бул долбоор аркылуу аймактагы өлкөлөрдү экспансия кылуу менен кен-байлык жана чийки сырьелоруна ээ болууну, өз товарлары үчүн жаңы базарларды ачууну каалайт.

Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азия мамлекеттери Орусиянын экономикалык чабал абалынан улам Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Ошондуктан, Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек. Бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.
Ал эми, Борбор Азиядагы мусулмандар Кытайдын баскынчылыгынан, Орусиянын өкүмзордугунан чыгуу үчүн алгач биригүүлөрү зарыл. Бул биригүү улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу убактылуу төмөн пикирлердин негизинде эмес, бардык тармакта негиз боло турган Ислам акыйдасы негизиндеги биригүү болушу зарыл. Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун зулумдугунан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here