Курман айтыңыздар мубарак болсун!

2796
0
Eid Al Adha Mubarak Social Media Post Illustration Design Template

Курман айтыңыздар мубарак болсун!

Аллаху акбар, Аллаху акбар, ла илааха иллаллаху, уа аллаху акбар, Аллаху акбар, уа лиллахил хамд…

Ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган заттарды жер жүзүндө халифа кылууну убада кылган Аллахка мактоолор болсун. Константинопол жана Римдин фатх кылынышынын куш кабарын берген Аллахтын Расулуна, ал кишинин үй-бүлөсүнө, асхабдарына жана ал затты жакшылык менен ээрчиген салих пенделерге саламдар болсун! Бул улуу майрамга байланыштуу бүт дүйнөдөгү мусулмандарды, анын ичинде Кыргызстан мусулмандарын чын жүрөктөн кутутктайбыз. Аллахтан дуба жана ибадаттарыбызды кабыл алышын сурайбыз.

Аллах Таала айтат:

كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنْ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ

«(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер».

Бул жылдын Курман айт майрамы кафир Батыш дүйнөсүнүн жана анын жүгүртөктөрүнө айланган малай акимдердин Исламга каршы күрөшү күчөп жаткан учурга туш келди. Мусулмандар мурунку жылдардан айырмаланып, дагы да кайраттуу, чечкиндүү абалда Палестинаны коргой тургандыктарын бүткүл дүйнөгө далилдеди. Палестина калкы тоолор көтөрө албаган жүккө сабыр кылышууда. Анткени, Ислам менен нурдануу, Исламды жүрөгүнөн кабыл алуу позициясы мына ушундай болот.

Экинчи тарапта болсо куфр коому эки жүздүүлүгүн, өз идеяларынан ачык баш тартканын ашкере көрсөтүүдө. Айрыкча, Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттеринде өздөрү ураан кылып көтөргөн адам укугу жана эркиндиктерди коргоо баалуулуктары жерге сиңип кетти. Муну жөөт вужудунун баскынчы аракеттерине жана аны колдогон капиталисттерге каршы Батыш жана Чыгыш калктары өткөргөн акциялар ачык көрсөтүп турат.

Бул мубарак майрамда баскынчы жөөттөрдүн бомбалары астында калып жаткан газалык боордошторубузду жана дүйнөнүн башка бурчунда куфр чабуулдарына дуушар болуп жаткан боордошторубузду эч качан унутпайбыз.

Ошондой эле, быйылкы Курман айт майрамы кыргыз бийлиги тактысын бекемдеп коргоо жолунда Ислам жана мусулмандарга карата зулумдугун күчөтүп жаткан учурга туура келди. Анткени, Кыргызстан мусулмандары мурункудан да көбүрөөк өз динине талпынып, Исламды бекем карманууда. Бул үчүн Аллахка чексиз мактоолор айтабыз.

Биз Кудуреттүү Аллахтан жакынкы күндөрдө бардык мусулмандарды Өз нусраты менен кубантышын, бизди Ислам менен, Исламды биз менен азиз кылышын сурап калабыз. Инша Аллах, кийинки айт майрамы куттуктоосун Халифабыздын өзүнөн угууну насип кылышын Улуу Роббибизден жалбарып сурайбыз.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

Хижрий 1445-жыл, 10-Зуль хижжа

Миладий 2024-жыл, 15-июнь

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here