Айт намазы коопсуздук шылтоосу менен аянтта окулбайт

2640
0

Айт намазы коопсуздук шылтоосу менен аянтта окулбайт

16-июнда Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар коопсуздуктан улам борбордук аянтта эмес, жер-жерлердеги мечиттерде окулат. Бул тууралуу Муфтият билдирди.

Кыргызстан бийлигинин бул иши – мусулмандарды ибадаттан тосуу жана аларды көзөмөлгө алуу үчүн бир ыкма болуп эсептелет. Анткени, акыркы жылдары Кыргызстанда айт намаздарына катышкан мусулмандар эсеби жалпы калктын санына салыштырмалуу абдан көбөйүп бараткан. Башкалаанын өзүндө эле жүз миңдеген адамдар намазга катышып, мындай көрүнүш өкмөт ичиндеги Исламга каршы кызматкерлердин кыжырын келтирчү.

Мындан тышкары, бир жылда эки жолу окулуучу Айт намаздары коомчулук канчалык деңгээлде исламдашып баратканынын да көрсөткүчү болуп калган. Бул көрсөткүч кыргыз бийлигин эле эмес, алардын кожоюну болгон колонизаторлорду жана алардын колу-бутуна айланган эл аралык уюмдарды да тынчсыздандырып жатканы талашсыз. Ошондуктан, бул уюмдар кыргыз өкмөтүнө миллиондогон долларларды мына ушул исламдашуу жараянынын алдын алуу үчүн берип келет. Өкмөт болсо ушул каражаттарды актоо үчүн жасалма коркунучтарды ойлоп таап, Исламий баалуулуктарга каршы күрөштү күчөтүп барууда. Бул күрөш аркылуу бийликтин көзөмөлүнөн сыртта калган мусулмандар үстүнөн орган кызматкерлеринин көзөмөлүн күчөтүп алмакчы болууда.

Жыйынтыктап айтканда, этият болуу фарзды таштоо дегенди билдирбейт. Айрыкча, көңүл ачуучу иш-чараларга он миңдеген адамдар тоскоолдуксуз чогулуп жаткан чакта, аянттарда намаз окууга тыюу салуу эки жүздүүлүктөн башка нерсе эмес. Ал эми, борбордук аянттын ордуна мечиттерде намаз окутуу менен коопсуздук маселеси чечилип калбайт. Бул болсо, коопсуздук болгону шылтоо экенин көрсөтүп турат. Андыктан, бийлик ээлери айт намазы өтөлүшүнө чектөө киргизүү менен өздөрүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткарбай, күнөөкөр болууда. Демек, биз мусулмандар бийлик ээлеринен мына ушул иштердин аткарылышын талап кылып, Ислам баалуулуктарын, өкүмдөрүн тебелеп-тепсөөгө жол бербешибиз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here