Американын Газа маселесинде стратегиялык чалкештиги жана согушту токтотуу аракети

2708
0

Американын Газа маселесинде стратегиялык чалкештиги жана согушту токтотуу аракети

8-июнда жөөт баскынчылары АКШ менен бирге Газанын Нусейрат аймагында туткундарды бошотуу операциясы ийгиликсиз аяктады. Операция учурунда 4 америкалык туткун курман болуп, төрт гана туткун бошотулду. Ал эми, качкындар жашап жаткан лагерде баскынчылардын кол салуусунан 274 палестиналыктын өмүрү кыйылып, 600дөн ашык тургун ар кандай жараат алды.

ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания Нусейраттагы кол салуу ок атууну токтотуу келишимине олуттуу зыянын тийгизгенин, кол салууга АКШ эң азынан “израил” сыяктуу жоопкер экенин билдирди.

Бул ийгиликсиз операциянын артынан “израил” өкмөтүнүн аскердик кабинетиндеги үч кишинин бири Бенни Гантц кызматтан кетерин жарыялады. Ал өкмөт башчы Биньямин Нетаньяхунун согушту жүргүзүү аракеттерин сынга алып, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылды. Көп өтпөй мурдагы коопсуздук министри Гади Эйсенкот жана “израил” армиясынын Газа аймагы боюнча командири генерал Ави Росенфелд кызматынан кеткенин жана эмгек өргүүгө чыкканын билдиришти.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газа маселесин талкуулоо үчүн 10-июнда “израил”ге жана Египетке сегизинчи жолу ийгиликсиз сапарын баштады. Блинкен 31-майда президент Жо Байден сунуш кылган ок атышууну токтотуу келишимин ишке ашырууга аракет кылмакчы.

Байдендин демилгеси май айынын соңунда сунуш кылынган. Анын биринчи этабында “израил”дин абактарында отурган палестиндерди жана ХАМАС барымтада кармап турган жөөттөрдү айырбаштоо, ок атышууну убактылуу токтотуу каралган.

Экинчи этабында барымтадагылардын баарын бошотуу, атышууну толук токтотуу жана Газадан жөөттөрдүн бардык аскерлерин чыгарып кетүү сунушталууда. Ал эми, акыркы этабында Газаны калыбына келтирүү боюнча эл аралык планды иштеп чыгуу каралууда.

         Комментарий:

Америка экинчи дүйнөлүк согуштан бери дүйнөгө жетекчилик кылып келген макамын сактап калуу үчүн болгон аракетин жумшап жатат. Анын дүйнөнүн кайсы аймагында болбосун, ишке ашырып жаткан долбоорлорунда жеке кызыкчылыгы биринчи орунга коюлат. А бирок, Палестина маселесинде “израил” өкмөтүнүн кызыкчылыктары Америка менен бир деген көз караштын каталыгы көрүнүүдө. Айрым саясатчылардын “израил” Америка саясатына таасир өткөрө турган кубатка ээ деген көз карашы да ката экендиги тастыкталууда. Анткени, жөөт вужудунун Газадагы ырайымсыз кыргындары Америка жана саясатчылардын саясий пландарында чалкештик пайда кылды. Бул согуш Американын Палестинадагы “эки мамлекет” долбооруна урулган акыркы соккулардын бири болуп калды. Ушул орунда суроо туулат. Эмне үчүн Америка колунда жөөт вужудуна каршы колдонушу мүмкүн болгон көптөгөн басым өткөрүү куралдары болушуна карабай, аны колдонбой жатат?

         Мунун жообуна келсек, АКШ саясий майданда иш жүзүндө “эки мамлекет” долбоорун ишке ашырууга урунуп жатат. А бирок, Американын аймакта мындан башка да стратегиялык максаттары бар. Алардын бири Ислам үммөтүнүн биригип кетүүсүн алдын алуу. Анткени, мындай биригүү кыянатчы акимдердин кулашын жана аймактын Америка өкүмдарлыгы астынан чыгышын билдирет. Бул болсо АКШ үчүн өлүм-өмүр маселеси. Мындан улам, жөөт вужуду Американын “эки мамлекет” долбооруна тоскоолдук кылуу үчүн аракет кылууда. Экинчи тараптан, Америка үчүн жөөттөрдүн согушта жеңилиши үммөттүн жеңиши дегени. Ошондуктан, жөөт армиясынын ырайымсыз баскынчылыгына көз жумууда. Ошентип, ал “эки мамлекет” долбоорунан да маанилүү стратегиясы үчүн бул долбоору токтоп турушуна ыраазы болуп жатат. Анткени, капиталисттик мамлекетте кызыкчылык эң биринчи орунда туруп, пайдалуу стратегия үчүн пайдасы аз долбоорлор садага чабыла берет.

         Жыйынтыктап айтканда, Орусия менен Кытайды алсыратууга багыт алган Америка Палестина маселесин тез арада чечүүгө кызыктар. Анын кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн аймактагы кыянатчы жетекчилер 9 айдан бери күнү-түнү аракет кылууда. Алардын айрымдары жөөт бийлигин ачыктан-ачык колдоп, коопсуздугун сактап жатса, айрымдары популисттик кайрылуулар, соода алакаларды токтотуу менен Нетаняху бийлигине АКШ сызган сызык менен жүрүүсү үчүн басым өткөрүүдө.

Америка баштаган колонизаторлор муну менен катар Палестинада жүз берип жаткан кагышууларды яхудийлер менен мусулмандар ортосундагы маселе эмес, яхудийлер менен Хамас ортосундагы маселе кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок алар канчалык аракет кылышпасын, мусулмандар Палестина маселеси акыйдага тиешелүү маселе экендигин алда качан эле түшүнүп жеткен.

         Ошондуктан, Ислам үммөтү өз тагдырий маселесин өзү чечүүгө, караңгылык каптаган колонизаторлук саясатка каршы турууга белсениши керек. Адилетсиздик каптаган жер бетин Ислам нуру менен жарык кылууга умтулуусу зарыл.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here