Бек-Абаддагы провакация жана бийликтин Исламга каршы күрөшүү аракети

4646
0

Бек-Абаддагы провакация жана бийликтин Исламга каршы күрөшүү аракети

30-майга оогон түнү Сузак районундагы Шамшиев атындагы жана Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектер өрттөлүп, ордуна таухид жазуусу бар ак кездеме илингени кабарланды.

Эртеси күнү күч органдары жергиликтүү тургундарды үймө-үй кыдырып, документтерди текшере баштаган. Көп өтпөй УКМК кызматкерлери Исламий дааватты көтөрүп жүргөн хизб жигиттердин үйлөрүн тинтүүгө ала баштаган. Үйүндө болгон жигиттерди эч кандай түшүндүрмөсүз камакка алып, сапарда жүргөндөрүнүн балдар-кыздарын суракка чакырган. Өспүрүмдөрдү кечки саат 23 чамасына чейин суракка алып, шарттуу негизде кое беришкен. Ал эми, алты жигитти убактылуу кармоочу жайга киргизишти.

Бул окуялардын артынан расмий бийлик маалыматтык манипуляция жасоо менен окуяны хизб жигиттерине байланыштырууга аракет кылууда. Бийликтин мындай аракети кокустук эмес. Балким, акыркы жылдары экстремизм жана терроризм шылтоолору менен камалгандар абактарда азайып бараткандыктан, алардын ордун толтурууну көздөп жатат. Муну менен каапыр кожоюндар берген планды толтуруп, аларды ыраазы кылууну максат кылышат.

Түпкүлүгүндө, хизбге карата мындай жалаа жабуулар алгачкы жолу болуп жаткан жок. Өкмөт ондогон жылдан бери бийликти басып алуу шылтоосу менен миңдеген дааватчы мусулмандарды, а түгүл алсыз муслималарды айыптап, абактарда зулумдуктарын улантып келүүдө. Муну менен эле чектелбей, айрым жардыруу окуяларга да байланыштырып, хизбди коомдон ажыратууга, калкта коркуу сезимин пайда кылууга аракет кылып келет. А бирок, бийликтин мындай ыплас аракеттеринин эч бири натыйжа бербеди. Кыргыз коомчулугу тескерисинче күн өткөн сайын өз Исламына кайтып, аны идеологиялык негизде терең үйрөнүүгө дилгир болуп барууда. Исламий урфтар калктын негизги мамилесине айланууда. Ал эми, хизб жигиттери кандай гана курмандыктарды бербесин өз позициясын бекем кармап, жаманатты кылуучунун жаманатты кылуусунан коркпостон, Исламды жашоого кайтаруу жолунда илгерилеп баратат.

Мунун каршысында расмий бийлик калктын көйгөйлөрүн чечүүдө өз алсыздыгын көрсөтүп жатат. Кыргызстан Орто Азиянын башка мамлекеттери менен катары жакырчылыктын эң төмөн даражасында күн кечирүүдө. Бул аздык кылгандай калк үчүн ар кандай салыктын түрлөрүн ойлоп таап, тарифтерди кымбаттатууда. Маселен, 1-июндан тартып жалпы аянты 80 чарчы метрден ашкан үйлөргө жылуулукка жана ысык сууга тарифти үч эсе кымбаттатуу чечимин кабыл алды.

Ал эми, 1-майдан тартып электр жарыгы үчүн тарифти 10,8 тыйынга кымбаттаткан. Муну менен катар бул малай өкмөт жумушсуздук, экономикалык кризис, социалдык проблемалар, чет элдик мамлекеттерден алынган карыздар, саламаттыкты сактоо секторундагы оор абал менен да бетме-бет келип турат. А бирок, бул көйгөйлөрдүн баарын бир тарапка коюп, Аллахтын буйруктарын турмуш майданына алып келүүгө аракет кылып жаткан дааватчыларды камоо менен алек. Бул кандай гана шерменделик? Акыреттеги шерменделик болсо андан да чоң.

         Учурдагы бийлик Исламга каршы күрөшкөн мурдагы жетекчилердин абалынан сабак албай жатат. Мурдагы жетекчилердин каапырларды ыраазы кылуу үстүндө жасаган иштеринин акыбети баарыбызга маалым. Учурда бул кыянатчылар өз өлкөсүнө келе албай турган кор абалда.

Андыктан, эй бийлик ээлери! Ислам жана мусулмандарга карата зулумдукту күчөтүү максатыңардан кайткыла! Болбосо, силерди да мурункулардын акыбети күтөт! Бийлик ушуну түшүнүп жетиши керек. Көптөгөн залим режимдер Хизбди куугунтуктаган болсо да, Аллахтын уруксаты менен жеңилишкен. Ошондуктан, камакка алуулар Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн таптакыр токтото албайт. Тескерисинче, бул иш жигиттерди өз максатына жетүү жолунда дагы да кайраттандырат! Биз Расулуллах ﷺ дын ушул сөзүнө бекем ишенебиз:

«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الدِّينِ ظَاهِرِينَ، لِعَدُوِّهِمْ قَاهِرِينَ، لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ إِلَّا مَا أَصَابَهُمْ مِنْ لَأْوَاءَ حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»

«Үммөтүмдүн бир тобу динде үстөм болуп, душмандарын жеңишет. Каршылык кылгандар аларга зыян жеткире алышпайт, болгону аларга кандайдыр бир кайгы-кыйынчылык гана жетет. Ал тургай, алар ушул абалда турушканда Аллахтын нусраты келет». (Абу Давуд жана Ахмад риваяты).

Расулулла (с.а.в) биздин үстүбүздөгү жоопкерчиликти эскертип мындай деген: «Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».

Ушундай болгон соң, биз мусулмандар кыргыз бийлигинин диктатура жолунда Исламга каршы күрөшүнө жапа тырмак каршы туруубуз шарт. Анткени, бүгүн жалган жалаалар менен хизбге каршы күрөшүп жаткан бийлик, эртең намазыбызга, орозобузга да тыюу салаары табигый.

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here