АДЕП-АХЛАК

3880
0

بسم الله الرحمن الرحيم

АДЕП-АХЛАК

Мусулмандарда Ислам түшүнүгү алсырап калгандан баштап, ахлак темасында да көптөгөн каталар жүз бере баштады. Айрым кишилер ахлактарга көңүл бурбай т.а. жалпысынан моралдык жана рухий тарапка турмушунда эч кандай орун калтырбастан, жалаң гана маддийликке шуңгуп, маддий (материалдык) кызыкчылыктын артынан түшүп өмүрүн өткөрүп жатышкан болсо, айрымдары ахлак коомду оңдойт деп, жалаң гана ахлактарга көңүл бурушуп, ушул негизде ахлакий жамааттарды түзүшкөн, коомду ахлак негизинде реформа кылууга чакырууну негизги милдет катары көрүп алышты, ал тургай бузук ахлактарды көркөм хулк деп эсептешип, ошонун негизинде мусулмандарга баа бере башташты. Мисалы, чоңдор кылып жаткан ар кандай туура эмес ишке, акыйкатка каршы сөздөргө сүкүт сактоо адеп болуп эсептелип, акыйкатсыздыкка ыраазы болбостон, ага каршы турган адамды ахлаксызга чыгаруу же канчалык зулумдарды, бирөөнүн акысына кол салууну көрсө да, “залимдерге теңелбе” деп унчукпастан, бир четте туруу “уяттуулук” же “акылмандык” болуп эсептелди да, Аллах Тааланын амру-маъруф жана нахий-мункар тууралуу буйругун аткаруу “уятсыздык”, “акмакчылык” болуп калды. Кыянат, жалган айтуу, бирөөлөрдүн акысына кол салуу, жабыр-зулум кылуу адаттагы көрүнүшкө айланып, ал тургай “иштин көзүн билүү” деп суктана турган иштерден болуп калды. Ал тургай Үммөттүн ишине башчы болгондордун кыянаттары, жалгандары, паракордугу, акыйкатсыздык менен бейкүнөө адамдарды кылмышкерге чыгарып, зулум кылышы, элдин мүлкүн талап-тоноосу адаттагы көрүнүшкө айланып, буга эч ким таң калбай турган болуп калды.

Аманаткөй болуу, убадага туруу, чынчыл болуу, соодада туура мамиле кылуу, силаи-рахм, тууганчылык, кошуналардын, достордун акысын  өтөө сыяктуу иштер унутулду.

Ахлак – бул адамдын өзүнө карата мамилесинен болуп, адамдын негиздеринин бири болуп эсептелет т.а. хулку көркөм адам жакшы адам болушу мүмкүн, ал эми хулку жаман киши жаман адам болот. Бузук адамды оңдоодо акыйдасына, ибадатына, мамилесине көңүл бурганыбыз сыяктуу эле хулкуна да маани беришибиз керек. Себеби, бул төрт нерсе адамдын негизи болуп, кайсы бир кишиде алар ката же бузук болсо ошол жаман адам болот, булар оңдолушу менен ошол киши жакшы адамдын катарына кошулат.

А бирок коом жалаң гана көркөм ахлактуу адамдар аркылуу оңдолбойт, ал тургай адамдардын бардыгы жакшы болгон күндө да, адамдар коом негиздеринин бирөөсү гана болуп эсептелет. Коомду оңдоо – дагы калган үч негизди т.а. пикирлер, туйгулар жана мыйзамдарды оңдоо аркылуу ишке ашат. Башкача айтканда, коомдо умумий урф туура болсо гана коом оңолот, темага тиешелүү бир мисал: ахлактуу адамга карата суктануу, ахлаксыз адамга карата жек көрүү боюнча умумий урф болсо гана коом өзгөрөт. Бардык адамдарды ахлактуу кылуу кыйын, бирок урфту оңдоону максат кылган жамаат үчүн урфтарды өзгөртүү проблема эмес. Ошондо ахлаксыз адамдар да туура урфтарга ылайыкташат, урфтарга каршы чыга алышпайт. Демек, коом оңолушу урфтар оңолушу керек.

Ахлактарга карата урфтар оңолушу үчүн алгач хулкту туура түшүнүп алышыбыз керек. Ошондо гана хулкка карата туура урфтар коомдо өкүмдар болот да, эки дүйнөдө ийгиликке жетебиз, инша Аллах. Эгер урфтар бузук болсо, мисалы, бузуку-ахлаксыздар эл арасында урматтала турган, аларга төрдөн орун бериле турган, ал тургай алар жогорку, жоопкерчиликтүү кызматтарды ээлей турган урф өкүмдар болсо о.э. көркөм хулктуу адамдар кордоло турган, жоопкерчиликтүү кызматтардан четтетиле турган, куугунтуктала турган, камактар, ал тургай өлтүрүү менен коркутула турган, кордолууга дуушар болгон, элдер аларды жек көрө турган урфтар өкүмдар болсо, мындай коом караңгылык, төмөндүк баткагына батып бара берет. О.э. мындай коом Акыретте жан чыдагыс азаптарга дуушар болот. Аллах Таала айтат:

قُلۡ سِیرُوا۟ فِی ٱلۡأَرۡضِ ثُمَّ ٱنظُرُوا۟ كَیۡفَ كَانَ عَـٰقِبَةُ ٱلۡمُكَذِّبِینَ

Айткын: “Жерди кыдырып саякат кылгыла, кийин (пайгамбарларды) жалганчы атоочулардын акыбети кандай болгонун көргүлө”. (06:11)

Хулктун көркөм же жийиркеничтүү экенин шарият гана туура белгилейт

Хулктун кандай экендигин шарият белгилейт. Кайсы бир хулкту шарият жакшы десе, ошол жакшы хулк болуп эсептелет. Кайсы бирин жаман десе, ошол жаман хулк. Себеби, хулктар шарияттын Аллах буюрган жана кайтарган иштердин бир бөлүгү. Шарият жакшы хулктарга үндөп, жаман хулктардан кайтарган. Мусулман киши, айрыкча даъватчы шаръий өкүмдөр негизинде көркөм хулктарга ээ болушу керек. Эсибизден чыгарбай турган нерсе, хулктар исламий акыйда негизинде калыптанып, момун киши аларды Аллахтын буйрук жана кайтаруулары деген этибар менен кабыл алышы керек. Мисалы, чынчылдык, бирөөнүн акысына кыянат кылбастык, аманаткөйлүк. Кафир адам буларды адамдар арасында ишенимге кирүү жана ушул аркылуу эмнегедир жетүү үчүн, башкача айтканда, маддий кызыкчылык үчүн кабыл алат. Момун болсо Аллах ушуга буйруган деген этибар менен кабыл алат. Бул эки кабыл алуунун ортосунда асман менен жердей айырма бар.

“Ислам – бул Аллах Таала саййидибиз Мухаммад с.а.в. га адамдын Жаратуучусу менен, өзү менен жана башкалар менен боло турган мамилелерин тарипке салуу үчүн түшүрүлгөн дин. Адамдын өз Жаратуучусу менен боло турган мамилеси акыйда жана ибадаттарды камтыйт, өзү менен мамилеси адеп-ахлак, жеп-ичүү жана кийинүү маселелерин камтыйт, ал эми башка адамдар менен боло турган мамилеси болсо муомалат жана жаза-чараларды камтыйт. Ислам адамдын бардык проблемаларына чечим берген, албетте ахлактардын жакшы жана жаманын да толук баяндаган. Аллах Таала айтат:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِّكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ

“Сага бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаят (Туура Жолго баштоочу), рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү кабар болгон Китепти-Куранды түшүрдүк. (16:89)

Биз момундар, “туура чечимдерди Аллах Таала гана билет, ар бир нерсеге Ал гана туура өкүм чыгарат” деген ишенимибиз менен кафирлерден айырмаланып турабыз, Аллах Таала айтат:

 أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ ۚ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِّقَوْمٍ يُوقِنُونَ

“Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коом үчүн Алладан да чырайлуураак, адилирээк өкүм кылуучу ким бар?!” (5:50)

Хулкка тиешелүү далилдер:

  • Абдуллах ибн Амр риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

 ‎‫إن من خياركم أحسنكم اخلاقا‎

«Силердин эң жакшыларыңар – ахлакы көркөм болгондоруңар».

  • Наввас ибн Самъан риваят кылат. «Пайгамбар с.а.в.дан «жакшылык жана күнөө жөнүндө сураган элем, ал зат

 ‎‫البر حسن الخلق والإثم ما حالك في صدرك وكرهت أن يطلع عليه الناس.

«Жакшылык көркөм хулк, күнөө болсо ичиңди өйүп, адамдар билип калышынан корккон ишиң», деди». (Муслим)

  • Абу Дардадан риваят кылынышынча Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

ما من شيء أثقل في ميزان المؤمن يوم القيامة من حسن الخلق، وإن الله يُبغض الفاحش البذيء

«Кыямат күнүндө момундун таразасында көркөм хулктан көрө оорураак нерсе болбойт. Алла бейадеп абийирсизди жаман көрөт». Бул хадисти Термизий риваят кылып, сахих хасан, деген. Муну ибн Хиббан да өзүнүн «Сахих»инде чыгарган.

  • Абу Хурайра роваят кылат: Пайгамбар с.а.в. дан адамдарды эң көп бейишке алып кире турган нерсе жөнүндө сурашканда: «Алладан такыба кылуу жана жакшы хулк», – деп жооп берди. Адамдарды эң көп тозокко алып кире турган нерсе жөнүндө сурашканда болсо: «Ооз жана фарж (т.а. ачкөздүк жана этеги суюктук)», – деп жооп берди. Бул хадисти Термизий риваят кылып, сахих, деген. Аны ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде, Бухарий «ал-Адаб ал-муфрад»да, ибн Мажа, Ахмад жана Хакимдер риваят кылышкан.
  • Абу Умама риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

لٱنا زعيمٌ ببيتِ في رَبَضِ الجنةِ لمَن تَرَكَ المِراءَ وإن كان مُحِقًّا ، وببيتِ في وسطِ الجنةِ لمَن تركَ الكذبَ وإن كان مازحًا ، وببيتٍ في أعلى الجنةِ لمَن حَسُنَ خُلُقُه

«Акылуу боло туруп жаңжал көтөрбөгөн адамдын бейиштин төмөнкү бөлүгүнөн үй алышына, тамашалашып да жалган сүйлөбөгөн адамдын бейиштин ортосунан үй алышына, хулку көркөм адамдын бейиштин жогорку бөлүгүнөн үй алышына мен кепилмин». Абу Довуд риваяты. Нававий муну сахих хадис деген.

  • Абу Хурайра риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

‎‫أكمل الْمُؤْمِينَ إيمانا أحسنهم خلقا، وخياركُمْ خَياركم لنسائهم.‎

«Момундардын ыйманы толугураагы – көркөм хулк ээлери. Силердин жакшыларыңар – аялдарына жакшыларыңар». Бул хадисти Термизий риваят кылып, сахих хасан, деген. Аны Ахмад, Абу Давуд жана ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде риваят кылган.

Бул жаатта Айша, Абу Зарр, Жабир, Анас, Усама ибн Шарик, Муаз, Умайр ибн Катода. Абу Саълаба Хашаний сыяктуу сахаба р.а. лардан көптөгөн хадистер риваят кылынган. Бул хадистердин бардыгы хасан хадистер.(уландысы бар).

Абу Мастур Ибн Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here