Кыргыз бийлиги өлкөдө жакырчылык жоюлганын билдирди

3526
0

Кыргыз бийлиги өлкөдө жакырчылык жоюлганын билдирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкканын билдирди. Анын айтымында, мындан ары саналуу гана чөйрө, бир ууч топ байыганга жол берилбейт. Президенттин сөзүн өкмөт башчы Акылбек Жапаров да кубаттап, Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына киргенин, тышкы соода жүгүртүү өсүп жатканын айтты.

“Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча биз кирешеси төмөн өлкөлөрдүн категориясынан чыктык. Биздин жан башына номиналдуу ИДП бүгүнкү күндө 2 миң АКШ долларын түзөт. Мамлекет экономикада жетектөөчү күчтүн ролун өзүнө алды”, – деди Жапаров.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму Инсандык өнүгүү индексинде Кыргызстан өткөн жылы бир баскычка жогорулап, мурдагы орто өнүккөн катмардан жогору өнүккөн өлкөлөрдүн тобуна киргенин жарыялаган.

Дүйнөлүк банк 189 өлкөнү ички дүң өндүрүмүнүн көлөмүнө карап кирешеси “төмөн”, “ортодон төмөн”, “ортодон жогору” жана “жогору” деген төрт топко бөлүп талдайт. Эгерде ички дүң өндүрүмү жан башына 1 135 долларга жетпесе, анда ал өлкө “төмөн кирешелүү” болуп эсептелет. Андан кийин 1 136 доллардан 4 465 долларга чейинкилер экинчи топко, 4 466 доллардан 13 845 долларга чейинкилер үчүнчү топко, ал эми 13 846 доллардан жогору болсо төртүнчү топко кирет. 2023-жылы өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн киши башына бөлүнүшү 1 969,2 доллар болгон.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы минималдуу эмгек акы 2021-жылдын башынан 2024-жылдын мартына чейинки мезгил ичинде 22 доллардан 27 долларга, тагыраагы, 5 долларга көтөрүлгөн. Бул арада минималдуу эмгек акы ЕАЭБге мүчө Арменияда 57, Беларуста 39, Казакстанда 88 жана Орусияда 38 долларга өскөн.

Комментарий:

Өлкөдөгү ИДПнын өсүшү негизинен Жапаровдун өкмөтү социалдык фондду бюджеттин киреше бөлүгүнө кошуп эсептөөсүнөн улам болууда. Буга чейинки өкмөттөр социалдык фондду, тагыраагы, жарандардын пенсия үчүн төлөмдөрүн өзүнчө бөлүп эсептеп келишкен. Мындан тышкары, Эл аралык уюмдардын баалоолору жана ИДПнын өсүшү калктын жакырчылыктан чыкканынан же жашоо-турмушу жакшырганынан кабар бербейт. Анткени, Ички дүң продукцияга өлкө ичине инвестор беткабы менен келип кен-байлыктарды ж.б ишканаларды иштетип, пайдаларын тышка ташып кеткен капиталисттердин кирешелери да кошулуп эсептелет. Турмуш чындыгында болсо капиталисттердин кирешесинин калктын турмушу жакшырышына эч кандай таасири болбойт.

Ал эми, президент Жапаровдун бир ууч топ эле байыбайт, эл текши өнүгөт деген сөзүнө келсек, расмий статистикалар мунун тескерисин көрсөтүп жатат. Улуттук статистика комитети 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандагы калктын акчалай кирешеси 576,3 млрд сом болгонун эсептеп чыккан. Ал эми, эң бай катмар менен эң жакыр катмардын кирешесинин ортосундагы ажырым бир жыл мурдагыга караганда 6,4 эседен 9,1 эсеге чейин өскөн. Буга кошумча, ортоңку катмардын кирешеси да бир кыйла азайган. Мындан тышкары, Улуттук статистика комитети калктын 33,2 пайызы же 2 млн 333 миң киши жакырчылыкта жашай турганын маалымдаган. Анын 420 миңи (6%) өтө жакыр деңгээлде турмуш кечирет.

Демек, фактылар көрсөтүп тургандай, өлкө жакырчылык сазынан али чыга элек. Мунун бирден бир себеби, пайдага негизделген капиталисттик башкаруу түзүмү. Бул түзүм менен башкарылган бардык өлкөлөрдө байлар менен кедейлердин арасындагы ажырым кеңейип барууда. БУУнун отчётунда келишинче, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги чет өлкөлүк инвестициялар пайдасынын 80 пайыздан ашыгы 20 бай мамлекетке агылып турат. Дүйнөдөгү эң бай үч адамдын байлыгы эң жакыр 48 мамлекеттин ИДПсына барабар. Дүйнөдөгү эң бай 200 адамдын байлыгы болсо дүйнө калкынын 42 пайызынын кирешесинен көптүк кылат. Булардын баары колонизаторлук капиталисттик системанын кандай гана адилетсиз башкарып жатканынан кабар берет.

Ал эми, мунун каршысында Ислам экономикалык проблеманы байлыктарды адилеттүү бөлүштүрүү менен чечет. Халифалык мамлекети бир да жакыр калбашы үчүн ар бир жаран азык-түлүккө, кийим-кече жана үй-жайга ээ болушун камсыздайт. О.э. Ислам бардык адамдарды медицина, таалим жана коопсуздук кызматы менен акысыз камсыздайт. Буга кошумча, ар бир адамга камалий муктаждыктарын камсыздашы үчүн мүмкүнчүлүк жаратып берет. Сүткорлукту арам кылып, Байтулмалдан пайызсыз карыз берет. Мал-мүлк казына болуп чогулуп, бир ууч адамдардын колунда топтолуп калышын арам кылат. Монополияны, габнды жана жердин үч жылдан ашуун иштетилбей калтырылышына тыюу салат. Андай жерди кароосуз калтырган адамдан алып, эгин эге турган адамга берет жана фермерлерге жардам көрсөтөт. Бүгүнкү күндө болуп жаткандай, валюта куну төмөндөп, адамдардын колундагы акчанын күчү кетпестиги үчүн валютаны алтын жана күмүшкө негиз кылат. Капиталист компанияларга жана фонддук биржаларга тыюу салып, исламий компанияларга гана уруксат берет. Ислам мамлекети башка мамлекеттер Исламды кабыл алышы, Исламды колдонушу жана адилетсиз капитализмден баш тартышы үчүн аларга ийгиликтүү жана адилеттүү модель катары Исламдагы экономикалык түзүмдү сунуштайт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here