Жөөт армиясы Эл аралык соттун чечиминен кийин Рафахта кыргынды улантууда

3436
0

Жөөт армиясы Эл аралык соттун чечиминен кийин Рафахта кыргынды улантууда

БУУнун Гаагадагы Эл аралык соту “израил” Рафах шаарына чабуулун дароо токтотушу зарыл деген токтомун чыгарды. Түштүк Африканын өтүнүчү менен каралган чечимди 15 судьянын 13ү колдоп, экөө каршы добуш берген. Андан тышкары Газа тилкесине керектүү гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыздап, бул үчүн Рафахтагы өткөрмө бекетти ачышы керек. А бирок, аталган соттун өкүмүн ишке ашыра турган полициялык күч жок. Ошондуктан, баскынчы жөөт армиясы миллиондон ашык газалыктар баш калкалаган акыркы шаар Рафахты бомбалоосун улантып жатат. Өткөн түндөгү бомбалоодон эле жүзгө жакын жай тургун шейит болду. Алардын көпчүлүгүн наристелер жана аялдар түзөт. Мындан тышкары, 200дөн ашык тургун жараат алды. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги бомбалар качкындар баш калкалаган чатырларга тийгенин билдирди. Жөөт армиясы бул аймакты “гуманитардык аймак” катары белгилеген.

Белгилүү болгондой, 1948-жылы геноцид тууралуу эл аралык конвенция кабыл алынган. Анда геноцид деген түшүнүк «улуттук, этностук, расалык же диний топту толук бойдон же жарым-жартылай жок кылуу ниетинде жасалган аракеттер» деп аныкталган. Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, согуш башталгандан бери 37 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

Буга чейин Гаага соту Орусиянын Украинага кол салуусун тототууну талап кылган чечимин да чыгарган. Бирок, анын өкүмү Орусиянын кол салуусуна таасирин тийгизген эмес. Демек, Эл аралык соттун согуштук кылмыштарды токтотууда эч кандай таасири жок. Бул болгону демократиялык системага карата калктын нааразылыгын басууга багытталган айла-амалдардын бири. Анткени, учурда капитализмдин эки жүздүү, кош стандарт иштери дүйнөлүк коомчулук алдында зулумдуктун башаты катары көрүнүп калды. Ошондуктан, эл аралык уюмдар жасалма жол менен болсо да эл аралык мыйзамдар иштеп жатканын көрсөтүүгө аракет кылууда. Башкача айтканда, “израил”ди геноцид кылуучу катары таануу аракетинин артында БУУ баштаган эл аралык уюмдардын аброюн тикелөө максаты жатат. Муну менен катар, АКШ бийлиги үчүн Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук максатка ылайыктуу эмес. Айрыкча, ички саясаттагы тирешүүлөр, шайлоо кампаниялары күчөп жаткан чакта бул маселени тез арада чечүүнү каалайт. Ошондуктан, АКШ жөөт бийлиги өз планына ылайык жүрүшү үчүн Гаага сотун басым катары колдонууда. Экинчи тараптан, АКШ админстрациясы Газа аймагын мужахиддерден тазалап, жөөт вужудуна моюн сунган жана коркунуч туудурбаган Палестина мамлекетин тикелөөнү көздөп жатат. Муну өзүн эл аралык мамилелердин коргоочусу катары көрсөткөн Американын Гаага сотунун чечимин тааныбай турганын билдирүүсү да тастыктап турат. О.э май айынын аягында бир катар Европа мамлекеттеринин Палестинаны таануусу “эки мамлекет” чечими алга сүрүлүп жатканынан кабар берет.

Жыйынтыктап айтканда, Газадагы мужахиддердин каршы туруу аракеттери дүйнөлүк системаны, аны жайып жаткан куфр державаларын оор абалга кептеп койду. Тилекке каршы аймактагы кыянатчы мусулман өлкөлөрүнүн малайлыгы болбогондо жөөттөрдүн абалы мындан да аянычтуу болмок. Айрыкча, 57 мусулман өлкөнүн бири эмес, тескерисинче мусулман болбогон Түштүк Африканын Гаага сотуна кайрылышы бул кыянатчылардын шерменде болушуна жетиштүү.

Бул кыянатчылардын жоопкерчилигин улуу аалым Изз бин Абдуссаламдын оозу менен дагы бир жолу эскертебиз. “Бир тигүүчү Абдуссаламга келип, эй шейх кресттүүлөр мага көйнөк тиктирүү үчүн келишет. Мен аларга кийим тигип берсем зулумдукка ортоктош болуп калбаймынбы?, – деп сурайт. Ошондо улуу аалым мындай жооп берет: “Жок, андай кылсаң сен заалимдин өзү болосуң. Ал эми, сага ийне, жип саткандар зулумга орток болушат!”. Ооба, учурда жөөт вужуд менен алака орнотуп, аларды азык-түлүк жана негизги керектелчү каражаттар менен камсыздаган мусулман өлкөлөр Газада кыргын кылып жаткан баскынчылардан эч бир айырмасы жок!

 Америка баштаган колонизаторлор муну менен катар Палестинада жүз берип жаткан кагышууларды яхудийлер менен мусулмандар ортосундагы маселе эмес, яхудийлер менен Хамас ортосундагы маселе кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Эгер муну мусулман өлкөлөрүнүн бири Гаага сотуна көтөрүп чыкканда, анын бул аракети, “Газа маселеси яхудийлер менен мусулманлар ортосундагы маселе” экендигине ишара болмок. Ошол себептен АКШ буга уруксат бербеди. Бирок алар канчалык аракет кылышпасын, мусулмандар Палестина маселеси акыйдага тиешелүү маселе экендигин алда качан эле түшүнүп жеткен. Ошондуктан, Ислам үммөтү яхудий маселеси Гаага сотуна арыздануу же БУУга кайрылуу менен чечилбестигин, бул жана ушул сыяктуу Исламий өлкөлөрдөгү көйгөйлөр армияларды сапарбар кылуу жана Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана чечилерин ачык айтып чыгууда.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here