Касаста (өч алууда) өмүр бар!

4021
0

Касаста (өч алууда) өмүр бар!

Маалымат каражаттарына Таласта 27 жаштагы келин эки баласы менен өлтүрүлгөнү тууралуу кабар чыккандан кийин социалдык тармактарда зордук-зомбулук темасы кайрадан күндүн темасына айланды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, бир тууган К.Н. жана К.М. аттуу жарандар мүлк талашып 2018-жылы уруша кетишкен. Шектүү өз инисине бычак шилтеп, өлтүрүүгө аракет жасаган. Бул факт боюнча, ошол эле жылдын март айында, Кара-Буура райондук сотунун өкүмү чыгып, агасы адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча сегиз жылга камакка алынган. 2023-жылдын март айында ал пробацияга чыккан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү 24-майга караган түнү өч алуу үчүн инисинин үйүнө барган. Иниси талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурда ал инисинин 27 жаштагы аялын, анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулун мыкаачылык менен өлтүргөн. Милиция кызматкерлери аны тоодон кармоо учурунда жок кылган.

Үй-бүлөлүк кылмыштардын көбөйүшүн бейөкмөт уюмдар аялдардын жана балдардын укугу жетиштүү корголбогону менен байланыштырууда. Мындан улам, Батышта тажрыйбадан өткөн мыйзамдарды сунуштап жатышат. А бирок, Батыштын өзү бул көйгөйдүн чордонунда жана андан кутулуунун аргасын таппай келет. Анткени, Кыргызстандагыдай эле, Батыш өлкөлөрү да адам акылынан чыккан демократиялык мыйзамдар менен башкарылат. Ошондуктан, үй бүлөлүк кылмыштар азайгандын ордуна көбөйүп келет. Анткени, капиталисттик системада жарандардын коопсуздугу сакталбаган жана жазалар да кылмыштардын алдын алууга каратылбаган.  Муну БУУ жарыялаган расмий докладда көрсөтүлгөн маалыматтар да тастыктап турат. Анда бир жыл ичинде атайын өлтүрүлгөн адамдардын саны 464 миңге жеткени айтылган. Бул жер бетинде согуш болуп жаткан аймактарда курман болгондордун санынан беш эсе көптүк кылат. Мындай кылмыштар көпчүлүк учурда кылмыштуу топтор жана адам өлтүрүүнү адатка айлантып алгандар тарабынан жасалат. Мисалы, америкалык 78 жаштагы Сэмюэл Литтл 35 жылда 90 адамды өлтүргөнүн мойнуна алган.

      Мунун каршысында, Исламда жазыксыз адам өлтүрүрүү эң чоң кылмыш эсептелип, ага карата катаал жаза берилет. Атайлап адам өлтүргөн кылмышкердин өкүмү – эгер өлгөн адамдын туугандары кечиришпесе – касас болот т.а. ал да өлтүрүлөт. Кечиришсе, өлгөн адамдын туугандарына кун акысы төлөнөт. Кечип жиберишсе гана төлөнбөшү мүмкүн. Демек, жогоруда бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө аракет кылгандар жана адам өлтүргөндөрдүн кылмышы казы тарабынан аныкталса, эч качан кайрадан адамды өлтүрүшүнө мүмкүнчүлүк берилбейт.

Алла Таала айтат: «Эй момундар, силерге өлтүрүлгөн кишилер үчүн касас алуу фарз кылындыЭй, акыл ээлери! Силер үчүн өч алууда – жашоо бар. Балким силер коркоорсуңар» [2:178-179].

Касас – бул  кандай зыян жеткирилсе ошондой өч алуу жана кылмышкерди жазалоо. Касас сөзү кылмышка бериле турган жазага карата жана кылмышкер эмне кылган болсо, ага да ошондой жаза берүүгө карата колдонулат. «Силерге өлтүрүлгөн кишилер үчүн касас алуу фарз кылынды» деген сөздүн мааниси өлтүрүү кылмышынын жазасы катары тиги өлтүргөн адамды өлтүрүү силерге фарз кылынды дегени.

Бухарий Абу Хурайрадан риваят кылышынча, Пайгамбар (с.а.в) мындай деген:

«Өлтүрүлгөндүн ээси эки нерсенин жакшыраагын алууга акылуу: же кун акысы төлөнөт, же катыл өлтүрүлөт».

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here