Никабга каршы күрөш кербени Орусияда уланууда

2313
0

Никабга каршы күрөш кербени Орусияда уланууда

Орусиядагы Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев аялдарга никаб кийүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал “Парламент гезити”не берген маегинде айтты. Фадеевдин айтымында, никабга Борбор Азиянын айрым мамлекеттеринде дагы тыюу салынган.

Былтыр күздө Кыргызстанда никаб кийип жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору парламентте даярдалып, коомдук талкууга чыгарылган. Муну менен Кыргызстан бийлиги коомдо терең тамыр жайып бара жаткан исламий чөйрөнү көзөмөлгө алууну көздөгөн.

Анын алдында Өзбекстан парламентинин Төмөнкү палатасы коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөрдү административдик жазага тартуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

Ал эми, Казакстан Билим берүү министрлиги «Милдеттүү мектеп формасы боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» буйругу алкагында окуучу кыздардын мектепке хижаб кийүүсүнө тыюу салды. Аталган буйруктун конституцияга каршы экени тууралуу ата-энелер тарабынан арыз жазылып, бирок Конституциялык сот аны кароодон баш тартты.

Белгилүү болгондой, Түркмөнстан менен Тажикстанда да сакал жана никаб шылтоосу менен Исламга каршы бийликтин күрөштөрү жүрүп келет. Аталган өлкөлөрдө бүгүнкү күнгө чейин сакал коюп, намаз окуган жана хижаб кийген жарандар жергиликтүү бийликке чакыртылып, алар менен “түшүндүрүү иштери” жүргүзүлүп келүүдө.

Булардан маалым болгондой, Борбор Азиядагы Исламий баалуулуктарга каршы күрөш бир тарабынан Орусия сыяктуу колонизатор мамлекеттердин көрсөтмөсү негизинде алып барылат. Экинчи тараптан, коомдук нааразылыктарды бастырууда исламий көрүнүштөргө каршы күрөш шылтоо катары пайдаланылат. Анткени, диктатуранын табияты ушундай болуп, бир ууч адамдын кызыкчылыгы үчүн каршы тараптын бардык баалуулуктары тебелеп-тепселет.

Негизи никабга тыюу салуу өздөрү улуулап жаткан демократиялык баалуулуктарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. А бирок, бул режимдер эчак эле бул баалуулуктарынан баш тартып, аны өз кызыкчылыктарына туура келген учурда гана колдонуп келишет. Маселен, сатанизм, бутпарастык же дагы башка бузукулуктар үчүн дин экриндиги берилет. О.э мусулмандардан башкалар үчүн каалагандай кийим кийүүгө а түгүл, жылаңач жүрүүгө жол ачып беришет. А бирок, Ислам баалуулуктарына келгенде маселе башкача каралат. Бул болсо, демократиялык түзүм менен диктаторлук түзүм бир тыйындын эки тарабы экенин, экөөсү тең өз каалоосун адамдардын каалоосунан үстөм коюшарын билдирет!

Түпкүлүгүндө, мусулмандар никабды заалим бийликтер уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн кийбейт. Тескерисинче, Исламий баалуулук жана жакшы иш деп кылат. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар колонизатор жана диктатор режимдердин Исламга каршы күрөшүнө каршы туруубуз шарт. Анткени, бүгүн никабга тыюу салган бийликтер эртең дааватыбызга, намазыбызга, орозобузга да тыюу салаары табигый.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here