بسم الله الرحمن الرحيم
ЖОЛ
6-бөлүм
Пикирий негиз жана негизги көйгөй
Адамды өзгөртүүдөн көздөлгөн максат ойгонуу деңгээлинде болушу үчүн бул өзгөртүүнүн жемиштүү т.а. бекем, күчтүү, туруктуу болушу бир гана жол аркылуу ишке ашат. Ал жол – өзгөртүү пикирий негизге же пикирий пайдубалга негизделиши. Ар кандай имарат күчтүү пайдубалы болсо гана бекем турганы сыяктуу эле адамга берилип жаткан пикирлер да бекем, күчтүү пикирий негизге таянса гана анын акылында бекем туруп, көздөлгөн таасирди берет. Антпесе, пайдубалсыз же алсыз, бош пайдубалга курулган үй сыяктуу эле, негиздери күчтүү болбогон пикирлер да туруксуздуктун, силкинүүнүн курмандыгы болот. Имараттын пайдубалы көзгө көрүнбөгөнү сыяктуу эле, пикирий негиз да адамдын иш-аракеттери артында жашынып жатат. Ошол себептен пикири терең адамдар гана пикирий негизди биле алышат.
Пикирий негиз чачыранды, таасирсиз же убактылуу таасирге ээ пикирлерди – адамдын жашоо таризин жана турмуштагы иш-аракеттерин бекем, туура о.э. белги жана багыттарын анык көрүнүштө белгилеп берүүчү түшүнүктөргө айландырат. Себеби, адамды турмушта куру пикирлер эмес, тескерисинче адам туура деп ишенген пикирлер – түшүнүктөр – башкарып, багыттап турат.
Пикирлер менен түшүнүктөр ортосундагы айырманы төмөнкү мисалда жакшылап түшүнүп алабыз. Бирер адамга баланча урматтуу киши деп айтылса, бул кабар эгер маанисин түшүнбөсө маалымат, эгер маанисин түшүнсө пикир болуп калат. Эки абалда тең бул кабар аны урматтуу деп сыпатталган адамга урмат менен мамиле кылууга үндөбөйт. Мамиленин чырайлуу болушунда кабар берип жаткан адам ишенимдүү болушунун орду бар. Кабардын булагы канчалык ишенимдүү болсо урматтуу деп сыпатталган адамды ошончолук урматтайбыз. Качан гана биз «урматтуу» деп сыпатталган адам менен мамиле кылып, анын чындап эле ошондой адам экендиги далилденсе, ошондо гана ага берилген сыпат туура экендигине ишенебиз.
Демек, пикирлерди жашоо таризине таасирин тийгизе турган түшүнүктөргө айландыруу зарыл. Себеби жашоо таризи адамды «ыйман келтирген жана солих амалдарды кылган заттар» деген пикирге ишеним пайда кылганын билдирет. Пикир вакиъге байланган т.а. вакиъ анын туура экендигин тастыктаган болушу зарыл. Бирок, бардык пикирди вакиъге байлоого мүмкүнчүлүгүбүз жок. Себеби, ар бир адам бардык пикирлердин вакиъсин билиши мүмкүн эмес. Көбүнчө кээ бир пикирлердин вакиъсин хис кылыш мүмкүн эмес. Ар бир пикирдин вакиъси көз алдыбызда боло бербейт. Мына ушунун натыйжасында пикирлерди түшүнүүдө жана алардын туура же ката экендигине өкүм чыгарууда ихтилаф пайда болот. Ошондуктан, бизге туура пикирди ката пикирден ажыратып ала турган бир жол керек. Бул жол пикирий пайдубал т.а. пикирий негиз болуп эсептелет.
Кишинин бардык иш-аракеттерине негиз боло турган, аны башка адамдардан ажыратып тура турган бул пикирий пайдубал болгону куру пикирлер болбостон, тескерисинче куллий (бардык тармакка негиз боло турган) пикир болушу керек. Себеби, ал негиз. Негиз болсо бардык иштер ага негизделе турган, бардык иштер андан келип чыга турган нерсе дегени. Эгер бул негиз куллий пикир болбостон, фаръий (экинчи даражалу) болсо ал негиз боло албайт. Ошол себептен пикирий негиз куллий пикир болушу жана бардык иштер анын негизинде аткарылышы керек.
Демек, негиз адамдын бардык көйгөйлөрүн чечүүгө, чоң-кичине бардык суроолоруна жооп берүүгө кудуреттүү болушу керек. Ушуга кудуреттүү болсо куллий пикир болот жана пикирий негиз болууга жарайт.
Ошол себептен чынчылдык, же жалпылаштыруу жана ыклас пикири негиз болууга жарабайт, Себеби алар экинчи даражалуу – фаръий – пикирлер болуп, башка бардык пикирлерди ажыратып берүүгө кудуреттүү эмес.
Адам дуушар болуп жаткан жана анык жоопторго муктаж болгон суроолор эки түрдүү болот: Биринчиси, негизги же тагдырды чечүүчү суроолор. Аларга жооп табуу менен адам кадыржамдыкты жана рахатты сезет. Экинчиси, муктаждыктар жана гарыйзаларды кандыруу көйгөйлөрүн чечүүгө тиешелүү экинчи даражадагы суроолор.
Адамдын суроолору жана көйгөйлөрүн бир нече түйүнү бар арканга окшотсо болот. Бул түйүндөрдүн бири чечилиши кыйын болгон негизгиси болуп, калгандары кичине, экинчи даражалуу. Негизги түйүн чечилсе гана калгандарын туура чечиш мүмкүн болот. Негизги түйүн болсо, бул жашоонун акыйкаты, андан мурунку жана кийинки нерселер, жашоонун өзүнөн мурунку жана кийинки нерселерге байланышы жөнүндө адамды ойлондуруучу суроолор. Буларга тиешелүү суроолорго жооп берүү менен бул түйүн чечилсе калган суроолорду, көйгөйлөрдү чечүү оңой болуп калат. Бул негизги түйүн чечилбесе башка көйгөйлөрдү чечүүдө адам дендароо болуп калат. Себеби, негизги түйүн туура жол менен чечилбесе адам өз тагдырына кадыржам боло албайт. Адамдын вакиъси менен аны ойлондурган негизги чиеликти бүт өмүрүн үнкүрдө өткөрүп, биринчи жолу заңгыраган, жасалгалуу сарайга кирген адамдын абалына окшотсо болот. Ал киши бирер туура эмес иш кылып коюудан коркуп, сарай ээсинин жазасынан чочулап эмне кылышты билбей тура берет. Анын саламаттыгын, жаман абалга түшүп калбашын кепилдөөчү татыктуу аракетти билбей эсеңгиреп тура берет. Сарай ээси менен таанышып, анын буйрук жана кайтарууларын, көрсөтмөлөрүн билип, кылышы зарыл болгон аракеттерди билгенге чейин кадыржам болбойт.
Негизги чиеликтин вакиъси ушундай. Ошондуктан пикирий негиз аалам, адам, тирүүлүк о.э. алардан мурунку жана кийинки нерселер жөнүндө куллий пикир болушу керек. Аклий акыйданын таърифи (аныктамасы) ушундай болгондуктан пикирий негиз аклий болушу зарыл. Эгер бул суроолорго анык, толук жооп берүүгө кудуреттүү болсо пикирий негиз болот о.э. аклий акыйда болот. Антпесе, пикирий негиз да, аклий акыйда да болбойт. Өз кезегинде өзгөртүүгө, ойгонууга негиз болууга жарабайт.
Куллий пикир т.а. аклий акыйда же пикирий негиздин бар экендиги, анын пикирлөөгө жана майл-ыктоолорго негиз болууга жарактуу экендиги – ал туура негиз деген маанини түшүндүрбөйт. Болгону, туура негиз болуп, туура ойгонууга алып барышы же ката негиз болуп туура ойгонууга алып барбашына карабастан, анын негиз экендигин гана билдирет. Негизди туура ойгонушубузга кепил боло турган туура негиз кылуучу аамил тууралуу кийинки бөлүмдө сөз кылабыз.