Жапаров Воронков менен экстремизм жана терроризм маселесин талкуулады
17-майда президент Садыр Жапаров БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын жетекчиси Владимир Воронков менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эл аралык абал жана Кыргызстан менен БУУнун кызматташуусу боюнча пикир алышуу болду. Жапаров Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн кескин каралап, БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын жүзөгө чыгарууга активдүү катышып жатканын билдирди. Ошондой эле, ал Кыргызстан регионалдык деңгээлде Экстремизмди алдын алуу жана Терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен пландын алкагында БУУ жана Орто Азия мамлекеттери менен ийгиликтүү кызматташып жатканын баса белгиледи. Өз кезегинде, Воронков жакшы кабыл алганы үчүн Жапаровго ыраазылык билдирип, БУУнун башкы катчысы Гуттериштин каалоо-тилегин жеткирди.
Эске салсак, БУУнун Контртеррористтик башкармалыгы 2017-жылы түзүлгөн. Бул башкармалыктын негизги вазыйпасы – БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясын жүзөгө чыгаруу. Бул стратегия терроризмдин жайылышына өбөлгө түзгөн шарттарды жоюу планын жана терроризмге каршы күрөшүүнү камтыйт.
Биз жашап жаткан азыркы капитализм күчтүү күчсүздү эзип, колония кылуу үстүнө курулган идеология болуп эсептелет. Бул идеологияда эч кандай баалуулук жок, анын бир гана баалуулугу бар, ал да болсо – пайда-киреше. Ошондуктан капиталисттер өз максаттарына жетүүдө адам өмүрү кыйылабы, а түгүл калктар кыргын болобу, ачарчылыкта калабы, таптакыр маани беришпейт. Алардын негизги максаты – колонизаторлук. Ал эми жогоруда айтылган «терроризм» алардын колониялык максаттарын жүзөгө чыгарууга шарт түзгөн курал болууда. «Терроризм» АКШ баштаган Батыштын дүйнөлүк колониялык баскынчылыгынын куралына айланды. Батыш «экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдөн» пайдаланып бардык тармакта өз өкүмдарлыгын сактап келүүдө.
АКШ жетектеген Батыш «экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү» шылтоолоп төмөнкү максаттарды ишке ашырып келе жатат:
Биринчиси – баскынчылык. АКШ «терроризмди» шылтоолоп, оболу Афганистанды, андан кийин Иракты басып алды. Америка бул өлкөлөрдүн ресурстарын талап-тоноп, аларды бүлгүнгө учуратты. АКШ «терроризмди» жок кылууну бетке кармап алып барган бул баскынчылыктар башка режимдер үчүн «сабак» болду. Башкача айтканда, бул баскынчылык эгер менин өкүмдарлыгыма моюн сунбасаңар силерди да ушундай тагдыр күтүп турат деген АКШнын ишараты эле.
Экинчиси – кызматташуу. «Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү» алкагында Батыш өзгөчө мусулман өлкөлөрү менен көптөгөн келишимдерди түзгөн. Бул келишимдер тузактан башка нерсе эмес. Себеби алардын негизинде мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер Батыш менен тыгыз кызматташып жатышат, аскерий базараларды ачышына уруксат берүүдө, Батыш менен биргеликте аскерий машыгууларды, жада калса аскерий операцияларды өткөрүшүүдө. Бул да аскерий-саясий баскынчылыктын дал өзү эмеспи?!
Үчүнчүсү – малай режимдерди кулоодон сактоо. Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер «экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү» үчүн ар кандай мыйзамдарды кабыл алышты. Бүгүнкү күндө бул мыйзамдар бийликке каршы сүйлөгөндөрдү бастыруу, жакпагандарды же каршылаштарды жок кылуу үчүн пайдаланылууда. “Эркиндик” деп жар салган Батыш бул нерселерге көз жумууда, себеби ал үчүн ага малай реждимдин сакталып турушу маанилүү. Ошентип «экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү» урааны режимге нааразы болгон калкты бастыруу, коркутуу, моюн сундуруу үчүн колдонулуп жатат.
Төртүнчүсү – Халифалыктын тикеленишине тоскоолдук кылуу. Учурда капитализм (демократия) идеологиясы акыркы демин тартып жатат десек жаңылышпайбыз. Капитализм убадалаган “кыял” жалган экендиги, тескерисинче ал бир ууч капиталисттердин гана эбегейсиз байып жашоосун камсыздаган, ал эми калган адамдардын эзилип эксплуатация кылынышына жол ачкан идеология экендиги күндөн-күнгө ачыкталып барууда. Мына ошондуктан, капитализм жер жүзүнө жалаң гана бактысыздык алып келди. Бул чындыкты ачарчылыкка кабылган адамдардын абалы, токтобой келе жаткан, негизи артында Батыш турган согуштар, дүйнөдөгү теңсиздик, адилетсиздик ырастап турат. Мындан улам, мусулмандар гана эмес, ал тургай капиталисттик системаны жаюучу болгон Батыш калктары бул системадан жүз үйрүп, альтернатива жөнүндө ойлой башташты. Арийне, Батыш өз идеолгиясы кыйрап бара жатканын аңдап, ага каршы жалгыз альтернатива Халифалыкта көөдөлөнгөн Ислам экенин түшүнүп жетүүдө. Ошондуктан, Батыш Халифалыкты тикелөөгө аракет кылгандарды “экстремизм” жана “терроризмде” айыптап, куугунтуктап, аларга каршы күрөшүү үчүн бүткүл дүйнөнү, алардын катарында Батышка малай режимдерди тартууда. Аларды мыйзамдарды кабыл алууга, кызматташууга мажбурлап жатат.
“Экстремизм” жана “терроризмге” каршы күрөшүүнүн түпкү маңызы ушундай. Бул Батыш ойлоп тапкан терминдер болуп, мусулмандар аны колдонуудан этият болушу керек. Тескерисинче, анын түпкү маңызын түшүнүп, Халифалыкты тикелөө, Исламды азиз кылуу үчүн аракет кылуу талап кылынат.
Харун Абдулхак
lasuna cheap – diarex online buy cheap himcolin without prescription
buy generic besifloxacin over the counter – where can i buy sildamax cheap sildamax
order celecoxib pills – buy generic indomethacin over the counter indomethacin 50mg us
cheap trihexyphenidyl tablets – order artane online purchase voltaren gel sale
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓі жµ·е¤–йЂљиІ© – г‚¤г‚Ѕгѓ€гѓ¬гѓЃгѓЋг‚¤гѓійЊ 40 mg еј·гЃ• г‚ўг‚ュテイン жµ·е¤–йЂљиІ©
prednisone 5mg us – order captopril online cheap captopril pills
buy amoxicillin generic – combivent 100 mcg cheap buy combivent pills
buy cheap generic azithromycin – azithromycin order online nebivolol price
prednisolone 5mg canada – order progesterone progesterone 100mg canada