Улутчулдукка чакырган бизден эмес!

2738
0

Улутчулдукка чакырган бизден эмес!

18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик жарандар менен болгон мушташтан улам 29 киши жабыркаганы кабарланды. Алардын 14ү пакистандык мигранттар экени ырасталды.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түндө болгон окуядан үч чет өлкөлүк студент ооруканага түшкөнүн билдирди. Калгандары алгачкы медициналык жардам алгандан кийин ооруканага жатуудан баш тарткан.

Ал эми, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев  мушташтан улам борбордо 700гө чейин жергиликтүү жарандар чогулганын белгиледи. Алар Кыргызстанда иштеп жаткан мигранттардын көбөйүп кетишине нааразылык билдиришкен.

Чогулгандардын алдына чыккан Бишкек шаарынын милиция башчысы Азамат Токтоналиев мушташка аралашкан чет элдиктер кармалганын, талаптар аткарылганын айткан. Окуя боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Комментарий:

Мусулман адам ар бир окуяга акыйдасынан келип чыгып жандашуусу шарт. Башкача айтканда, эки адамдын ортосундагы келишпестик же мушташка улутчулдук назарынан эмес, мусулман-мусулманга зыян жеткирбейт деген көз караш негизинде жандашуусу керек.

Анткени, Ислам бул жахилияттан калган түшүнүктү четке каккан. Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын “улутчулдукка чакырган бизден эмес”, “улутчулдук үчүн согушкан бизден эмес”, улутчулдугу себептүү өлгөн бизден эмес”, “кимде ким улутчулдукка чакырган абалда өлсө, улутчулдугу себептүү ачууланса, жахилият өлүмү менен өлүптүр” деген хадистери риваят кылынган.

Бирок, бул мусулман өз туугандарын, жашап жаткан коомун жек көрүшү керек дегени эмес. Тескерисинче, Ислам үй-бүлөсүнө, коомуна жакшы мамиледе болууга буйруйт. Аллах Таала Ниса сүрөсүндө “Аллахтан жана туугандарыңардан мамиле үзүлүп калышынан этият болгула” деген.

Исламдагы арам кылынган улутчулдук – бул мусулмандардын бурадарлык мамилесинин ордуна курулган, өзүнүн гана жакындарын туура же туура эмес иш кылышына карабай коргогон, алардын гана жетекчи болушун каалаган түшүнүк. Мындай түшүнүктөгү адамдар бир улуттун баалуулуктарын бардык нерседен өйдө коёт. Өз улутундагылар кылмыш кылса да башка мусулмандардан артык көрүлөт.

Улутчулдук пикири кантип пайда болооруна келсек, адамдын табиятында бако (жашоо үчүн күрөш) инстинкти бар. Бул инстинктин вакыйын адам төрөлгөндөн кийин жакындары менен бирге чоңойгон үй-бүлө, өзү жашаган аймактагылар менен байланышынан көрө алабыз. Бул байланыш т.а. үй-бүлөлүк жана мекендештик байланыш адам өзүнүн жашоосун улантышы үчүн шарт кылып коет. Мына ушул инстинкт адамды өз үй-бүлөсүн жана мекенин коргоого үндөйт. Бул инстинкт адамдарда болгону сыяктуу айбанаттарда да бар. Маселен, карышкырдын үңкүрүнө же балдарына кол салсаңыз ал да сизге кол салат.

Ошондуктан, адам кайдан келгенин, кайда бараарын, бул жашоодогу максатын белгилеп берген куллий пикирге ээ болбосо, айбандын деңгээлиндеги инстинктер түрткү берген төмөн пикир менен жашап калат. Мына ушундай төмөн пикирдеги адамдардын ортосундагы байланыштан келип чыккан, өзүнүн кызыкчылыгын гана алдыга коюу тар пикир деп аталат да ал улутчулдукка негиз болот. Мындай тар пикирдеги адам жеке жыргалчылыгы үчүн лидерликке умтулат. Алгач үй бүлөсүнүн айылда жетекчи болушун, кийин райондо өзүнүн туугандарынын, өлкөдө өз уруусунун жетекчи болушун, дүйнөдө болсо улутунун жетекчи болушун каалайт. Мындай лидерликке умтулуу бардык пикир ээлеринде болгондуктан, башка үй-бүлөлөр, уруулар, улуттар арасында күрөш, согуштарды келтирип чыгарат. Ошондуктан, Расулулла с.а.в. “улутчулдукту таштагыла, анткени ал жийиркеничтүү” деп айткан.

Жыйынтыктап айтканда, кайсы бир коом куллий пикирден келип чыккан мабда аркылуу байланбаса, алар улутчулдук сыяктуу тар пикирлердин айланасында байланып калат. Натыйжада алар бири-бири менен арааздашып, башка элдерге малай боюнча өтүп кетет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан да мына ушул улутчулдук пикиринин мөмөсүн терип жатат. 1990; 2010-жылдардагы “Ош окуялары” буга мисал боло алат. Тарыхтагы Сарыбагыш – Бугу чабыштары сыяктуу окуялар да ушул улутчулдуктун тар формасы болгон уруучулук пикиринен келип чыккан. Түпкүлүгүндө, бүткүл адамзат бир ата-энеден тарабады беле?!

Улутчулдук улуттарды өз-ара кырылыштырып жатканда, анын каршысында, Ислам мусулмандарды бир үммөт катары, бир улут катары жарыялаган. Бирок, бүгүнкү күндө мусулмандарды бир үммөт болууга чакыруу кылмыш катары бааланууда. Ислам үммөтү жер шарынын төрттөн бирин түзсө да, жер шарынын чар тарабына жайылса да, эч бир саясий күчкө ээ эмес абалда. Анткени, аларды бириктирбей, тескерисинче, согуштуруп жаткан нерселердин бири – мына ушул улутчулдук пикири. Бул уу-заарлуу пикирди үммөттүн ичинен сууруп ыргытпасак, мусулмандардын өз-ара чыр-чатагы, аларга карата колонизаторлордун зулумдугу токтобойт. Анын ордун Исламдын мусулмандарды бир дене сыяктуу бириктирген бурадарлык пикирлери менен толтурушубуз шарт. Ошондо гана Пайгамбарыбыз с.а.в арабдарды уруучулук пикиринен арылтып, улуу Мамлекетти тикелегениндей, биз үммөттү бириктире алабыз.

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here