Батыш хазараты жыйырма биринчи кылымда дүйнөгө жетекчилик кылууга жарактуубу?!

576
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Батыш хазараты жыйырма биринчи кылымда дүйнөгө жетекчилик кылууга жарактуубу?!

 Устаз Халид Ашкар

Хазарат (цивилизация) бул бирер калк кабыл алып, андан кийин эч кандай мажбурлоосуз кабыл алынган дүйнөлүк нерсеге айланууга аракет кылган «түшүнүк жана идеялардын жыйындысын» түшүндүрөт. Бул хазарат, анын түшүнүк жана идеялары башкаруу үчүн канчалык жарактуу болсо, анын кабыл алуучуүлары, коргоочулары жана адамдар арасында жаюуга умтулуп жаткандар да ошончолук көп болот. Байыркы замандардан бери адамдарды хазарат артынан хазараттар башкарып келген. Алардан көпчүлүгү жок болуп кетти, аталыштары гана калды. Мисалы, Рим хазараты, же фарс хазараты, же болбосо грек хазараты кайда калды?! Же болбосо, коммунизм деп аталган социалисттик хазарат кана?! Учурда дүйнөдө эки хазарат гана калды. Алардын бири өз мамлекетине же аны бүткүл дүйнөгө жая турган бир нече мамлекеттерге ээ, ал – капитализм. Экинчиси болсо өз калкынын аң-сезиминде жана вижданында калган, өз мамлекетине ээ болбогон хазарат, ал – Ислам хазараты. Мусулмандардын бул хазараты жыйырманчы кылымдын башына чейин өз мамлекетине ээ болуп турган.

Ар кандай умматтын хазаратын коргой турган саясий вужуду-түзүмү болуш керек, бул анын тирүү калышынын негизги фактору. Туурасы, мамлекеттин хазараты бекемделишин, анын башка уммат жана калктарга жайылышын вужуд жана мамлекетсиз элестетип болбойт. Ошондуктан, мамлекеттин кубаты менен ал үгүттөп жаткан идеологиянын кубаты, анын жайылышы ортосунда түздөн-түз байланыш-шайкештик бар экенин көрөбүз. Кадырман окурманыбызга башаламан болбошу үчүн бир маанилүү нерсени айтып өтүшүбүз керек. Т.а. түшүнүк жана пикирлерди жаюуда эң маанилүү фактор бул күч деп ойлоо – күч канчалык маанилүү болушуна карабастан – хазараттарды бузуп, жок болушун тездетет. Жакынкы тарыхта коммунизмдин жок болуп кеткендиги да айткандарыбызды далили болсо керек. Большевиктер бийликти колго алып, өздөрү кабыл алган түшүнүк жана пикирлерди темир жана от менен жаюуга урунушту, диндарлыктын ар кандай көрүнүшүнө тыюу салышты. Т.а. алар бийликке келгенден кийин адамдардын пикирлерин, ишеним жана акыйдаларын – ал тургай, бул нерсе аларды өлтүрүүгө алып барса да – жок кылууну каалашты. Ушул нерсе алардын мамлекетинин кыйрашынан, хазараты кыйроого учрашынан кабар берген. Советтер Союзу талкалангандан кийин адамдар – өз дини туурасында фитналанышынан, өз түшүнүк жана пикирлеринен баш тартууга мажбурланышынан мурун ишенген – акыйдасына жана диндарлыгына кандай кайтышканын көрдүк. Коммунизмдин ийгиликсиздигинин себеби – жаратуучуну адамдардын жашоосунан бүтүндөй жок кылууну көздөгөнү т.а. адамдардын табиятын жана вижданын өзгөртмөкчү болгону. Анткени, муну эч ким кыла албайт. Адамда ушул фитратты жаратып, жаратуучуну издей турган касиетти пайда кылган зат гана аткара алат.

Хазараттардын жемирилишинин себептери көп, ыктымал алардын негизгиси ушул хазараттын келип чыгуу орду т.а. андагы түшүнүк жана пикирлердин келип чыгуучу булагы. Анын жоголуп кетишине ушул булак себеп болот. Анткени, булак канчалык ишеничтүү болсо, ага болгон ишеним да ошончолук жогору болот. Ошондуктан, көптөгөн хазараттар жаратуучуну булак кылып алганына күбө болобуз, ал тургай, маңызынан четке кагышса да. Т.а. бул хазараттар адамдарга алар ишенген жаратуучу менен байланышуу эркиндигин калтырган. Мисалы, Рим хазараты өзү үгүттөп жаткан түшүнүктөргө адамдарды ишендирүү үчүн христиандык менен инжилди колдонмо кылып алган. Ошондуктан, ал жаратуучуну бүтүндөй четке каккан социализм, алардын катарында, коммунизм сыяктуу хазараттардан узак жашады. Капитализм жаратуучуну турмуштан четтетип, этибарга албаган болсо да, анын ээлери христиан калктар болгону үчүн жаратуучуну четке какпады. Улуттар Лигасы диний негиздерге негизделген топ жана мамлекеттер үлгүсү эле. Анын түзүлгөн негизи да христиандык болчу. Муну инжилди жана чиркөөнү жакшы көргөнү үчүн эмес, адамдардын ишенимдерине жана динине байланыштуу ички согуштардан сактануу үчүн кылган. Ватикан жана Рим папасы дагы эле Батышта турмуштун маанилүү баалуулуктарын билдирет. Анткени, пикирлердин ыйыктыгы дайыма булактын ыйыктыгынан келип чыгат.

Мусулмандарга келсек, алар бүткүл тарыхында өз хазараты менен ага негиз болгон булакты бөлүү эмне экенин билишкен жок. Хазаратынын ыйыктыгы алар ушул хазарат келип чыккан булакты т.а. жаратуучу Аллах Субханаху ва Тааланы ыйыкташтырышынан келип чыкты. Ошондуктан, алардын ишениминде өкүм жана түшүнүктөр таптакыр кызыкчылык-пайдага карап өзгөргөн жана алмашкан эмес. Тескерисинче, алардын кызыкчылыктары түшүнүк жана пикирлерин ээрчиди. Ушул себептен улам, мусулмандардын пикирлери канааттандыруу жана ыраазы кылуу менен бүткүл дүйнөгө жетекчилик кылууга жарады. Мусулмандар Ислам идеологиясына ээрчибегендерди ээрчигенге мажбурлашкан жок, негизи, ушундай кылууга кудуреттүү эле, себеби, алардын колунда маддий (материалдык) жана маънавий (моралдык) мүмкүнчүлүк болгон. Ошондуктан, мусулман өлкөлөрүндө узак кылым жашаган жана жашап жаткан башка дин өкүлдөрүнө карасаң, аларды өз дининен жана ишенимдеринен эч ким бурбаганын көрөсүң. Алардын исламий өлкөлөрдөгү синагога жана чиркөөлөрү өз ыйман-ишениминде калыууга ыктыяр берилгенинин ачык-айкын далили. Мунун тескериси катары, Батыш дүйнөсү муслималар оронгон биртке матадан жүрөгү сыгылып, муну Батыш баалуулугуна коркунуч деп билип жатканын көрүп турабыз! Ал тургай, Кытай жана Индия сыяктуу өлкөлөрдө мусулмандар өз дининен кайтарылып жатканына, жада калса намаз окуу жана орозо кармоодон тыйылып жатканына күбө болуп жатабыз!

Ар кандай акыл жүргүзгөн адамга бул капиталисттик дүйнө акыркы демин тартып жатканы жана анын хазараты айланасында жанып турган чырак да өчкөнү, капитализмдин калган баалуулуктары да кыйрап бара жатканы ачык-айкын болуп калды. Ал ашынган хазарат экендигине Ирак жана Шам далил. Мына, Газа бүгүнкү күндө массалык кыргын жана ойрондулукка күбө болууда, анын калкы кыргын кылынууда жана кууп чыгарылууда. Батыш хазараты жана эркиндиктер ээлери болсо ыплас яхудий вужудун Газа калкын кыргын кылышына жана үй-жайларын ойрон кылышына жардам берип жатат, аны бардык күч-кубат каражаттары менен камсыздоого тил бириктирип жатышат. Башка жактан алганда, бул капиталисттик хазараттын ээлери ушул кылмыштары аркылуу өзүлөрүнүн мамлекет жана вужуддарын өздөрү ойрон кылып жатышат. Батыш мамлекеттеринде болуп жаткан нааразылык демонстрациялары ал жерде талкалануу абалы жүзөгө келгенине, бул абал Батыштагы адамдар менен аларды башкарып жаткан режимдердин ортосуна сокку берип жатканына ачык-айкын далил. Акыркы кездердеги демонстрациялар Батыш өлкөлөрүндө жарандар менен режим ортосундагы баалуулук кризиси тереңдешип жатканын көрсөтүп жатат. Капитализм демократияны да, балдардын укугун да, аялдардын укугун да, сөз эркиндигин да, бардык “жалындуу” терминдерди өз колу менен жок кылды. Газа согушу бул термин жана ураандар жасалма жана жалган экенин, кафирлер ушул аркылуу өз түзүмүнүн өмүрүн сактап калышмакчы болуп жатканын ачыктады.

Ислам мамлекети он үч кылымдан ашуун өкүм сүрдү. Анын хазараты дүйнөнүн Чыгышы-Батышын ээледи. Экономика, саясат жана башкаруу системасындагы пикирлеринин булагы жалгыз негизге курулган болуп, алар Батыштагы сыяктуу импровизация жолу менен жаратылган жок. Себеби, ал кабыл алган түшүнүк жана пикирлердин булагы жаратуучу – Аллах Таала. Ушул себептен улам, мыйзамчылык  кризисинен да, ахлактан да кыйынчылык болгон жок. Ислам мамлекети өздөрү үчүн мыйзам чыгарган системаларда болгондой мыйзамга өзгөртүү киргизе турган мыйзамга муктаж болбоду. Себеби, Ислам мамлекетинде мыйзам ыйыктыгы анын булагынан келип чыгат. Ошондуктан, мусулмандардагы башкарууда диндарлык жак үстөмдүк кылат. Исламда мамлекет сүткордукка жол бербейт жана ал экономиканы ойрон кылганы же базарларды жандандырганы үчүн эмес, харам болгону үчүн тыюу салат. О.э. туризмден максат бузукулук таратуу болсо, ал Байтулмалдын булагы болбойт. Соода, өнөр жай жана фатх иштеринде да кудум ушундай. Өкүмдөрдө мына ушундай туруктуулук жана алардын булагына болгон ишеним адамдарды өкүм жана пикирлерге берилүү менен моюн сунууга үндөдү. Ушул нерсе Ислам хазаратын дүйнөдөгү бардык хазараттар үстүнөн өкүмдар кылууга себеп болуп, адамдар он беш жылдан аз убакыт ичинде фатихтер акыйдасын кабыл алды.

Теманын башында келген суроо калды: Ислам дини өз акыйдасы, пикирлери жана өкүмдөрү менен – шаръий түрдө фарз болушунан тышкары – жер жүзүн Кыяматка чейин башкаруу үчүн турмуштук зарылдыкка айландыбы? Мунун катъий жообу – ооба айланды! Ал тургай, хазарий альтернатива т.а. мусулмандардын мамлекет жана вужуду жок болгон бүгүнкү күндө да эч бир хазарат өз тарапкерлеринин алдында бекем тура албай жатат. Ошондой болгон соң, эртең ушул хазарий альтернатива т.а. Ислам үстөм болгондо эмне болорун элестете белгиле! Ислам түзүмдөр, өкүмдөр жана чечимдер келип чыккан аклий акыйда экендиги аны бардык акыйда жана диндерден өкүмдар кылды. Себеби, жалгыз Ислам акыйдасы гана дүйнөнү зордукчул армия жана ырайымсыз мыйзам менен эмес, өз жөндөмү жана кудурети менен башкарып келди. Адамдар өз кызыкчылыгына тескери келсе да мыйзамды колдонуу жана коомдук тартипти орнотуу аркылуу Аллахка жакын болушат.

Исламдын акыйда, идеология жана өкүмдөр жагынан туруктуулугу мусулмандарды саясат, жихад, фатх жана экономикада жарылуучу энергияга айлантты. Бул болсо, ушул туруктуулук өз ээлерине жогору кадыржамдык бергенин түшүндүрөт. Туурасы, ушул акыйда ээси ал жакшы деп эсептеген мыйзамдарды иштеп чыгуу үчүн акылы жана убактысын жумшоосу шарт эмес. Себеби, барлыгына этикад кылынган жаратуучу Аллах Субханаху ва Таала бизди бул нерседен азат кылган. Пендесинен оболу ыйман келтирүүнү, андан кийин Ал белгилеп берген мыйзамдарды колдонууну талап кылган. Ошондуктан, мусулмандардын жаратмандыгы чексиз болду. Мисалы, Куртубада (Кордовада) ондогон университет жана ооруканалар болгон учурда батыштыктар денелерин жууш жана таза кармоо эмне экенин билишпеген… Ичинде жин бар деп ойлошкон саат жөнүндөгү окуя бардыгына белгилүү!

Кыскасы, Ислам өзүнүн акыйда жана идеологиясында туруктуулугу менен адамзатты асканын астында эмес, эч чокусунда туруп пикирлей турган адамга айлантты. Мудаббир жаратуучуга ишенбеген маддий Батыш болсо мыйзамдарды иштеп чыгып, алар аркылуу адамдарды бактылуу кылуу үчүн кыйналып жатканына, түпкүлүгүндө бир бактысыздыктан башка бир бактысыздыкка, бир балээден башка балээге учурап жатканына күбө болуп жатабыз. Адамдар биздин фитрат динибизден алысташып, инсан түзгөн мыйзамга ыраазы боло беришсе, абал ушундай бойдон калат.

﴿أَلَا يَعۡلَمُ مَنۡ خَلَقَ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلۡخَبِيرُ﴾

«Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал мээримдүү жана (ар нерседен) кабардар»                                                                                                      [67:14]

 

Роя гезити, №489, 2024-жыл, 3-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here