Маскара кылуунун жана фиат акча түзүмүн колдонуунун ордуна алтын менен күмүш түзүмүнө өтүшүңөр керек эмеспи?!

2752
0

Басма сөз баянаты

Маскара кылуунун жана фиат акча түзүмүн колдонуунун ордуна алтын менен күмүш түзүмүнө өтүшүңөр керек эмеспи?!

Хижрий 1445-жылы 20-рамазан, миладий 2024-жылы 30-март күнү Санъадагы борбордук банктын директору Хашим Исмаил маалымат жыйынын өткөрүп, кунсузданган 100 риялдын ордуна жаңы жүздүк акча чыгарылганын жарыялады. Жаңы акча хижрий 1445-жылы 21-рамазандан тарта күчүнө киришин, адамдар колундагы эски валютаны ага айырбаштоо үчүн борборлор ачылганын билдирди. Банк директору жаңы акча бирдиги шарият негизинде эмес, эң жогору эл аралык стандарттар негизинде чыгарылганын моюндады. Себеби, экөөсү ортосунда чоң айырма бар!

Ушундайча Хусийлер абдан көп проблемаларга кептеген, өздөрү өзгөрттүк дешкен капиталисттик валюта түзүмүн колдонуп, алтын менен күмүшкө тиешеси болбогон жана алардын ордун баспаган фиат акча (алтын жана башка баалуу металдар менен камсыздалбаган кагаз акча) түзүмүнө амал кылып келе жатышат. Фиат акчалары аларды басып чыгарган банк тарабынан белгиленген номиналдуу кыйматка ээ валюта болуп, адамдар аны колдонушу үчүн мыйзам чыгарылат. Анын мыйзам күчүнөн башка эч кандай кыйматы жок. Керектөө жөндөмү туруктуу түрдө төмөндөгөндүктөн фиат акчалары адамдардын акчаларын жемире берет. Айтайлык, бир киши 10 динар алтынды, экинчи киши анын кыйматына тең кагаз акчаны бир жерге коюп, жыйырма жылдан кийин кайтып келишсе эмнени көрүшөт? Шек-күмөнсүз, динар өз кыйматын сактап, кагаз акча болсо кыйматын кескин жоготкон болот.

Эмнеге Хусийлер алтын менен күмүш акча түзүмүнө өтпөй жатышат, адамдар каалаган учурда банктан алтын менен күмүшкө алмаштыра ала турган алтын менен күмүштүн ордун баса турган банкнотторду басып чыгарбай жатышат?!

Акча адамдар товар жана кызматтардын баасын аныктоодо келишишкен, бардык товар жана кызматтар өлчөнө турган нерсени түшүндүрөт. Акча айырбаштоо каражаты болуп, Ислам акча катары алтын менен күмүштү белгиледи. Зекеттин өлчөмүн да алтын менен күмүшкө негиздеди, бул экөөсүн казына кылып топтоону харам кылды. Компенсация өкүмдөрү жана уурунун колун кесүү өкүмдөрүн ушул экөөсүнө байлады. Алтын динар 4,25 граммга, күмүш дирхам болсо 2,975 граммга барабар. Ислам баалуу кагаздарды, акцияларды жана ушуга окшогондорду акча деп эсептебейт. Акчанын эки түрү бар: металл жана кагаз. Кагаз акчалар арасында алтын же күмүштүн ордун баса турган кагаз акчалар болот. Дагы бир түрү толук, же чектелүү алтын же күмүшкө негизделген болот. Башка бир түрү болсо, таптакыр алтын менен күмүшкө негизделбеген болот. Акча түзүмү өз аталышын колдонуудагы негизги валютадан алат. Эгер негизги валюта алтын болсо, ал алтын түзүмү же алтын стандарт деп аталат. Эгер негизги валютанын кыйматы алтын же күмүшкө туруктуу байланбаган болсо, бул түзүм фиат акча түзүмү деп аталат. Азыркы күндөгү акча түзүмү фиат акча түзүмү болуп эсептелет.

Акча мамилесинде алтын менен күмүш стандарты колдонулса, акчанын бүгүнкү күндөгү эң күчтүү валюталар да кабылган сикинүүлөргө дуушар болушун алдын алат. Мал-мүлктөрү абага сапырылган инсандар туруктуулукка кайтышы үчүн алтын менен күмүш акча түзүмүнө кайтуу зарыл. Валюта девальвациясынын эң жаман акыбеттеринин бири – бул инфляция. Инфляция натыйжасында валюта өз кыйматын жоготот жана анын керектөө кубаты начарлайт. Өз кезегинде, бул нерсе баалардын жогорулашына, соода-сатыктын начарлашына жана жалпы өсүүнүн сенектешине алып келет. Кала берсе, бул нерсе шаръий өкүмдөргө да тескери. Бул проблемалар экономикага кырсык болуп, мамлекеттердин экономикасын начарлатууда, байлыктарын ойрон кылууда жана алардын эрк-чечимин башка мамлекеттерге туткун кылууда, айрыкча эгер алар кичине жана күчсүз мамлекеттер болсо. Алтын стандартына кайтуу үчүн алтын стандарттан баш тартууга алып келген себептерди жок кылуу керек.

Хизб ут-Тахрир бул проблемаларды чечүү үчүн амалий манхажды кабыл алган. Бул манхаж Аллахтын уруксаты менен жакында тикелене турган Халифалык мамлекетинде колдонулат. О.э. Хизб «Халифалык мамлекетинде малдар» китебинде финансылык маселелерди баян кылган.

Капиталисттик экономика системасы, фиат акча түзүмү бүткүл дүйнө үчүн кырсык болуп эсептелет… Капиталисттик түзүмдөн келип чыккан бардык нерсе адамдарды эзип келүүдө. Ал бүткүл дүйнөнү кризистер иримине тартты. 2008-жылдагы кризис алардын кезектегиси болгон. Мусулмандар Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде экономикалык, саясий, социалдык жана башка тармактарда өз түзүмүнө кайтуу учуру келди. Расулуллах ﷺ айтат:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот». (Имам Ахмад риваяты).

Хизб ут-Тахрирдин Яман

вилаятындагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here