Рамазан майрамыбыз куттуу болсун!

2910
0

Рамазан майрамыбыз куттуу болсун!

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар! Лаа илааха иллаллох, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар ва Лиллахи хамд!

Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмүнүн атынан бардык мусулмандарды хижрий 1445-жылдын Рамазан айт майрамы менен чын дилден куттуктайбыз!
Бул жылдын айт майрамына да Ислам үммөтү менен кафир Батыш дүйнөсүнүн идеологиялык күрөшү күчөп жаткан чакта кирип келдик. Мусулмандар мурунку жылдардан айырмаланып, дагы да кайраттуу, чечкиндүү абалда Палестинаны коргой тургандыктарын бүткүл дүйнөгө далилдеди. Эгер Ислам кошуундары карап туруунун ордуна Газаны коргоого аттанганда абал мындан да башка түс алмак. Батыштын кандай гана колдоп кубаттоосуна карабай, жер бетиндеги эң коркок калк болгон жөөт вужуду тарых барактарына көмүлмөк. Ошондуктан, Америка баштаган колонизаторлор мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилерине басым өткөрүп, алардын кыянаттыктарынан пайдаланууда. Мусулмандардын аракеттерин саткын акимдердин колу менен чектеп жатат. Булардын баарына карабастан, Палестина калкы тоолор көтөрө албаган жүккө сабыр кылышууда. Анткени, Ислам менен нурдануу, Исламды жүрөгүнөн кабыл алуу позициясы мына ушундай болот.

Экинчи тарапта болсо куфр коому эки жүздүүлүгүн, өз идеяларынан ачык баш тартканын далилдешүүдө. Айрыкча, Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттеринде өздөрү ураан кылып көтөргөн адам укугу жана эркиндиктерди коргоо баалуулуктары жерге сиңип кетти. Муну колонизаторлор колдогон жөөт вужудунун баскынчы аракеттерине каршы Батыш жана Чыгыш калктары өткөргөн акциялар ачык көрсөтүп турат.

Аллахтан Ислам үммөтүн кайрат жана күч-кубатын бийиктикке алып чыга турган, кыянатчылардын жазасын, каапырлардын жообун татыктуу бере турган Экинчи Рошид Халифалыктын тикелениши үчүн нусратын жакын кылышын сурайбыз. Аллахым кийинки Рамазанды Үммөт анын артында туруп коргонула турган жана анын артында туруп согуш кыла турган калканы болгон халифа менен бирге тосууну насип кылсын!
Рамазан айтыңыз мубарак болсун!

Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here