بسم الله الرحمن الرحيم
ЖОЛ
2-бөлүм
Биз жана өзгөртүү
Бул өлкөлөрдүн калкы, өзгөчө, мусулмандар өзгөртүүгө аябай муктаж. Башка калктардагы өзгөртүүгө умтулуу дагы да жакшыраак жашоо таризине жетүү үчүн аракет кылуудан турат, биздики т.а. мусулмандардыкы болсо, жоголуп кетүүдөн кутулуу үчүн аракет кылуудан турат. Ошондуктан, өзгөртүүгө умтулуу үммөттүн жашоосуна тиешелүү, тагдырды чече турган олуттуу умтулуу болушу зарыл. Ошол себептен тагдырды чечүүчү бул ишти кийинкиге калтырып, создуктурууга болбойт, суздук жарабайт, бул жаатта соодалашып да болбойт. Себеби, бул аймактын перзенттери болгон биз, дээрлик бир кылымдан бери жамандан да жаманыраак абалда, төмөндүктүн да төмөндүгүндө, кордуктун да кордугунда, шерменделиктин да да эң акыркы чегинде жашап келебиз. Бул сөздөрдүн вакиъсин ар бир адам билсе же хис кылса керек. Себеби, кайсы калк ата-бабаларын кырган душмандарына таазим кылат, урматтайт?! Кайсы калк душмандарына байлыктарын тапшырып коюп, өздөрү мандыкер базарларында нан табуу үчүн дүйнө кезет?! Кайсы калк өз динин таштап коюп, өз өлкөсүндө, өз мекенинде динин үйрөнүүдөн, динине амал кылуудан, анын талаптарын аткаруудан кыйналат. Кандай калк мекендештерине динди үйрөтүүдө каршылыктарга, ал тургай өз диндеши тарабынан кысым, куугунтуктарга дуушар болот, душманынан жашоо таризин үйрөнүп, аларга окшошууга аракет кылат?!
Муну эки түрдүү адам гана билбеши мүмкүн. Бири жахилдигине батып кеткен, көзү да, акылы да сокур болгон кимсе. Экинчиси болсо ушул үммөттөн деп айтыла турган, негизи бул үммөткө таандык болбогон кимсе. Юсуф а.с.дын канына бөрүнүн эч кандай тиешеси болбогону сыяктуу эле мындай кимсенин да бул үммөткө эч кандай тиешеси жок. Биз жашап өткөн жана учурда жашап жаткан ачуу акыйкаттар менен шерменде абалдар ушул сөздү айтууга мажбур кылды. Бул шарт, абалдар ушунчалык оор, экенин ар кандай акылсыз, тентек да сезет.
Ошол себептен жахил жана сокур болгон биринчи кимсени – мейли кыйын болсо да – оңдоо, муалажа кылуу мүмкүн. Ал эми экинчи кимсени оңдоо, муалажа кылуу мүмкүн эмес. Себеби, мындай кимсе кудум жансызданып, тирүү бойдон чирип калган дене мүчөсүнө окшойт. Медицина бүгүнкү күнгө чейин аны кесип салуудан башка чарасын таба элек. Демек, бизде да мындай кимсени кесип, ыргытып жиберүүдөн башка чара жок.
Үммөт жалпысынан шархтоого орун калтырбай турган деңгээлде түшүнө турган, хис кыла турган болуп калганына көнүлүбүз кадыржам болсо да, капилетте жургөндөрдү, унуткандарды эскертүү, акылдуу, түшүнүктүү мекендештерди пикирлетүү о.э. талкууну жеңилдетүү үчүн биз жашап жаткан бузук вакиънин эң көрүнүктүү жактарын баяндап өтөм.
Бул белгилердин баарыбызга белгилүү о.э. маанилүү жактарга бөлөмүн:
а) Саясий жагы.
Баарына белгилүү болгондой, бул үммөт көптөгөн кылымдар бою дүйнөдөгү эң бийик Үммөт, улуу мамлекет ээси, дүйнөдөгү жогорку маданият жана өнүккөн илим-билим, маърифаттын (цивилизациянын) ээси болду. Бүт дүйнө аны менен эсептешип, сөөлөтүнөн, күч-кубатынан айбыгып, анын сөзүнө мажбурий же ыктыярдуу түрдө кулак салат эле. Ушундай үммөт, ушундай мамлекет, ушул хазарат (дүйнө караш), маданият жана маърифат ээлери эми акыркы орунга түшүп калды. Баскынчылардын аттарынын туягы аларды тебелей турган болуп калды.
Бирдиктүү, күчтүү, азиз болгон Мамлекетти – айла-амалдар менен – жалгандан «мамлекеттер» деп аталуучу 50дөн ашуун кагаз вужуддарга, мамлекетчелерге бөлүп жиберишти.
Мурунку Исламий Мамлекеттин жарандары ошол улуу Мамлекеттин жараны болгону үчүн, ушундай бийик хазарат перзенти катары, ошондой жогорку маданият, тарыхында болгондой өнүккөн илим-билим ээси болгону үчүн дүйнөнүн ар кандай жеринде башын көтөрүп, сыймыктанып жүрөт эле. Бүгүнкү күнгө келип ошол жаран ушул үммөткө таандык экенинен уялып, кыжаалат болуп, башын ийип жүрө турган болуп калды.
Илгери мусулман өзүнүн кеңири, күчтүү Исламий Мамлекетинен динди үстөм кылуу үчүн мужахид, гозий сыпатында четке чыгат эле. Же Ислам кошуундары фатх кылган вилаяттардын бирине амир катары же адамдарды зулматтардан нурга, диндерди, инсаний түзүмдөрдүн жабыр-зулумунан өзү “эң туура, жалгыз дин о.э. жогорку жашоо таризи” деп ишенген Ислам адилеттүүлүгүнө алып чыгуу үчүн башка калктар арасына Исламды жайып даъватчы, хидаятчы, туура жолду көрсөтүүчү катары чыгат эле. Бүгүнкү күнгө келип ушул мусулман кагаз, куурчак мамлекетчелердин биринен саясий зулумдан, экономикалык жакырчылыктан качып, качкын катары Нью-Йорк, Вашингтон таштандыларына таштанды ташуучу катары Америкага, Париждеги ашканада идиш-аяк жуугуч болуп Францияга, Стокгольм жана башка шаарларга көчө шыпыргыч катары чыга турган болуп калды.
Илгери Исламий Мамлекеттин башчысы же бирер акими өз мамлекетинен ызат жана сыймыкты көздөй, акыйкат сөздү үстөм кылуу, хидаят нурун жаюу үчүн армиясын баштап чыгат эле. Бүгүнкү күнгө келип, бул акимдер мусулмандар жеринен Ак үйдү же Даунинг-стритти же Кремлди зыярат кылганы чыга турган болуп калды. Ал жердеги кожоюндарынан буйруктарды алышат. Өлкөсүнө кайтуудан мурда кумаркана, казинолордо көңүл ачып, ар түрдүү спирттик ичимдиктер жана наркотиктерге тоюшат. Андан соң мусулмандардын үстүнөн кожоюндарынын буйруктарын толук аткаруу үчүн өлкөсүнө кайтышат.
Илгери Ислам Мамлекетинин жарандары мамлекеттин ал четинен бул четине күнү болобу же түнкүсүнбү аман-эсен, кадыржам абалда барып келе берет эле. Мусулмандар жердин ар тарабында өзүнүн жакындары жана боордоштору турганын сезип жүрөт эле. Эми болсо бул жаран мусулмандардын бардык жеринде чоочундук, өлүм, кайгы жана санааны сезип турат. Үйүнөн же аймагынан зарылдык болсо гана чыга турган болуп калды. Сапарга чыгуу болсо – Исламдан мурдагы, жахилият доорундагы сыяктуу – акыбетине ишенбей турган, аягы эмне болорун жалгыз Аллах гана биле турган, жашоону коркунучка кептөө болуп калды. Мунун натыйжасында жарандар сапарга чыгууга батынбай калышты. Эгерде чыгышса да, бул тобокелдик ушунчалык кооптуу болгондуктан керээзин жазып калтырышы керек болуп калды.
Илгери мусулмандар жолугуп жаткан ар кандай проблеманын чечими мусулмандар мамлекетинин колунда эле. Салахиддин, Кутуз, Бейбарстар өздөрү каалаган о.э. Ислам белгилеп берген чечимди аткарышып, мусулмандар өлкөсүнөн крестүүлөрдү кууп чыгып, мусулмандарды монголдор баскынчылыгынан коргойт эле. Бүгүнкү күндө болсо мамлекетчелерибиздин акимдери: «Чечимдердин 99%ы Американын колунда» деп жатышат. Калган 1%ы кимдин колунда?
Илгери бардык жердеги мусулмандардын башчылары муслима аялдын (эй Ислам, эй Муътасим деген) кайрылуусуна шашылып, экиленбестен жооп беришет эле. Өлкөлөрдү азат кылып, душмандарды жанчып салат болчу. Бүгүнкү күндө болсо сирия Кобия, Хулхул, Дер, Ясин, Сабра, Шатила, Филлипин, Афганистан жана башка жерде кыргын кылынып жаткан миллиондогон мусулмандардын жардам сураган добушун жетекчилерибиз угуп туруп да алардын дили козголуп, кирпиги ирмелбей койду. Аларды сыпаттап айтылган төмөнкү:“Канчалаган жетимдердин “эй Муътасим” дегени кулактарына жетти го, бирок азыркы Муътасимдердин жүрөгүнө жетпеди”, – деген сөз кандай гана акыйкат.
Илгери мусулман акимдердин кафир акимдерге, айрыкча баскынчыларга жөнөткөн каттары: «Аллахтын пендеси, момундардын амири Харун Ар-Рашидден Румдун дөбөтү Никифорго», – деген сөздөр менен башталат эле. Бүгүнкү күндө болсо миңдеген мусулмандарды өлтүргөн, үйлөрүн урандыга айлантып, өлкөлөрүн талкалаган кафирлерге акимдерибиздин каттары: «Мухаммад Анвар Садаттан Бегин мырзага… же Киссинжер мырзага…», – деген сөздөр менен башталууда.
Илгери үч миң мусулман жүз миңден ашык румдукту согушка чакырып, согушка кирген жана алардын дилине коркунуч салган болсо, бүгүнкү күндө Аллах кордук жана начардыкка дуушар кылган, суу жүрөк паскеч адамдардан турган үч миллион каракчы каршысында миллиард мусулман коркуудан калтырай турган болуп калды.
Бул сөздөр мисал жана далилдер үчүн келтирилген деңиздин тамчысы гана. Мындан ашкан төмөндүк болобу? Мындан ашкан кордук болобу? Ушул вакиъде жашап жаткан, дилинде кыпындай намыс, акылында кыпындай пикир болгон адам бул бузук саясий вакиъни сезбеши мүмкүнбү? Ушул кордуктарга күн сайын ар тараптан күбө болуп туруп, көзү көрбөгөн сокур же кулактары укпаган дүлөй, буту-колу шал болгон майып сыяктуу унчукпастан, айланасында болуп жаткан иштерге кайдыгер болуп күн көрүү мүмкүнбү?! Бул, кайдыгерлик Исламга таандык намыстуу мусулмандын абалы эмес.
б) Экономикалык жагы.
Илгери биз көптөгөн кылымдар бою бир мамлекеттин көлөкөсүндө жашадык. Ал мамлекет бизге: «Эй мусулмандар, Биз салык жыйноочу кылып жиберилген эмеспиз, тескерисинче хидаятка баштоочу кылып жиберилгенбиз». «Кимден мал-дүйнө калса, ал мураскорлоруна. Кимден бала-чака калса, ал мамлекеттин мойнунда», – деп, бул айтканын иш жүзүндө аткарат эле.
Илгери ооруп калганын сезген бейтап жанында акчасы, дары-дармеги болбостон ушул мамлекеттин оруканасына кирет эле. Табиб анын оорулуу экенин билип, ага жылмаюу менен карап, дарылайт эле. Үч күн толук караган соң табиб оорулууга бир кагаз карматат эле. Ал кагаздын ичинде бир топ акча жана зыяпат мөөнөтү бүткөнүн билдирген жазуу болот эле. Бейтап ал акчаны алып ишке чыкканга чейин андан пайдаланып турат эле. Ооруканадан мейманга окшоп сый-урмат менен чыгат эле.
Карачы мурда кандай элек!…
Эми кандай болуп калдык?..
Илгери бир мамлекетибиз бар эле, ал бардык жолдорго жолоочу жана мусапырларга акысыз мейманкана, ашканаларды куруп коёт эле. Бардыгы акысыз пайдалана турган түрдүү максаттардагы вакфтарды кылчу. Мисалы, жаш балдар же кызматкерлер сындырып койгон идишти алып келип, чыны жана карапа идиштер вакфынан (ъамманын мүлкүнө айландырылган жайлардан) акысыз алмаштырып кетишет эле. Мындай вакф жаш бала же кызматкер идишти сындырып койгону үчүн кожоюнунан жаза албашы үчүн кылынган. Илгери мамлекетибиз ар бир жарандын бардык негизги муктаждыктарын толук камсыздайт эле. Үй-бүлө башчысы т.а. атасы кайтып келгенге чейин Халифа ал үй-бүлөнү камсыздайт эле. Илгери Халифа мусулмандардын байлыгына, казынасына жоопкер болуп, ал мусулмандарга кызмат кылуу үчүн башка иштерден азат кылынган эле. Мамлекеттик казынадан өзүнүн жана бала-чакасынын тирилигине жете турган каражатты гана алат эле. Халифа Умар ибн Абдулазиз кызына Байтулмалдан карызга алынган мончок менен жасанууга көнбөгөн. Ал мончокту кайрадан казынага тапшырууга буйруган. Халифанын кызына карызга мончок бергени үчүн казыначыны жазалаган. Умар ибн Абдулазиз өзүнүн максаттары үчүн болгону бир нече тыйын турган зайтун майы менен иштеген чыракты да колдонгон эмес. Себеби, ал чырак мамлекеттин мүлкү болчу. Ал чыракты колдонууну жакында Аллах эсебин ала турган иш деп билген. Илгери Умар ибн Хаттаб: «Аллахка ант болсун, Ефрат дарыясынын жээгинде бирер кой же эчки тайып кетсе бул жолду эмнеге тегиздеп койбогонума Аллах сурак кылышынан коркомун», – деп айткан.
Мына ушундай эсепсиз мисалдардан кийин бүгүнкү күндө, биздин куурчак мамлекетчелерибиздин акимдери болсо: «Кимден мал-дүйнө калса, ал мамлекеттики болот. Кимден бала-чака калса, алардын камалганы жакшыраак». “Кош келипсиңер, эми уурулук кылгыла, шылуундук кылгыла, пара бергиле, паракордук кылгыла, а бирок колго түшүп калуудан этият болгула. Себеби, мыйзамыбыз ашынган шылуундарды, аферисттерди коргойт. Жөнөкөй, карапайымдарды коргобойт”. “Кимде-ким үйлөнүүгө кудуреттүү болсо үйлөнсүн. Кимде-ким кудуреттүү болбосо, сойкуканаларга барып кумарын кандырсын”, – деп айта турган, айтып эле койбостон, муну иш жүзүндө колдоно турган болуп калышты. Ооруканалардын эшиги болсо, мамлекеттин жарандары болгон жакырлар үчүн жабык, ким болушуна карабастан байларга ачык болуп калды. Себеби, бай кайсы жерде кааласа ошол жерде, эң жакшы шартта дарыланат. Жакырларга болсо жалпы ооруканалар, алардагы санаа, тозок азабы, зулуму жетиштүү. Ири ооруканаларга жакырдын кириши болсо иблистин бейишке киришине окшоп калды. Бирер кембагал адашып ага кирип калса, андан ары же камакка, же жиндиканага кетет.
Жолдордогу мусапырканалар, мейманканалар, ашканалардын ордуна азыр жасалма чек ара пункттары, посттор жайгашты. Алар мусапыр жолоочуга тамак-аш берип, кызмат көрсөтүшпөйт. Ал посттордон өздөрүн мамлекеттик кызматкер деп тааныштырган каракчылар чыгышып, «Кароодон өткөрүү» шылтоосу менен мусапырды кордошот, мысапырдын үстүндөгү кийим-кечесине чейин чечип алышат. «Текшерүү» шылтоосу менен мусапырды кыйнап, азапка салышат, натыйжада ал байкуш «мындан көрө өлгөнүм жакшы эле» деп жиберет.
Бул мамлекетчелерде аскер өзүнүн чыныгы иши болгон согуш майданында жахалат менен согушуунун ордуна кожоюндарынын, алардын куйруктарынын кызматын кыла турган болуп калды. Мамлекетчелер аскерлерди ушундай ишке мажбурлап гарнизондо кордой турган болуп калышты. Ата-энелери жакыр болгону үчүн ачарчылыктан кыйналып жаткан бул жигиттерди кордой турган болуп калышты.
Акимдерибиз суу же кургак экендигин ылгабай жей турган чегирткеге окшоп калышты. Ар түрдүү “салыктар” шылтоосу менен кызарган бир да нерсени калтырбай жулуп ала турган болуп калышты. Ири ишкерлердин салыктарды төлөө үчүн товарларына кошумча баа белгилеп, товарларын кымбатыраак сатуу менен салыктарды төлөшү баарыбызга белгилүү болсо да, “биз жалаң гана ири соодагерлерден салык алабыз, тиричилик максатында соода кылгандарга эч кандай салык жок” деп айтышын кандай түшүнсө болот. Товарлар кымбат болуп, ар түрдүү салыктар себептүү калк жакырданып бара жатат го? Мусулмандардын мүлкүн кудум атасынан калган мурас сыяктуу каалагандай колдоно турган болуп калышты. Акимдер кургактык, суу, аба портторунун ээси болуп алышты. Наркотикалык заттардын жана уулардын контрабандасы менен алектенүүчү мафиялардын башчысы болуп калышты. Биринчи миллиардерлер биздин акимдерибиз болуп калды.
Мурда кандай элек? Эми кандай болуп калдык? Мурдагы азиздигибизден ашкан азиздик барбы? Азыркы кордугубуздан өткөн кордук барбы?
в) Ижтимаий жагы.
Биз көптөгөн кылымдар бир мамлекеттин көлөкөсүндө жашадык. Ал мамлекетте эркек менен аял ортосундагы мамиле: «Аял корголушу важиб болгон намыс». «Аялдар эркектердин боордошу». «Аялга төрт нерсеси үчүн үйлөнөт: мал-дүйнөсү, теги, сулуулугу, дини үчүн. Сен диндарын тандагын». «Бул дүйнө пайдалануучу маталардан турат. Ал маталардын эң жакшысы солиха аял». «Аллах эркектерге аяллдарынын үстүнөн көптөгөн акы-укуктарды берип, үй-бүлөнү тартипке салуу үчүн: бир адамды башка бир адамга сажда кылууга буюруу мүмкүн болсо, аялдарын күйөөсүнө сажда кылууга буюрат элем». «Күйөөсүн ыраазы кылып өлгөн аял бейишке кирет». «Аялдарыңарды жакшылыкка буйругула». «Момун киши момун аялды жаман көрбөйт. Анын бир мүнөзүн жактырбаса, башка бир мүнөзүнө ыраазы болот». «Кимдин эки аялы болуп, бирине майил болсо кыямат күнү денесинин тең жарымы ириңдеген абалда келет». «Исламда махрсыз үйлөнүү жок». «Аялдардын берекелүүсү – махры аз болгону». «Кимдин эки кызы болуп, аларды тарбиялап чоңойтсо, алар ага тозоктон парда болушат». «Аллах Таала адал кылган нерселеринин ичинде жактырбай турганы – талак». «Кайсы бир аял күйөөсүнөн жөндөн-жөн талак сураса ага бейиштин жыты арам болот», – деген негиздерге курулган эле.
Илгери эркектин аялга мамилесин белгилеп бере турган ушундай таалим-тарбиябыз, мыйзамдарыбыз бар эле. Үй-бүлөдө аялдардын урматы, этибары да жогорку деңгээлде болгон: Энеңди сыйла, себеби бейиш эненин таманы алдында. Аял эркектин боордошу. Аял назик жан, ага өтө ырайым, мээрим жана махабат менен мамиле кылыш керек. Эркек үйлөнүп жатканда анын чырайына, мал-дүйнөсүнө, тегине эмес, динине, кулк-мүнөзүнө көңүл бурушу керек. Аял да өз кезегинде эркекти урматташы, итаат кылышы, сый-урмат көрсөтүшү керек.
Илгери мына ушундай көркөм мамиле болгон. Бүгүнкү күндө болсо, аялга карата мамлие мурункудай «сакталышы важиб болгон намыс» деген негизге эмес, тескерисинче “дене кумарын кандыруучу” предмет деген негизге курулуп калды. Кийим-кече көргөзмөлөрүнө, сулуулук салондоруна, мода үйүнө, самолёт жана автобустарга таштап коюлганы буга ачык-айкын далил болот. Аял ыйык эне эмес, кудум кардарларды тартуу үчүн ташталган жемге окшоп калды. Аялдар жашы өткөн сайын кудум сигареттин калдыгы сыяктуу ташталып, тебелене турган, жаңы кезинде ардакталып, эскиргенде ыргытыла турган буюмга окшоп калды.
Мамлекетчелер түзүп берген бузукулукка, сойкулукка, кыянатка үйрөтүүчү жаңы мыйзамдардан кийин, аял киши көркөм мамиле кылына турган назик жан болбой калды. Тескерисинче, алар – Аллахтын ырайымы келген айрымдарынан тышкарысы – оор атлетчилер сыяктуу көчөлөрдө, базарларда жүк ташыгыч болуп калышты. Ырасында мамлекет мунун артынан көптөгөн байлык таап жаткан соң. Ал кадимки эле сүйүктүү ишке айланды.
“Бейиш эненин таманы алдында” болбой калды. Тескерисинче (айрымдарынан тышкары) энелер, алардын кадамдары Шайтандын кадамдары алдында, карылар үйүндө болуп калды. Талак – жактырылбай турган иш болбой калды. Үй-бүлөлүк мамилелер бузулуп кеткенин айтып отуруунун кажети жок.
Ушундай ижтимаий оорудан ашкан оору барбы? Азыркы төмөндүктөн ашкан төмөндүк барбы? Азыр биздеги бул чексиз мусибат, бузукулук, коомубуз башынан өткөрүп жаткан кордук жана бөлүнүп-жарылууну сезбей турган акыл-эстүү адам бар болду бекен? Жинди болбосо, эркектерде намыс калган болсо, аялдарда абийир жоголбогон болсо, бул абалга унчукпастан жөн гана күн көрүшү мүмкүнбү?! Дилинде кыпындай болсо да адамгерчилиги бар намыстуу адамдын, келечек муун ушундай абалда калышына сукүт сактап отурушу туурабы?!
г) Таалим түзүмү.
Илгери калктар, улуттар арасынан илим-билимде, таалим-тарбияда, ойлоп табуу жана ачылыштарда, университеттерде эң өнүккөн үммөт элек. Биздин университеттерибиз дүйнөнүн бардык тарабындагы илим издегендердин кыбыласы, аалым-муфаккирлердин суктанган жери болчу. Куртоба, Ашибилия, Каир, Багдад, Зайтуна университеттери чыгарган аалым-муфаккирлер өз калктарына унутулгус жакшылыктарды калтырып кетишти.
Илгери ушундай мамлекеттин көлөкөсүндө, ушундай вакиъде перзенттерибиз динин жана акыйдасын тунук түшүнүп, ошол доордогу белгилүү илим-билимдерге жогорку деңгээлде ээ болуп, таалим баскычын кыска мөөнөттө аяктайт эле. Илгери студентке билим алуу жараянындагы бардык чыгымдарды Мамлекет камсыздайт эле. Билим алуу бардыгына милдеттүү жана акысыз эле. Таалим программасынын негизи – Ислам акыйдасы болчу т.а. Аллахтан таква кыла турган, адамзатты жакшылыкка, туура жолго жетектөөчү жигит-кыздарды тарбиялоо болчу. Жашоо майданында керек боло турган билимдерге ээ болуу ар бир мусулман жана муслимага важиб болуп, муну баарына камсыздоо мамлекетке фарз эле.
Ислам мамлекети жана мусулмандар илимий өнүгүүнүн чокусуна жетишкен, анын издери дагы деле дүйнөнүн илимий жактан өнүккөн окуу жайларында (мисалы ибн Хайсам, Хасан Басрий математика илиминде, ибн Сина жана Рози медицинада) даана көрүнүп жатат.
Ушундай даражадан кийин биз төмөндүккө түшүп кеттик. Эми биз дүйнөгө илим-билим жагынан көз карандыбыз. Башка мамлекеттердин калдыктары менен чектелип жатабыз. Өздөрүнө кереги тийбей калган же кызыксыз болуп калган, же болбосо замандын талабына жооп бербей калган, алар бизге таштап жаткан керексиз таштандылар менен азыктанабыз, сыймыктанабыз.
Өзүбүз же Ислам каалагандай эмес, колонизатор кафир жана анын куйруктары каалагандай билим ала турган болуп калдык. Таалим программасын бизге Ислам белгилеп бербестен, кафирлер жана кафирлердин буйруктары, көрсөтмөлөрү негизинде иш кыла турган билим берүү министрлигиндеги комитеттер белгилеп бере турган болуп калды. Эми акыйдабызга, каада-салттарыбызга тескери нерселерди үйрөнө турган болуп калдык. Эми окуучуларыбыз, студенттерибиз Холид, Салахиддин, Тарик ибн Зиядга караганда Наполеон, Гитлерди жакшы билишет. Мисъаб, Абу Зар, Билалдан көрө Траволта, Демис Руссосту жакшы таанышат.
Мындан ашкан төмөндүк барбы?
Мындан өткөн тайылуу болобу?
Сот түзүмү
Биз көптөгөн кылымдар бою адамдын кадыр-баркын, адамдыгын коргой турган мамлекеттин көлөкөсүндө рахаттанып жашадык. Ал мамлекетте жарандар ортосунда ажырым болбогондуктан, мыйзам алдында бардыгы бирдей эле. «Адам соттун өкүмү аркылуу гана жазаланат». «Мусулмандагы асл-негиз анын бейкүнөө экендиги». “Бирер адамды азаптоо таптакыр мүмкүн эмес”. “Ар кандай жарандын бирер аким же кызматкер үстүнөн арызын мазолим казысы карайт”. «Казынын шарттары – адилеттүүлүк, тазалык, факихтик, терең түшүнүү». “Казынын кечирүүдө миң жолу адашканы жазалоодо бир жолу адашканынан жакшыраак”. «Эгер алдыңа чатакташып эки киши келсе, алардын биринин көзү уруп чыгарылган болсо, качан экинчисин да укканга чейин өкүм чыгарба». «Халифа да казынын алдында соттошуучу менен бирдей абалда отурат». «Силерден мурунку коомдор, калктар кыйроого учурашты. Себеби аларда алсыз киши уурулук кылса колун кесип, абройлуу адам уурулук кылса кечирип жиберишет эле», «Аллахка ант болсун, Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылса да, Мухаммад албетте анын колун кесет эле».
Мамлекетибиз ушундай эле. Соттун вакиъси ушундай эле. Ошол себептен жашоодо кадыржам, тынчтык-бейпилдикте жашайт элек. Себеби бейкүнөө, ак жеринен, курулай доомат менен жазаланбашын бардыгы билген. Халифа да, ар бир жаран да мыйзам алдында бирдей эле. Мисалы, имам Али ибн Абу Талиб бир яхудий менен чатакташып Умар ибн Хаттабдын алдына келет. Казы Умар яхудийге өзүнүн аты менен Алиге болсо лакап аты менен (т.а. Абу Хасан деп) кайрылганда, Алинин ачуусу келген. Дагы бир мисал, Амр ибн Астын уулу бир кибтий менен мелдешкенде кибтий озуп кетет. Амрдин уулу буга ачууланып кибтийди уруп коёт. Ал болсо Умар ибн Хаттабга (Халифага) арызданат. Умар кибтийди Амрдин уулун урууга, ошону менен өч алууга буйруган. Бул Мамлекеттеги биз пайдаланган сот кандай адилеттүү болгонун ушул сыяктуу жүздөгөн мисалдар далилдеп турат.
Илгери кандай элек?
Эми кандай болуп калдык?
Бүгүнкү күндө “куурчак мамлекетчелер өкүмдарлыгы тозогуна” түшүп калдык. «Ар бир адам айыптуу». Бейкүнөө адам, качан күнөөсүз экендигин далилдегенге чейин кылмышкер. Күнөөсүз экендиги далилденгиче камчылар, таяктар, зындандардын сызы, камактын кийимдери бечаранын канын ичип бүтөт. Өмүрүнүн канчалаган жылдары сая кетет. Эми жашоого арзый турган өмүрү да калбаган болот. Себеби убакыт өтүп кеткен болот. Бул мамлекетчелердин бардык камагына назар салуу жүздөгөн, миңдеген жабыр, зулум жана кылмыштуулукту ачык-айкын көрсөтүп берет.
Эгер адамдар кылмыш кылса же (бул мамлекетчелердин назарындагы) «туура жолдон» адашса алардын үстүнөн өкүмдү сот чыгарбай турган болуп калды. Башкача айтканда, судьялар алдын ала даярдап коюлган өкүмдөрдү алышып, ошону аткара турган болуп калышты.
Мына эми иштер ачык-айкын болуп калды, үзүр суроочуга үзүр, кайдыгерге бирер хужжат калбады. Себеби жүз берген абал дүлөйдү уга турган, сокурду көрө турган кылып коюуга жетиштүү болду. Ушулардын баарынан кийин – эгер эшектей кордук жашоого көнүп калбаган болсок – бул бузукулукту өзгөртүү үчүн аракет кылышыбыз зарыл ишке айланган жокпу?
Эй үммөт, айрыкча жаштар!
Вакиъ күн өткөн сайын начарлап барууда. Эртерээк өзүбүзгө келбесек жакында бушайман болуп, бармагыбызды тиштеп калабыз. Анда кеч болуп калат.
Бүгүнкү күндө биз эки тайпанын бирибиз. Көпчүлүктү түзгөн биринчи тайпа кулактарына чейин бактысыздык жана кыйроого батып калган. Азчылыкты түзгөн экинчи тайпа болсо ушул бактысыздык жана кыйроону көздөй бара жатат. Биринчи тайпа тамыры куруп кетишинен мурда бул коркунучту жоготууга, аны түп-тамырынан курутууга аракет кылабы? Же акмак төө куштун кылыгын кылып, башын кумга тыгып ушул кылыгы менен “аларды күтүп турган караңгы тагдырдан” кутулдук деп ойлошобу? Мурункуларга жеткен балээ алардын да башына түшөрүнөн мурда экинчи тайпа аракетке келеби? Же алар вакиъге назар салууда, аны түшүнүүдө риваяттагы дөдөй, наадандарга окшойбу? Айтылышынча: «Шатынын төмөнкү тепкичиндегилерди өртчлаып жаткан учурда жогурку тепкичиндеги наадандар кдум өздөрүнө өрттөнүү кезегин күкөн сыяктуу наадандык менен карап отурушат эле».
Аллахка ант болсун, бул өтө олуттуу иш. Же баарыбыз болгон күчүбүз менен бизди ороп алган балээге каршы күрөшөбүз. Себеби “Эки кол бириккенде кекиртекти жеңет», ”Эки чабандес биргеликте Малтада динди-азиздикти өкүмдар кылууга кудуреттүү». Же болбосо, жок болуп кетүүдөгү кезегибизди күтөбүз жана өлүмгө ыраазы болобуз. Ошону менен бардык нерседен куру калабыз.
Эй жигиттер! Өлүм албетте акыйкат. Кимде-ким кылычтан өлбөсө, башка нерседен өлөт. Өлүмдүн абалдары көп, а бирок өлүм бирөө гана. Арзыбаган иш жолундагы өлүм эч качан улуу иш жолунагы өлүмгө теңеле албайт.
Биздин көйгөй мына ушул. Биздин көйгөй үммөттү батып калган бул жийиркеничтүү баткактан улуулук, кадыржамдык, бактылуулук чокусуна алып чыгуу. Үммөттү өзүнө татыктуу, табигый орду болгон дүйнө чокусуна кайрадан ээ кылуу.
Эми ушуга аракет кылабызбы?
Жеңебизби?
Буга кандай жетишебиз?
Максатыбыз, бузук вакиъни соо-саламат вакиъге өзгөртүү.. Үммөттү төмөндүктөн бийиктикке алып чыгып, жогорку деңгээлине кайтаруу.
Булардын бардыгы ойгонуу үчүн өзгөртүү аркылуу ишке ашат.
Мунун жолу кандай экендиги кийинки бөлүмдөрдө баяндалат, инша Аллах.