Ливан вилаяты уюштурган конференция «Халифалык өлкөлөрдү азат кылып, пенделерди коргойт»

1583
0

Басма сөз баянаты

Хизб-ут-Тахрир Ливан вилаяты уюштурган конференция

«Халифалык өлкөлөрдү азат кылып, пенделерди коргойт»

Миладий 1924-жылы 3-мартта Усманий Халифалыктын кулатылганынын жүз жылдыгын эскерүү алкагында Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты конференция өткөрдү. Триполи маданият уюмунун борборунда өткөн «Халифалык – өлкөлөрдү азат кылып, пенделерди коргойт» деп аталган бул конференцияда зал адамдарга толду…

Конференциянын программасы:

Шейх Халид Сайф “Исра” сүрөсүнөн Аллахтын аяттарын тилават кылды…

Устаз Ахмад Касас сөз сүйлөп, Байтул Макдис саййидибиз Муса алайхис-саламдын заманынан бери хак менен батыл ортосундагы күрөштө маанилүү орунда болуп келгендиги, Байтул Макдистин Исламдагы орду, Умар фарук тарабынан фатх кылынгандыгы, Аббасий Халифалыктын роббаний кол башчы Салахиддин Айюбийдин колу менен азат кылынганы, Усманий Халифалык, өзгөчө, халифа Абдулхамид II тарабынан сакталганы, бирок, Халифалыктын кулатылышы менен Байтул Макдис да кулаганы туурасында сүйлөдү. О.э. устаз Касас яхудий вужуду ири мамлекеттердин жана исламий өлкөлөрдөгү тогут өкүмдарлардын жардамы менен жасап жаткан Газадагы кыргындарына токтолуп, эгер мусулмандардын халифасы болгондо, яхудийлер жана алардын артындагы колдоп-кубаттоочулары бул массалык өлтүрүүлөргө батынмак эмес, ал тургай, яхудий вужуду жок болмок, деди.

Андан кийин экинчи сөз Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы мухандис Салахиддин Азазага берилди. Ал араб мамлекеттериндеги малай өкүмдарлар Уммат перзенттерин жана күч-кубат ээлерин кишендеп алгандыгы, Умматтын каны кайнап, бул өкүмдарлардан кутулуу жана Аллахтын шариятын өкүмдар кылуу убагын күтүп жатканы жөнүндө сөз сүйлөдү. О.э. ал Умматта Халифалыкты кабыл алуу жана тикелөө жөнүндө коомдук пикир пайда болгонун көрсөтүп берди, Умматтын Халифалыкты өз кучагына алуу мүмкүнчүлүгүн жана ага кудуреттүү экендигин баса белгиледи.

Андан соң конференцияда мубарек Фалестин жери туурасында таасирдүү окуялар, армиянын ролу жөнүндө борбордук маалымат бөлүмү менен «Вакия» телеканалы тарабынан даярдалган видеоролик көрсөтүлдү.

Андан кийин Ахмад Суфий (Абу Низар Шамий) сөз сүйлөп, Уммат перзенттеринин, уламаларынын, офицер-командачылардан турган армиянын Халифалык мамлекетин тикелөөдөгү ролу жөнүндө, Халифалыктын тикеленишине Аллах Субханаху убада берип, Расулу A башарат кылганы туурасында сүйлөдү.

Конференциянын акырында Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы корутунду билдирүүнү жарыялады. Билдирүүдө мусулман өлкөлөрүн бөлүп, бири-бирине жардам берүүгө тоскоолдук кылып жаткан Сайкс-Пико идеясын жана вакиълигин талкалоо жолундагы Хизб аракетин баян кылды. О.э. Хизбдин Уммат кошуундары арасындагы аракетин, аларга өкүмдарларды кулатып, Уммат бийлигин кайра тикелөө милдетин аткаруу үчүн долбоор сунуштап жатышканын баса белгиледи.

Корутунду билдирүүдө үч тарапка кайрылуу жиберилди:

Бүткүл дүйнөдөгү, өзгөчө, Ливандагы мусулмандарга…

Армияларыбыз арасындагы күч-кубат ээлерине…

Мусулман армияларыбыздан нусрат талап кылып жаткан Хизб-ут-Тахрир сабындагы жигиттерге, өзгөчө алардын башында турган Хизб амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Руштага.

Билдирүүнүн соңунда чакырыкты кабыл алып конференцияга келгендерге ыраазылык айтылды. Өзгөчө, Борбордук маалымат бөлүмүнө жана «Вакия» телеканалынын кызматкерлерине бул конференцияны ийгиликтүү өткөрүү үчүн жасаган бардык иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирилди.

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөлөрү, Аллах Азза ва Жалладан өлкөлөрдү азат кылып, пенделерди коргоочу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу нусратын жана жарык күндөрүн беришин сурайбыз.

 

Хизб-ут-Тахрирдин Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here