Кыргызстанда Ооганстан маселесине арналган эл аралык жыйын өттү

4249
6

Кыргызстанда Ооганстан маселесине арналган эл аралык жыйын өттү

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин атайын өкүлдөрү Ооганстандагы кырдаалды талкуулаган жыйын өттү. Анда Ооганстандагы гуманитардык кырдаал, маңзат бизнесине жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча эксперттик пикир алышуу болду.

Бишкектеги жыйынга Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала, Ооганстан боюнча өкүлү Томас Никлассон, БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева катышты.

Жыйындын өзөктүү маселеси катары Ооганстан боюнча Дохада 18-19-февраль күндөрү өтө турган экинчи эл аралык жыйындын алдында БУУ баштаган процесс талкууланды. Ага “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү катышканы же катышпаганы айтылган жок.

Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн жолугушуусу Алматыда (2021-жыл, май), Ташкентте (2021-жылы, ноябрь), Брюсселде (2023-жыл, январь) жана соңкусу өткөн жылы майда Ашхабадда өткөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде Ооганстандагы 40 миллион калктын 15 миллиону азык-түлүк жардамына муктаж. Алардын үч миллиону – эптеп күн көрүп жаткандар. Ошентсе да БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Отунбаеванын ырасташынча, согуш бүткөндөн кийин Ооганстандын экономикасы турукташып жатат.

Европа Биримдигинин Ооганстан боюнча атайын чабарманы Томас Никлассон “Азаттыкка” берген маегинде, биримдик донор тарап гана эмес, Борбор Азиянын Ооганстан менен болгон алакасын кубаттоого татырлык саясий өнөктөшү боло ала турганын билдирди.

Ал Дохадагы жыйында талкуулай турган маселелерге токтолуп, так план азырынча болбогону менен “жол картасын” түзө турган элементтер белгилүү экенин айтты.

Белгилүү болгондой, “Талибан” кыймылы 2021-жылдын август айында бийликке келгенден бери Борбор Азия өлкөлөрү аны менен кызматташуу ролун ийгиликтүү улантып келүүдө. Жакында Ташкенттеги ооган элчилигинин имараты талиб өкмөтүнө өткөрүлүп берилип, Маулави Магфурулла Шахаб Өзбекстанда ооган өкмөтүнүн элчисинин милдетин аткарууда. Былтыр жыл соңунда Казакстандын бийлиги “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарган. Казак өкмөтү да мурунку ооган өкмөтүнүн Астанадагы элчилигин талиб дипломаттарына өткөрүп берери кабарланган. Ал эми, Кыргызстан жакында эле ооган өкмөтүнө гуманитардык жардам жөнөттү.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн Талибан менен диалогду жандантып, гуманитардык жардам берүүсү бир тараптан Батыштын Ооганстанды өз көзөмөлүнө алуу аракеттеринен болуп эсептелет. Ошол себептен да региондогу өлкөлөр –Тажикстандан башкасы – Афганистан менен жакшы кошуначылык мамиле орнотууга т.а. бийликке келген Талибан кыймылы менен жакшы мамиле орнотууда. Ал эми, темир жол жана “CASA” сыяктуу энергетикалык долбоорлор аркылуу Батыш Борбор Азия жана Ооганстандагы табигый байлыктарды ташып кетүүнү көксөп жатат. Бул колонизаторлор Ооганстандагы туруксуздук себептүү бул кызыкчылыгына ондогон жылдар бою жетише алышпады. Маселен, Ооганстанда литийдин запасы эле 3 триллион долларга жетери аныкталган. Литий алгач медицина тармагында колдонулуп келген. Учурда негизинен телефон, компьютер, станцияларды орнотуу, GPS системалары, учкучсуз учактар, алыстан башкарылуучу куралдар, спутниктер, электромобилдер, батареялар сыяктуу технология тармагында колдонулат. Технологиянын өнүгүшү жана кеңири колдонулушу менен литийдин мааниси жана аны керектөө күн санап өсүп жатат.

Бул кен байлыктарды ташып кетүү инвестиция, кызматташтык чүмбөттөрү астында жүргүзүлөт. Буга кошумча, Батышты Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдары, чалкып жаткан газ жана мунай запастарын Ооганстан аркылуу ташып кетүү да кызыктырат.

Түпкүлүгүндө, бул каапыр колонизаторлорду Ооганстандагы калктын абалы же кимдин башкаруусу маанилүү эмес. Алар үчүн маанилүүсү, аймактагы байлыктарды ар кандай басым жана шылтоолор менен ээлеп алуу жана ташып кетүү. Алардын диалог, саммит жана жыйындардагы көксөгөн максаты ушул мүдөөсүн орундатууга жол салуу болуп эсептелет. Андыктан, биз мусулмандар аталган державалардын ыплас аракеттерине шерик болуудан, аларга кызмат кылуудан этият болушубуз шарт. О.э Ооганстандагы кайраттуу мусулмандар бул колонизаторлордун аскерий жол менен жетише албаган жеңишине саясий жактан жол ачып коюудан этият болушу зарыл. Бул колонизаторлорго каршы туруунун натыйжалуу жолу болсо аймакта Халифалык мамлекетин тикелөө болуп эсептелет!

Мумтаз Маверанахрий

6 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here