Кыргызстанга 20 миң дозадан ашык вакцина жеткирилди
Республикалык иммунопрофилактика борборуна COVID-19 вирусуна каршы Pfizer-BioNTech вакцинасынын 20 160 дозасы алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Кабарда айтылышынча, вакцина өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX мекемесеи берген вакцина ЮНИСЕФтин колдоосу менен жеткирилген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо, медицина жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева өлкөдө коронавируска байланышкан кырдаал туруктуу экенин, бул вакциналар оорунун тобокелдиктерин азайта турганын айткан. Pfizer-BioNTech вакцинасы алты айлык жана андан жогорку жаштагы бардык адамдар үчүн коопсуз, натыйжалуу эсептелет. Кыргызстан 2021-жылдын мартынан 2023-жылдын декабрына чейин 6 миллион 889 миң 780 доза вакцина алган. Анын 2 миллион 780 миң 200 дозасы гуманитардык жардам катары алынган.
Комментарий: АКШнын «Pfizer» фармацевтикалык компаниясынын директору Жанин Смолл 2022-жылы вакцинасын базарга чыгарып жаткан учурда, бул вакцина коронавирустун алдын алышы боюнча сыноодон өтпөгөнүн моюнга алган. (Бул тууралуу «RT Arabic» веб-сайтынын 2022-жыл, 12-октябрдагы кабарында айтылган). Бүгүнкү күндө да Кыргызстанга жеткирилген вакциналар оорунун алдын алары анык эмес. Себеби, Кыргызстан өкмөтүнүн чет өлкөдөн келген вакциналарды текшерүүгө укугу жок. Текшерип көрмөкчү болгон күндө да, Кыргызстанда андай лабораториялар жок. Ушундай болгон соң, бүгүнкү вакциналар ден соолукка кооптуу эместигине эмненин негизинде ишенебиз?! Мындан тышкары, 2021-жылы Ала-Бука районунда вакцина алган 90дон ашык аскер кызматкеринин 58и ооруканага түшүп калганын жана Кыргызстанда бир нече адам эмдөөдөн кийин каза болуп калганын унута элекпиз.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө фармацевтика тармагы байлыкты көбөйтүүнүн эң ыңгайлуу жолуна айланып калганы жашыруун сыр эмес. Капиталисттик компаниялар үчүн адамдардын саламаттыгы маанилүү эмес, алар үчүн эң маанилүүсү ири өлчөмдөгү кирешеге ээ болуу. Мисалы, “The People’s Vaccine Alliance” кыймылынын отчётунда келишинче, коронавируска каршы вакцина чыгарган фармацевтикалык компаниялардын кирешеси себептүү дүйнөдө жаңы 9 миллиардер пайда болгон.
Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдоп жаткан колонизатор мамлекеттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылып жаткан өкмөттөрдүн аракеттеринен этият болушубуз керек. Башка тармактарда болгону сыяктуу эле, саламаттыкты сактоо тармагында да Исламга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушта колдонууга аракет кылышыбыз керек. Себеби, Исламда Саламаттыкты сактоо тармагы кирешени эмес, адамдардын саламаттыгын көздөгөнү себептүү, Халифалык мамлекети ар кандай жаңы дары-дармек жана вакцинаны өз калкына сунуштагандан мурда анын коопсуздугун текшерип чыгат. Мына ошондо гана элдердин саламаттыгы туура көрүнүштө сакталышы мүмкүн.
Абдурахман Адилов